КҮНҮМДҮК ЖАШООДО КЕРЕКТҮҮ ЛАЙФХАКТАР

Банандын кабыгы тери бут кийимди жалтыратат

Ооба, кадимки көпчүлүк сүйүп жеген банандын кабыгы териден жасалган бут кийимдерди жалтыратып коёт. Анан да банандын кабыгын сүйкөгөндөн кийин бут кийимдеги майда чийиндер билинбей калат. Колдонуу шарты жөнөкөй эле, банандын мөмөсүн жыргап жеп аласыз да, кабыгын ички бети менен бут кийимге тегиз сүйкөп чыгасыз. Анан кургак чүпүрөк менен сүртүп коюңуз. Бул лайфхактын жаан-чачындуу күз мезгилинде көп эле кереги тиет.

Аспирин дезодоранттын тагын кетирет

Антиперспирант колдонгон адам сөзсүз бул маселеге кабылса керек. Дезодорантты колдонгондон кийимдин колтугу саргарып кала берет. Кадимки самын, кир жууган порошоктордун күчү жетпейт. Күчтүү химикаттарды колдоноюн десең кийимдин сапаты кетет. Бул учурда кадимки аспирин жардамга келерин унутпаңыз. 3-4 таблетка аспиринди упа түрүнө келтирип майдалаңыз. Ага ошончо көлөмдөгү суу кошуп аралаштырабыз, ботко түрүнө келиши керек. Даяр аралашманы кийимдин саргарган бөлүгүнө сүйкөп, 2 саатка коюп коюңуз. Анан кадимки кир жууган порошок менен жууп салсаңыз, тактан из калбай кетет.

Туздун пайдасы

Туз – тамак-аштын даамын эле чыгарбастан, тиричиликте да пайдасы көп азык болуп эсептелет. Сүлгүлөр көп колдонгондон, көп жуулгандан катуу болуп, урунганга жагымсыз болуп баратканда тузду колдонуңуз. Алгач сүлгүнү кадимкидей эле самын же айна менен жууш керек. Андан кийин 5 литр сууга 5 аш кашык тузду кошуп аралаштырабыз. Аралашмага сүлгүнү 5 мүнөткө салып коюңуз. Кайра таза сууга чайкап кургатып алабыз. Жумшак, жагымдуу сүлгү колубузда болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан