Атактуумун деп бой көтөрбөйт, жөнөкөйлүк деген жакшы сапаттын ээси. Айтылуу “Биз” тобунун лидери Бактияр Токторов агабыз бул жолу балдар узаткан суроолорго жооп берди.
Нурел Кубанычбеков, 9 жашта:
– Мен сиздин ырыңызды эле билет экенмин, Тиктоктон уккам, сизди тааныбайм, сиз ким болосуз?
– Рахмат, менин ырларымды угуп жүргөн болсоң жакшы. Тиктоктон ошентип чыгарып турушат. Мен Бактияр Токторов болом.
– Эмне үчүн сиздин ырларыңызды башка улуттун өкүлдөрү ырдап жатат? Кантип таанылдыңыз?
– Биз деле башка улуттун ырларын ырдап жүргөнбүз да, жакса ырдай беребиз. Мен деле 35 жылдан бери чыгармачыл чөйрөдө эмгектенип келатам. Дыйкандар дагы эгин эгип эмгектенет го, ырчылыкта да ошондой эмгек кылып жүрүп бир ырың менен таанылып каласың.
Акмөөр Сүймөнкул кызы, 12 жашта:
– Алиппе майрамында кайсы тамга болгонуңуз эсиңиздеби?
– Алиппе майрамында мен “Б” тамгасы болгонум эсимде.
– Кайсы музыкалык аспаптарда ойной аласыз?
– Гитарада ойнойм. Кыякта, аккордеондо бир аз ойноп коём.
Алина Нуралиева, 11 жашта:
– Эң алгачкы окуган адабий китебиңиз эсиңиздеби?
– Эң алгачкы окуган адабий китебим – “Кыргыз эл жомоктору”.
– Ырчы болуп кандай ийгиликке жеттиңиз?
– Негизи менин ийгиликтеримдин баары эле ырчылыктан. Мурда ырчылыкты хобби дечү элем, азыр ырчылык менин жумушум.
Нурэл Эрнистбеков, 9 жашта:
– Кичине кезиңизде эмнени кыялданчу элеңиз?
– Кичинекей кезимде сүрөтчү болом деп, сүрөтчүлүккө катуу кызыкчу элем.
– Сыйкырдуу таякчаңыз болсо кайсы үч нерсеңизди өзгөртөт элеңиз?
– Сыйкырдуу таякчам менде азыр бар, мурда да болгон. Ал менин – максатым, оюм жана аракетим. Ушул нерселер менен жакшы аракет кыла берсең, каалаганыңды жакшы жакка өзгөртө аласың. Силер да өзгөртсөңөр болот.
Асылай Келгенбаева, 12 жашта:
– Канча жашыңызда ырчы болоруңузду билгенсиз?
– Кичинемде ырдаганды жакшы көрчүмүн. Ырчы болорумду чоңойгондо билдим.
– Ырдап жатып үнүңүздү бузуп алган учур болду беле?
– Ооба, ырдап жатып эмес, бирок ырдап жүрүп суук тийгизип алып үнүм бүтүп калган учурлар болуп калат. Мен үчүн эң кыйын абал ошол менин үнүм бүтүп калган учур. Себеби мен дайым жандуу ырдайм, тамак ооруп калганда кыйналам.
Малика Түгөлбай кызы, 8 жашта:
– Балдарыңыз тууралуу айтып бериңизчи, алар да ырдайбы? Аларды ырдаткыңыз келеби?
– 5 кызым, бир уулум бар. Эми анча деле жан үрөп ырчы болоюн дегени жок.
Анча кызыгышпайт азырынча. Ырдаса, мейли, ырдай беришсин, эркиндик берем.
Умарбек Сабжалбеков, 9 жашта:
– “Буй-буй” дебей, ырдын атын өзгөртүш керек болсо кандай атамаксыз?
– Ырдын аты “Буй-буй” эмес, анын аталышы “Ыза”. Кайырмасындагы “буй-буй” деген сөздөн улам эл ошентип атап калган.
– Эмнеге титиреп бийлейсиз?
– Титиреген деле жокмун (күлүп). Ичиңден үн чыкса эмоция бериш керек, кызыктуу, көрүмдүү, угумдуу болот. Анан ырдаганда үндүн чыгышына дененин кыймылы дагы кадыресе жардам берет.
Тагай Кылычбеков, 9 жашта:
– Ырчы болбосоңуз, ким болот элеңиз?
– Билбейм, элчилеп эле бир башка жумушка иштесем керек. Күчтүү бизнесмен болсом керек деп ойлоп калам. Себеби Союз тараган маалда шаарда элем, балким, депутат болуп кетмекмин.
– Тойлордо сизди туурап ырдап, бийлешет го, аларды көргөндө кандай кабыл аласыз?
– Мени туурап ырдагандарды көргөндө жакшы кабыл алам, кичине болсо да көңүлдөрү ачылып калганын көрүп сүйүнөм.
Асия Саттарова, 10 жашта:
– Унаа оңго бурулганда кайсы дөңгөлөгү айланбайт?
– Сол дөңгөлөгү айланбайт.
– Кайсы жаныбарды жакшы көрөсүз?
– Бардык жаныбарларды жакшы көрөм, албетте, шарт болсо, мышык, күчүк, тоок сыяктуу үй жаныбарларын бакмакмын.
Мелис Саиткулов, 12 жашта:
– Адамдын кайсы органы 80 градус ысыкка чыдайт?
– Адамдын оозу, чай, шорпо ичип жатпайбызбы.
– Менин атамдын баласы, ал агам да эмес, иним да эмес. Ал ким?
– Ал өзүң.
Элхан Айдаралиев, 10 жашта:
– Неге “Буй-буй”? Булбул деп ырдабайсызбы?
– Буй-буй деген ыйдын бир белгиси да. Булбул деп ырдаса да болот, бирок бул жерге булбул туура келбей калат.
– Боюңуз канча сантиметр?
– Бой 1,75. Азыр жашым өтүп, кичине чөгүп кетсем керек.
Гулийпа Маметосмон кызы