«ЭЛДЕШТИК» ДЕГЕН КАЛП БЕЛЕ?

Чыр дүйнө

Жолборс жылында, негизи, табигый кырсыктар, толкундоолор, көтөрүлүштөр көп болот экен. Мындай жылдын таасири 35 жыл былк этпей өзүнүн кадыр-баркын сактап келген “Кыз-Бурак” тобуна да тийип өттү. Топтун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова менен Кенже Дүйшееванын ортосуна жарака кетти. «Жаңы жыл алдында элдештик» дешкен, бирок таарынычтар жазылган эмес көрүнөт. Бул туурасында топтун алгачкы курамында ырдагандар жана топтун учурдагы администратору ойлорун ортого салышты.

“ТИРЕШКЕН БАЛА – БАЛА ЭМЕС, БАЛЭЭ”

Бааркан Матаева, топто 1976-1977-жылдары бас-гитарада ойногон.

– Эне-бала катары 16 жыл ынтымакта иштешип келип, анан эки жакка бурулган Садыбакасова менен Дүйшееванын ортосундагы пикир келишпестикти сиз кантип түшүндүңүз?
– Кыргызда илгертен бери келе жаткан ата салтыбыз бар. Өзүнөн улуу адамга каяша айтып, теңме-тең тирешкен баланы бала эмес, балээ деп айтат. Абдан уят иш болду. Болбогон нерселерди гезитке жазып, бул жагынан Кенженин жасаган кадамдарына нааразы болдум. Өмүр бою гезиттерге «энем, устатым» деп жүрүп, акырында мындай кылганы жарабайт да. Эже сүйлөсө жарашат, Кенже жаш болгондуктан, кызы катары деле унчукпай койсо болмок. «Ооруганда караганмын» дептир. Адам жүрөгүнөн бирөөгө жардам берсе, милдет кылбайт. Кенже деле ак-караны тааныган, жакшы-жаманды билгендей сезилчү эле мага.
Мусулманчылыкта да эненин башын аттаган абдан катуу. «Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч» дегендей, эне-бала болуп кайра табышышпаса, «Кыз-Буракка» доо кетет.

“КАЛПТЫ КАТЫРА СҮЙЛӨГӨНҮН КОЙБОДУ”

Жылдыз Алимова, «Кыз-Бурак» тобунун учурдагы администратору.

– Жылдыз, сиз азыр “Кыз-Бурак” тобунда иштеп жаткандыктан, топтун арыгын чабарыңыз белгилүү. Андыктан Кенже Дүйшееваны ак жеринен каралабайсызбы?
– Мен Кенже эжеге да, Гүлшайыр эжеге да тартпастан, элге чындыкты жеткирип, калыс сөзүмдү айткым келет. Себеби Гүлшайыр эже экөөнүн ортосунда болгон окуялардын бардыгына мен күбөмүн.
Менин «Кыз-Бурактын» жашоосуна аралашканыма быйыл 8 жыл болот. «Кыз-Бурак-2» даярдоо тобунун көзөмөлдөө иштерине аралашып жүрүп, өзүм мурда таанып-билбеген шоу-бизнестин түйшүгүнө сүңгүдүм. Гүлшайыр эжени да, Кенже эжени да аябай жакшы билген адам катары болуп жаткан жагымсыз окуяларга кош көңүл карап тура албайм.
Кенже эже иштеген жагынан эч кимди алдыга салдырбайт. Бирок мүнөзүндөгү оройлук, улуу-кичүү дебей көңүл калтыргандык, өзүмчүлдүк, өз кызыкчылыгы үчүн калпты катыра сүйлөгөнү дагы эле калбаптыр. 2009-жылдан тарта Кенже эженин мүнөзү кескин өзгөрдү. Гүлшайыр эженин айткандарын укпай, өзү каалагандай басып, каалагандай иштерди жасады.
“Кыз-Бурактын” кыздарынын бири турмушка чыккандан кийин, биздин үйдө трагедия башталчу. «Мен бактысызмын, мага күйөө буйруган эмес окшойт» деп мээбизди эзип таштачу. «Гүлшайыр эже ооруп жүргөндө караганмын, Сакуну чоңойттум, ырчы кылып бердим» дегени чындык. Буга салыштырмалуу Гүлшайыр эженин жасаган жакшылыктары 200 эсе ашып түшөрүн да эстен чыгарбаса жакшы болмок. Кенже деген атты кыргызга таанытты. Ал кылганды да, кылбаганды да «Кенже жасады» деп интервьюларды берди. Жок жерден аткаруучу директор деген кызматты таап даңазалады, көтөрдү, көкөлөттү. Атак-даңкка башы айланып, гезиттерге «топтун жетекчисимин» деп интервью бере баштады.
Апасы рак менен ооруп калып, көзүнөн жашы токтобой жатканда бир гана Гүлшайыр эже тынымсыз акча берип дарылатып, көңүлүн көтөрүп турду. Ата-энесинин көзү өткөндө «бир туугандарымдын колу жука» деп сустайганда тутам-тутам акча берип, абийирин жапкан. Иниси Орусиядан катуу ооруп келгенде да Гүлшайыр эже каралашкан.
Бир тууган инилери, эжелери, алардын уул-кыздары Муса, Азиз, Санат, Нарис, Аселдер Гүлшайыр эженин үйүндө 3-4 жылдап бекер жашап, тамагын ичишти.
«Асел Турдалиева келип үйүмдү көрүп кетиптир, уят болдум» деп ыйлаганда эже Мырзакедеги үйүнө барып, өзү долбоорун түзүп жаңылатып, 80 000 сомдон ашык акча сарптап евроремонт кылып бергенин унутуу уят го.
2010-жылы эки инисин үйлөндүрдү. «Бир туугандарым жардам бербей жатат» деп көзүнөн жашын агызганда Гүлшайыр эже колуна 1000 доллар акча карматкан. Кенже эженин кылган жакшылыктарына Гүлшайыр эже эки эселеп жооп берген.
«Менин тоюма сарпталган чыгым – «Кыз-Бурактын» 2-3 күндө таба турган акчасы» деп ооз көптүрүптүр. Калптын дагы, жалаанын дагы чеги болот. Тоюна кеткен 10 000 долларды гастролдоп жүрүп 3-4 жылда араң тапканбыз. Эгерде ал айткандай 10 000 долларды эки-үч күндө тапкан болсок, анда 3000-5000 долларлык клиптерди тарттырып, ар бир кызга 30 000-­40 000 сомдук концерттик костюмдарды тиктирип, 1000-2000 долларлык аранжировкаларды жаздырмакпыз да.
«Алматыга баратсам бата бербей койду» деп беш өрдөгүн учуруптур. Гүлшайыр эже 27-апрелде «Кыз-Бурагы» менен Москвага учуп кетсе, Кенже эже Алматыга 5-майда жөнөп жатса, анан кантип бата берет эле?! Кудалардын алдында, ЗАГСка чыкканда, ресторандагы тоюңда, тойдун эртеси «Сулайман» чайканасында бүт элдин алдында ак батасын бир эмес, бир нече жолу берген. Буга Кудай күбө! Эл күбө!
«Биз эч качан келишим менен иштеген эмеспиз, мен ага үй, машина алып бердим» деп жатыптыр. Кенже эженин «Кыз-Бурак» менен 2014-жылга чейин түзгөн келишиминин түп нускасы бизде сакталуу. Бул анын «Кыз-Бурак» менен түзгөн экинчи келишими.
Кенже эже «Кыз-Буракта» 10 жыл эмгектенсе, өз эмгек айлыгын кол коюу менен үзгүлтүксүз алып турган. Ал эми жөн эле берген акчаны айтпай эле коёюн. Соткасын болсо Гүлшайыр эже алып койбой эле, талкалап таштаган. Ага кайгырбаса деле болот, себеби ал сотканы эже өзү алып берген эле.
Кенже эже «канчык», «чочко», «көчөдө калган» деген сөздөр менен бардыгыбызды урушуп-тилдечү. Анан ушул сөздөрдү Айперинин оозу менен «Гүлшайыр эже ушинтип тилдечү эле» деп гезитке жаздырды. Гүлшайыр эже алар менен иштешпесе, гастролдоп жүрбөсө, 2-3 айда бир көрүшсө кайдан аларды урушат? Кенже эженин жогорудагыдай сөздөр менен урушканынын бизде видеосу бар.
«Айлап-жылдап гастролдоп жүрдүк, газдалган суу ичсек да отчётун берчүмүн» дейт. Ооба, отчётту мен алчу элем, акыркы жылдарда акча алып келбей эле, чыгаша жазылган кагазды тапшырып калган. Бир жолу сынайлы деп кассасынан 2000 сомду алып койдук. Баягы 2000 сомду издеген да жок. Тамак-ашка кошуп жазды да, отчётту тапшырды.
«Жогол, жогол!» деп урушту деп капа болуптур. Кайын журту алып келген калыңды жана Гүлшайыр эжеге эне сүтү деп берилчү 500 долларды, тойго түшкөн каражаттарды эжеге бербестигин айтканда анан «Кенже, сен бала эмес эле башыма түшкөн балээ болгон турбайсыңбы, жогол!» деп кыйкырган. Тойго камылга көрүлүп жатканда Гүлшайыр эже менен «кеткен чыгымдарды кошо төлөйм» деп сүйлөшкөнүнө мен күбө болгом. Ошондо Гүлшайыр эже көзүнө жаш алып, «мен адамды бактым десем, айбанды баккан турбаймынбы!» деп катуу ызаланды.
«Сеп албай, 2 сумка менен чыгып кеттим» деди. Кантип ушуну уялбай айтты?! Айжамал жашаган бөлмөдө жыйылып турган 20-30 жууркан-төшөгүн, килем, идиш-аяктарын чоң машинага биз жүктөп бергенбиз. Жууркан-төшөгү даяр болгондон кийин «мендей жетимге идиш-аяк берилмек беле» деп булкулдай бергенде Гүлшайыр эже колуна 1000 доллар карматкан.

“ГҮЛНАРА МЕНЕН АЙЖАМАЛ ДЕЛЕ БАСЫП КОЮШСА БОЛМОК”

Роза Шүкүралиева, «Кыз-Бурак» тобунда 1985-87-жылдары гитарада ойноп, ырдаган.

– Роза эже, айтсаңыз, Гүлшайыр эже «АГК» деген топ- тун түзүлүшүнө капа болууда. Кенже эже топтон кеткенден кийин, «Кыз-Бурак» деп чыкпагандан кийин, кандай топ ачса деле чектеген болбойт го дейм...
– Гүлшайыр эжеге айтпай «АГК» деген топ түзө калгандыгын мен деле жактырган жокмун. Топто Айжамал, Кенже, Гүлнара ырдап жатышса, эл «АГК» дебей эле «Кыз-Бурак» дей беришет да.
Кенже ишти баштоодо терең ойлонушу керек эле. Гүлнара менен Айжамалга да таң калдым, ортодогу чырды акыл менен басып коюшса болмок. Кенжени түзүк кыз деп жүрчүмүн, эмнеден улам эже менен тирешип жатат биле албадым.

Ачуу үстүндө эмне деген гана сөздөр айтылбайт. Эне-бала ортосундагы кайым айтышуу эски жылда калып, Жаңы жылда мурунку мамиле кайра калыбына келеринен шек санабайбыз. Анткени Гүлшайыр Садыбакасова да, Кенже Дүйшеева да акыл-эстүү, иш билги адамдардан.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
bapa
2011-02-02 18:46:58
Жылдыз Алимовага эмне жок анча болду туалетке канча жолуудан баргадарын деле айтса болмок.
0
meerime
2011-02-02 22:04:18
Choon ele adamdar emne ele jash balanykyndai akyldaryn korsotup jatyshat?Betme bet jolugup ushunun baaryn chachiship alyshpaiby..Superinfoda alardy koldop,emne reiting kotorolu dep jatasyzdarby?Jyldyz Alimova aitkan kashadagy uch sozdu jazbai ele koisonuzdar bolmok...uyat ele...Kyrgyzstandagy korunuktuu ele gazetasynar...
0
Mirlankg
2011-02-02 22:42:59
сасып кетиртир супер
0
АйАй
2011-02-03 00:46:08
"На войне все срадства хороши" дегендей Кенже эже тарапта жамандаса(окуган эмесмин статьяны) Гулшайыр эже да жамандаптыр да, а ортодо газетага польза. рейтинги))
Эми ушундай попытка менен Гулшайыр эже чего добивается? Эл Кенже эже менен го дейм.
0
Sara
2011-02-03 00:47:23
Administrator degeni jindi go. Emne ancha Kenje Duisheevany jamanga chygarganda Gulshaiyr Sadybakasovany sutton aktai kylyp aitkan. Men bilgenden kyz buraktan ktken kysdardyn birinin da kozgo korunoorluk echtekesi jok. Myndan keldi bolgon nerseninbaary Gulshaiyr ejenin chontoguni tushot. Bir gana esimde Aijamal Kabylovaga Audi 80 bele mashina alyp bardim degenin. Birok oshoncho kyzmat kylyp ozu aldy dese bolmok.
0
cosmopolit
2011-02-03 01:38:17
урматтуу "akusya" ж.алимова мага куйоо буйурбай калды деп озун айткан жок го...кенже ушинтип ыйлачу башка кыздар куйоого кетип атканда деп тушундум мен...ал эми куноо бир жактан эле эмес эки уч жактан кетсе керек...эмнеси болсо ар кимдин оз абийири....

0
jumamidin
2011-02-03 04:28:04
Emnesi bolso da Gulshayir ejege karshy soz aytuuga bolboit. 20 jyldan ashyk bir toptu karmap turush kyrgyzdyn keebir erkekterinin da kolunan kelbeit.
Kygryzdyn manja menen sanalgan syimygynyn birinin talkany chykty. Kachan kyrgyzda ustatinin jolun kesuu boldu ele.? Bir kunu ushul katasini tushunso adam tushunoor, tushunboso meeni charchatyshtyn keregi dele jok.
Emne oshol kyiynsyngan Aijamal menen Gulnaradan un chykpait? Ushular dele toktotup salsa bolot ele go. Jalpy elge munu jar
0
Pepe
2011-02-03 11:44:00
Бул жерде эки тараптан тен куноо кетиши мумкун. Бирок, кудай баардык адамдарга озуно тиешелуу бакытын берет. Мына, Кенже эжеге да уй-було бактысын ыйгарып койду. Ал эми мындай шоу- бизнестеги "ак-кара шоулор" боло берет. Мындан кимдир бироо озуно упай топтойт, бироо жоготот. Бирок, акыркы чекитинде баарыбир "Ак ийилет, бирок сынбайт!"
0
yiku
2011-02-03 15:44:44
Элге мындай создорду жар салуунун эмне кереги бар.Оздорунун абийирин оздору ачып. Эл алдындагы адамдарга бул уят иш.Бири-бирин жамандап жатат, муну туура коргон адам болгон жок болуш керек. Сакалдуу эле болуп калган Гулшайыр эже откондо Айпери Сыдыкова менен да ызылдашып чыкты эле.Аттуу, баштуу адам болгондон кийин мынча ДУН болбой эле озу чечсе болмок.Газета жок болсо кочого чуркап чыгып кыйкырышмак беле!!!
0
yiku
2011-02-03 15:46:36
Ортодо таарыныч боло калса эле газетага чуркап келишет, ар ким озун актап.
0
Aikala
2011-02-03 20:21:54
Кенженин кылганы туура эмес,Эженин эмгегин сыйлап унчукпай койсо болмок.
0
Heartbreaker
2011-02-03 20:48:17
Уят эмеспи ушинтип бироонун артынан жамандап атканынар,озунорду шерменде кылбагыла эжейлер!
0
Dilya85
2011-03-28 20:06:29
Мен кандай болсо дагы Кенже эже сиздин талантынызды,чыгармачылыгынызды баалайм.Сизге аялдык бакыт каалайм.
0
bakaika
2011-04-13 16:37:23
Кенжедей кызды эми таба албайт.
0
tentewka88
2016-10-22 08:38:10
Кенже берген интервюну канчанчы чыгарылышынан окусам болот
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан