МИЛИЦИЯНЫН ТИНТҮҮЧҮ ИТТЕРИ КАНТИП ҮЙРӨТҮЛӨТ?

Милицияда атайын үйрөтүлгөн иттер - ишенимдүү жардамчы. Кылмышкерлердин изин кууйт, баштыктарга же автоунаага жашырылган баңгизат, ок, курал-жарак жана башкаларды таап чыгышат. Ири митингдерде коомдук коопсуздукту сактоого салым кошушат. Андай иттерди ИИМдин Кинология борбору үйрөтүп, даярдашат. Аталган борбордун Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кинология бөлүмүнүн улук инспектор-тескөөчүсү Эрлан Искембаев ит үйрөтүү сырларын айтып берди.

– Кинология борбору канча жылдан бери иштеп жатат?

– Кинолог – итти үйрөтүүчү адам. Ички иштер министрлигинин Кинология борбору 1971-жылы негизделген. Анда кинологдорду окутуп-үйрөтүүчү база, ит питомниги бар. Милициянын ит менен кайгуулга чыгуучу кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери өлкөбүздүн бардык аймактарынан келип 3-6 ай окуп кетишет.

– Борбордо иттер 4 багытта үйрөтүлөт дейт. Ушул 4 багыт, алардын айырмачылыктары тууралуу айтып берсеңиз?

– Төмөнкү багыттар боюнча үйрөтүлөт: Биринчи – баңгизаттарды издөө багытындагы иттер. Иттер психотроптук заттарды жана баңгизаттарды (апийим, марихуана, морфин, кокаин, героин жана башка) табууга үйрөтүлөт.

Экинчиси – издөө-иликтөө багытындагы иттер. Кылмыш болгон жерде калган из, буюм же жыт боюнча кылмышкерлерди издешет.

Үчүнчүсү – жарылуучу заттар жана ок-дары, курал-жарак издөө багытындагы иттер.

Төртүнчүсү – кайгуул-күзөт кызматы багытындагы иттер. Буларды массалык мушташ, массалык баш-аламандыктарда (митинг, пикет) алып чыгышат. Иттер коомдук коопсуздукту сактоого катышат.

Ар бир кинолог өзүнө бөлүнгөн 1-2 итти гана машыктырууга укуктуу. Ар бир иттин “өздүк делосу” болот.

– Үйрөтүлүүчү иттерди кайдан табасыңар?

– Ит сүйүүчүлөрдүн клубдарынан алабыз. БУУнун донорлору аркылуу чет өлкөлөрдөн да алып келебиз. Көбүнчө немис жана бельгия овчаркаларын алабыз. Анткени алар акылдуураак келип, үйрөтүү жеңилирээк. 7-12 айлык иттерди тандайбыз. Бул курактагы иттер үйрөтүүгө бат көнүшөт.

– Мисалы, кандай критерийлер менен тандап аласыздар?

– Тандоодо петарданы жардырып, ок чыгарып көрөбүз. Себеби кылмышкерди кармоодо же массалык баш аламандыкта атышуу, жарылуу болуп кетсе, ит ага көңүл бурбашы, коркпошу, жалтанбашы, качпашы керек. Ушул критерийлерге жооп берсе, анан ветеринардык врач текшерет. Саламаттыгы жакшы болсо үйрөтүүгө алынат.

– Үйрөтүүдө кандай ыкмаларды колдоносуңар?

– 4 ыкма колдонулат. Алар: тамак, күч колдонуу, контрасттык жана көрсөтүп тууратуу менен үйрөтүү ыкмалары. Биз, мисалы, контрасттык ыкманы колдонобуз. Буга күч колдонуу жана тамак менен үйрөтүү ыкмалары кирет. Башкача айтканда, күч колдонобуз, кайра тамак берип, алдайбыз. Күч колдонуу деген шарттуу мааниде, биз урбайбыз. Болгону башында “отур!” деген команданы укпаса, башынан ылдый басып отургузабыз. “Тур!” дегенде турбаса жибинен тартып тургузабыз. Контрастык ыкмада ит коркок, жалтанчаак болбойт.

Эң көп колдонулуучу “отур!”, “жат!”, “тур!”, “ордуңа бар!”, “жанымда жүр!” сыяктуу командаларды аткарууга үйрөтүүгө, бийиктиктен секиртип, атайын туннель жана аркалардан өткөртүп, тепкичтерден чыгартып жана түшүрүп үйрөтүүгө 1-1,5 ай кетет. Буларды үйрөткөн соң “зачёт” тапшырабыз. Иттерди атайын тесттерден өткөрүп беребиз. Анан үйрөтүүнүн кийинки этаптарына өтөбүз.

Итти толук үйрөтүү анын психикасына, жөндөмүнө жараша 3, 6 айга же 1 жылга чейин созулат.

Иттерди үйрөтүүдө апортировкалык каражаттар (оюнчуктар) да колдонулат. Алар желим сөөк, таякча, топ жана башкалар. Жаңы үйрөтүп баштаганда аларды чачканыбызда ит өзүнө жакканын тандайт. Ошол каражат дайыма пайдаланылат. Мисалы, баңгизатты табууга үйрөтүүдө иттин тобун баңгизаттын жыты менен жыттантып, баштыкка катып коёбуз. Жанына чемодан, жашик, түйүнчөк сыяктуулар ташталат. Алардын бирине баңгизат катылат. Ит алардын арасынан оюнчугун издеп жүрүп, баңгизатты да таап чыгат. Адамга жүктөрдү тинтип чыгууга көп убакыт керектелсе, итке жыт менен таап чыгууга бир нече секунд эле жетет.

Итти издегенин тапкандан кийин ошол жерди тытмалабай, отурууга же жатууга көндүрөбүз. Анткени окуя болгон жерге барганда бирөөлөрдүн буюмун же башкасын тытмалап зыян келтирбеши зарыл. Ит отурган же жаткандан кийин аны мактоо, ишин баалоо катары ошол жерге оюнчугун таштайбыз. Аны тиштеп ырахат алат.

– Иттер мүнөзү боюнча кандай айырмачылыктарга ээ болушат?

– Алардын мүнөздөрү деле адамдардыкы сыяктуу бөлүнөт: Холерик – булар агрессивдүү, энергиялуу, өтө кыймылдуу келишет. Оңою менен чарчашпайт. Кайгуул-күзөт кызматы багытында үйрөтсө болот. Сангвиник – токтоо, шамдагай, нерв системи күчтүү иттер. 6-7 айда кайсы багытта болсо да үйрөтүүгө мүмкүн. Меланхолик – нерв системи алсыз, жалкоо, коркок анан жалтанчаак болушат. Булар кызматтык ит болуп жарытпайт. Флегматик – нерв системи күчтүү, токтоо, болгону жайыраак кыймылдашат. Кайсы багытта болсо да үйрөтүүгө мүмкүн.

– Жумушуңузда иттин жардамын пайдаланууга байланышкан кандайдыр бир эрежелер барбы?

– Кылмыш болгон жерге кинолог ити менен баргыча милиция кызматкерлери, үй ээлери ал жерден оолак турушу керек (эгер адамга тез жардам көрсөтүү зарыл болбосо). Анткени кылмышкердин жыты менен изи башкалардын жыты, изи менен аралашып, табуу кыйын болуп калат. Өзгөчө жай мезгилинде. Анткени абада чөптөрдүн, асфальттын жыты да болот.

Бир жолу түн жарымында чакыруу түштү. Кызыл-Аскер аймагында май куючу жайдан кассирди коркутуп, кассадагы акчаны алып кетиптир. Кылмыш болгон жерден кол кап табылды. Анын жытын итке жыттатып коё берсем, ит жыт менен жарым чакырымдай барды. Анан жол боюна отуруп калды. Демек жыт ошол жерден жоголгон. Жакын жердеги видеокамераларга ошол жерден бир аз убакыт мурун бир эркектин унаага түшүп кеткени тартылып калыптыр. Ошол илинчектин артынан кылмышкер табылган.

– Жакшы. Иттердин тамактануулары кандай болот?

– Тамак бышырып берүүчү 2 ашпоз бар. Эртең менен жана кечинде тамак берилет. Этти, арпанын акшагын өз-өзүнчө бышырып, анан аралаштырып беришет. Ар бирине 350-400 граммдан бөлүнөт. Кургак, даяр азыктар тынбай берилип турат. Күн сууктап баштагандан тарта иттер алсыз болуп жана ооруп калбашы үчүн рациондоруна капуста, сабиз, картошка, ашкабак сыяктуулар кошулат.

– Үйрөтүлгөн иттер сиздерге канча жыл кызмат кылып беришет?

– Орточо 6-8 жыл кызмат кылгандан кийин пенсияга чыгарылат. Үйрөткөн кинолог аларды үйүнө алып кетет же биздин борбордо жашай беришет. Негизи чогуу иштешип жүрүп ит менен кинолог бир туугандай, ата-баладай же кесиптештей эле болуп калат. Мен Сакура, Альфа деген овчаркаларымды жакшы көрөм. Мөнөздөрү токтоо, шамдагай, командасыз ашыкча нерсе кылып жибербейт.

– Рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан