КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Мени эмне кылышмак эле артымдан аңдып. Акчаны алышты, эми алыс кетиштин камында болушат да. Эми туура Москвага кетишим керек. Түшкө калбай учуп кетсем керек. Барып эле Бишкектен машина алам. Таксилерди карап, бир өзбек эле деп койдум, бала турган экен, ошого барып отурдум.

– Москвага,- десем мени таң калып үстү-башымды бир карап койду.

– Москвага кымбат болуп калат, электричкада эле кеткениң жакшы го.

– Шашылыш, самолётко кечигип жатам. Билет күйүп кетет.

– Аа, анда макул. Миң сом, аэропортко десең эки миң сом болот.

– Айда, кеттик, тез жеткизсең беш жүз дагы кошом.

– Болот, кеттик. Жакшы эле ушул өзбекке отурган экенмин, жолдо "пробка" дедиби, майда-чүйдө көчөлөр менен айдап жөнөдү. Радиодон орусча 80-жылкы атактуу ырлар болуп жатыптыр, көзүмдү жумуп алып угуп кете бердим. Он мүнөт болуп калган, токойду бойлоп кеткен жол менен баратканбыз, радиодон Алёна Апина "Узелки" деген ырын ырдап жаткан, мага жакчу, мен да ичимден кошо ырдап жаткам, кокусунан эле ыр толук бүтпөй ортосунан эле өчүп: – Шашылыш кабар, адам өлтүрүүгө шектелген адам качты! Азыр Мытищинин ичинде эле болсо керек,- деп мени сүрөттөп, аты-жөнүмдү толук айтып, азыркы кийинген кийимимди толук айтып, кимде-ким көрүп калса полицияга чалгыла,- деп кайра-кайра айта баштады. Жүрөгүм "шуу" деп, ичим муздап чыкты. Таксист мени артты көрсөткөн күзгүдөн карап, көзүмдөн эле түшүндү, машинаны дароо жолдун чекесине токтотту:

– Сени эле айтып жатышат, билбейм эмне болгонун, мүмкүн чындап эле өлтүргөндүрсүң, ал менин ишим эмес. Сага кылган жардамым болсун, ушул жерден түшүп кал да, токойду аралап кирип кет. Сен жөнүндө эч кимге эч нерсе айтпайм. Эгер мага отурганыңды билип калышса шаардын башка жагын айтып, ошол жакта түшүп калган деп коём. Сүйүнүп кеттим, акча сунсам албай койду:

– Өзүң минтип жүрсөң акчаны кантип алам. Кереги жок, эптеп кутулуп кетсең болду. Бул жерлерде адам көп деле боло бербейт, аркы башында суу сактагыч бар, бою бүт эле яхт-клубдар, пляждар, ошол жакка барбасаң эле болгону. Бардачогунан эки навай нан, жарымы тиштелип желген чоң колбаса, бир аз сыр бар экен, баарын бир пакетке салып колума карматты. Дароо чуркап токойго кирип кеттим. Таксист машинасын буруп шаарга кетти. Токойго, бул жагына адам көп деле келе бербейт окшойт, таштанды, адам отурганда калчу издер көрүнбөйт. Оюма эч нерсе келбей, токойду аралап көпкө чейин кете бердим.

Энеңдурайындар, сатыптыр да мени, Мытищинин полициясына кармап беришсе менин кутулуп кете албашымды жакшы түшүнүшөт да. Аселдин, энеңдурайын Кобра, тааныштары кармаса камап жок кылышат. Эми каякка барам, эмне кылам? Адамдар баары эле угат, сүрөтүмдү көрүшөт, айтор, айлам кетти. Калың, бийик өскөн чөптөрдүн арасына кирип жатып алдым. Эми эмне кылам? Мындайда эң негизгиси өзүңдү жоготпошуң керек, алактап шашып ката кетирбешиң керек. Эч нерсени ойлонбоюн деп ичимден санай баштадым, он миңге чейин санап жата бердим. Эми ушул токойдон чыкпай кеминде бир жума бекинип, жан адамга көрүнбөй жатышым керек. Бир жумада менттер деле, адамдар деле мени Мытищиден чыгып кетти деп ойлоп калышат. Калганын көрө жатарбыз дагы. Бирок ачка кантип жата берем. Касыкенин токойдогу шашлык бышырып жеген үйүнө барам. Үйдө төшөнчү, бир аз кийимдер бар, алып токойдун адам барбаган жагына кирип кетсем болот. Ал жакта эс алгандар көп, шашлыктары, нан, мөмө-жемиштери калат, эптеп жашап турам. Түн кирери менен жөнөйм. Көңүлүм бир аз жайланышып, чөпкө жатып алдым. Милицияга колго түшкөндөн көрө керек болсо бир ай болсо да токойдон чыкпай жата берем. Эптеп жеңип чыгышым керек, жеңүүчүнү эч ким соттобойт.

Түн кирди, саат канча болгонун билбейм, бирок бир топ эле болуп калды. Ай чыккан жакты карап, яхт-клубдар каякта экенин боолголоп түшүндүм да, этият басып жөнөдүм. Бул жактан менттер мени көп деле издебесе керек мындай жети түндө. Акыры көлгө чыктым. Ай жарык болгондуктан түшүндүм, көлдүн аркы бетинен чыгыпмын. Эми көлдү бойлоп бара берсем биз Касыкелер болуп катер менен өткөн каналга сөзсүз туш болом. Бир сааттай бастым окшойт, каналга чыктым да, каналды бойлоп барып үйду таап алдым. Бир аз үйдү карап жаттым, тынч эле, эч нерсенин шеги билинбейт. Ким болмок эле үйдө, таң атып кете электе эртерээк кирип төшөнчүлөрдү алып, суу болсо керек, суу алам, жегенге бир нерсе таап алсам, кеминде эки күн эч жакка чыкпай бир жерге бекинип алып жата берем. Бул жакка келатып бир жерди көргөм, ошол жерге бекинем. Колумдагы таксист өзбек бала берген пакетке акчалардын баарын, документтерими салып, чоң дарактын түбүнө, чириген чөптөрдүн алдына бекитип, акырын жөрмөлөп үйдүн арт жагынан барып терезесинен ичин карайын десем, биринчи түшүнбөдүм, анан жетти башыма, терезени ичинен кара кездеме менен аябай жабышкан экен, бирок чекесинде бир жери кичине ачылып калыптыр. Светтин жарыгы чыгып турат. Дароо жерге жата калдым, демек, менттер мени күтүп отурушкан экен да, баары бир келет деп. Бирок ким билмек эле менин бул үйгө келгенимди. Виталич, Касыкенин досу ошондо эле кеткен Калининградына. Же свет өчүрүлбөй калды бекен. Ээ, кыскасы, турсам эле мени көрүп кармап алчудай болуп, ордумда он мүнөттөй кыймылдабай жата бердим. Терезелер бүт пластиктен болгондуктан ичинде мылтык атылса да сыртка угулбаса керек. Он мүнөттөй жаттым, мүмкүн үйдө эч ким жоктур, свет өчүрүлбөй калгандыр. Мындай ысыкта үйдүн ичи дем болуп кетет, эгер үйдө адам болсо сөзсүз терезени ачат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан