Азамат Уланов, актёр: “ҮЙЛӨНГҮМ КЕЛИП ЖҮРӨТ, БИРОК КЫЗ ЖОК”

Талантында сөз жок... Кичинесинен тасмаларда роль жаратып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. “Апамды издеп”, “Напарники” жана башка фильмдерден улам жакшы тааныйсыз. Каарманыбыз – жаш актёр Азамат Уланов.

– Азамат, кандайсыз? Жеке баракчаңызга ооруканада жүргөнүңүздү жарыялап жатасыз. Ден соолук жакшыбы?

– Жакшы, рахмат. Унаамды жакшыртып, тюнинг кылганда бүт панелди чечип, кара булгаарыга боёттургам. Ичинде руль эле калган, кондиционер жок же айнек ача албайсың. Ошондой күндөрү аябай тердеп, жел өткөрүп алыптырмын ичиме. Башым да ооруп, кусуп, 2-3 күн катуу кыйналдым. Энтеровирус дегенди жуктуруп алыпмын, айыга албай 3 жумадай жүрдүм. Эми сасык тумоо кармады. Жалпы анализ тапшырып коёюн деп ооруканада жүрөм.

– Оорубаңыз. Тасмалардан көп көрүнбөй, кайра чыга баштадыңыз. Тыныгуу алдыңызбы?

– 3 жылдан бери англис тилинде анимацияык мультфильмдерди тарткан Ютуб каналда иштечүмүн. Ошондуктан кинодо чоң тыныгуу болуп калды. Бир күнү үйдөгүлөр, досторум “кастингдерге барсаңчы” деп калышты. Жолуккан жерден тааныштар да “сагындык сени, фильмге тартылбайсыңбы” дей башташты. Анан ойлонуп, киного кайттым. Быйыл “Каникулы”, “Кошбой” фильмдерине тартылдым. Бир студияга сценарист болуп жумушка кирдим.

– “Бакыт байке менен Жеңиш байке тыныгуу алып, киного тартылбай коё тур деди” дегениңизден улам, көпчүлүк муну атаандаштык деп кабыл алышты эле...

– Негизи эл бир нерсени түптүз кабыл алып алат да. Жеңиш, Бакыт байкелер мени 10 жашымдан тарта тарбиялап өстүрдү. Анын үстүнө 30 жаштагы мырзалар 17 жаштагы балага ушундайды кааламак беле? Алар мага чын жүрөктөн, тажрыйбасы бар адам катары кеңеш айтышкан. Чынында, ошол кезде Бишкекте аябай көп болуп кеткем да. Ары карасаң баннерлерде, “Апамды издеп...”, бери карасаң сэндвичтер, медиа порталдарда интервьюларым... Бир жылда үч фильмге тартылдым. Бул жакшы, албетте. Бирок эл деле тажайт экен да. Ошондо Бакыт байкем менен Жеңиш байкем “Азамат, бир аз тыныгуу кармап тур, жок дегенде 1 жыл, анан эл кичине сагынганда кайра чык” дешти. Ошол сөзүм айтылган интервьюдагы комментарийлерди мен да окугам, ашыкча эле “жеп” кетишиптир.

– 11 жашыңызда чыгармачылыкка аралашыпсыз. Ошондогу Азаматтан азыркы Азаматтын эмнеси өзгөрдү?

– Балким, актёрдук чеберчилигим бир аз жакшырды, убакыттын өтүшү, тажрыйба дегендей. А максатым ошол эле. Балким, ой жүгүртүүм, жашоого көз карашым өзгөргөндүр. Эми андан бери чоңойдум да. Башка эч нерсе деле өзгөргөн жок.

– Кандай максат эле?

– Эң биринчи Сүйүн Откеевдин “Сен эмне кылмаксың?” деген тасмасында эпизоддук ролго тартылганда колума 500 сом карматкан. Аны үйгө келип апама берсем апамдын көзү жашылданып, атам да “азаматсың” деп сыймыктанганын көрүп өзүмө мотивация алгам. Ошондо “ар дайым эмгек менен ата-энемди кубандырып, жыргатам” деген максат койгом. Мен үчүн бул цементтей бекем нерсе, бул максат өзгөрбөйт.

– Казакстандан алган гонорарыңыз менен Кыргызстандан алган гонорарыңызды салыштырсак?..

– Казакстандын бир фильмине экинчи пландагы актёр катары тартылгам, тасманын 50 пайызында бармын. Ошол тасма үчүн алган гонорарымдай сумма алыш үчүн Кыргызстанда 9 чакты тасмага тартылдым окшойт. Демек, Казакстанда кино тармагы өнүккөн.

Кыргызстанда такыр өнүккөн эмес. Актёрду баалабайт эч ким, бул көрүнүштү эми-эми сындырып, туура жолго буруп жаткан Эмил Эсеналиев байке. Бир чети буга өзүбүз да күнөөлүүбүз. Актёрлор акчага көз карандыбыз, эми жашоо ушундай экен да, акча керек, үй-бүлөнү багыш керек. Анын үстүнө бизде кыргызчылык аябай күчтүү да. “Азаке, жардам берип койчу, демөөрчү жагынан кыйналып жатам, тиги-бу...” дешет. Таң каласың. Ага карабай макул дейсиң. Анткени жок деп койсоң, сен тартылбасаң башка бирөө тартыла берет. Бул деле эми эмгек да, жок, кыргызчылыкка такап эле, “инимсиң го, биздин деле жардамыбыз тиет” депчи. Ушул нерсе биздин кинематографияда азыркыга чейин бар.

– Тартылып, кайра өкүнүп калган ролуңуз барбы?

– Бар. Анда башкы ролго “Рэкетир-2де” тартылган казак актёру тартылган. Ал кезде КВНде “Камызяки” деген команда белгилүү болчу, андан да 2-3 актёр келет десе, мен “оо, “Рэкетир”, “Камызяки” деп эле толкунданып, сценарийди окубай эле барып алгам. Эпизоддук роль болчу. Ошол ролду азыр көрсөм да жаман боло берем.

– Айпери Чотонова экөөңүздөр вайн тартып, чогуу жүрөсүздөр. Силерди чыгармачылык эле байланыштырабы?

– Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле тууган катары. 2011-жылдан бери таанышпыз, ал кезде мен 11де, ал 14тө болчу, ошол кезден бери эле чогуу Казакстанга, Москвага барып, айтор, экөөбүз көп нерсени чогуу көрүп койгонбуз. Поездде өлөйүн деген бир койкада чогуу жаткан учурларыбыз болгон. Ал менин эжем, мен анын иниси катары өсүп калдык. Бири-бирибизге сырыбызды айтып турабыз, анын жигити бар, менин өзүмдүн жашоом бар.

– Кыз менен жигиттин ортосундагы достукка ишенесизби?

– Биз, балким, башында дос болсок керек, андан кийин тууганчылыкка өтүп кеткенбиз. Бирок мен кыз менен жигиттин ортосундагы достукка ишенбейм.

– Сүйлөшкөн кызыңыз бар...

– Бар?

– 2 жыл мурунку бир маегиңизде айткансыз...

– Аа, ооба. Сүйлөшпөй калганыма 1 жарым жыл болду. Азырынча жок, бирок күндөн-күнгө үйлөнүүгө каалоом күч. Акыркы жарым жылдан бери абдан үйлөнгүм келип жүрөт. Бирок тилекке каршы, кыз жок.

– Болочоктогу жубайыңыз кандай болушу керек?

– Эми бир аз сулуу болушу керек. Сөзсүз ыймандуу, мусулман кыз болушу зарыл. Ата-энемди сыйласа... Анан мүнөзүнүн кереги жок, мээ жей турган болсо макул, жесин. Бирок мага колдоо көрсөтүшү керек. Чыгармачыл адамдарга бул абдан зарыл нерсе. Азыр апам колдоо көрсөтүп жатабы, бир күн эле колдоо көрсөтпөй койсо мен артка кетем. Ошон үчүн колдоо аябай маанилүү.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан