БОЗ ҮЙДҮН ФИЛОСОФИЯСЫ: ЭМНЕ ҮЧҮН БОСОГО ЖАПЫЗ БОЛОТ?

Боз үй. Көчмөн калк үчүн табылгыс буюм. Элибиздин жашоо турмушун бир көргөндө чагылдыра турган, жүрөккө жакын мурасыбыз. Ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен боз үй учурда башка элдер тарабынан да жогору бааланып, кызыгуусун арттырып жатканын билебиз. Кыргыз менен кылымдар бою чогуу келаткан боз үйдүн философиясын дагы бир жолу эсиңиздерге салалы дедик. Материалды даярдоого агартуучу, изилдөөчү Гүлипа Жапарова көмөктөштү.

Түсү

– Эмнеге боз үй? Эмнеге жашыл же кызыл эмес, боз? Жашоону тең салмакта, гармонияда кармоону ата-бабаларыбыз илгери эле билген. Турмуш ак жана карадан турат. Ал эми ак менен кара түстү кошуп, жууруп көрсөңүз боз түс келип чыгат. Жашоодо ак менен караны, жаман менен жакшыны, байлык менен кедейликти тең салмакта кармоо максатында үйдүн түсүн боз кылышкан. Кыргыздын Башмыйзамында боз үйдүн философиясы бар. Азыркы тапта эмнеге мыйзамдар иштебей жатат? Анткени тең салмактуулук сакталбай жатат.

Түндүк

– Түндүктү көп учурда атага таандык деп айтышат. Бирок менимче, аялга тиешелүү. Түндүктү эркекке таандык дей турган болсок, анда эркекти үйгө байлап койгондой болуп калат экенбиз. Эркек негизи сырткы дүйнөнү башкара турган күчкө ээ. Жайыт чалып келүү, душмандардан коргоо, боз үйгө жайлуу жер издөө бул эркекке тиешелүү иш. Ал эми үй айымдарга тиешелүү. Түндүккө карай түтүн кетиши үчүн ортого коломто коюлат. Коломто болсо аялдын колунан чыга турган от дегенди билдирет. Демек – түндүк аялдын мээрими, касиети, жамандык-жакшылыктан коргой турган ички туюму. Жамгыр, кар жаап баштаганда түндүктү жабабыз. Ал эми күн ачык кезде ачабыз. Аял киши да үй-бүлөсүн ички сезими менен ушундай коргоп туруусу керек деген маани жатат.

Кереге

– Ылдый тарабынан алып чечмелеп баштайлы. Адатта ордун казып, керегени жакшылап тургузуп алабыз. Аталышын чечмелесек, “өйдөгө, эгеме карата кер же керил” дегенди билдирет. Кер+эгем. Көрдүңүзбү, атында эле канча нерсе жатат? Кереге – бул аялдар. Кыздар эмес, төрөгөн келиндер, аялдар, энелер. Байкасаңар, керегенин жыгачтары бири-бирине жардамдашып, ашташып, кучакташып турат. Бул ошол үйдөгү аял аттуунун баары бири-бирин ушундай кучактап, колдоп турушу керек деген кеп. Мисалы, кереге 12 канат болуп бөлүнөт. Ошол үй-бүлөдөгү 12 аял бири-бирин кубаттап, колдоп, кабыл алса кереге күчтүү. Эмнеге кереге күчтүү болуш керек экенин уукка келгенде чечмелейбиз.

Эмнеге тегерек? Бул аялдардын бири-бирине болгон чагылуусу. Келин менен кайын эненин, эже менен сиңдинин, эне менен кыздын бири-бирин кабыл алып, ынтымакта болушу. Кабыл албай койсо ошол үйдөн ырыскы, ынтымак качат. Керегени бекемдеп тургузуп тегерек жасап алдыкпы? Мына ошол тегерек нерсе – бул аалам. Аялдар ааламды жаратты дегенди билдирет. Керегенин ичиндеги ромбиктерге келсек, алдынкы бөлүгү энеликти түшүндүрөт, бул жаратуучу күч. Ал эми үстүнкү жагы аталыкты түшүндүрөт, ал каруу күч. Экөө бири-бирине айкалышып турганда гана ошол үйгө бакыт уялайт.

Уук

– Керегени тургузгандан кийин ар бир уукту байлап чыгабыз. Уук – бул уул. Кереге канчалык күчтүү болсо, ууктар да бекем турат. Ууктар түрдүү болот, кыскасы, жоону, түндүккө жетпей калганы, ашып кеткени. Бул – эне керегенин акылы тунук болсо, андан мыкты уулдар чыгат деген сөз. Бир канатка 10, 11, 12 уук туш келет. Демек, бир кереге эне 10, 11, 12 эркектин жашоосуна таасир бере алат деген сөз. Ал атасы, күйөөсү, иниси, агасы, уулдары, күйөө балдары болушу мүмкүн. Бир аял жок эле дегенде ошончо эркектин ички дүйнөсүнө, маанайына, кубанычына же кайгысына жооп берет деген кеп.

Босого

– Боз үйдүн босогосу адатта жапыз болот. Мунун философиясы – хан киреби, бек киреби ийилип, үйдөгү адамдарга урмат кылып кириши керек деген түшүнүк. Бул текеберликти жоготуу, адамдын эгосун басуу деген нерсе. “Мен бул үйдөгү адамдарга урматым менен кирдим” деген ишарат. Ийилбесең чекең босогонун кырына тиет.

Жыйынтыктап айтканда, боз үйдүн каркасында элибиздин философиясы, муундан муунга калтыра турган мурасы камтылган. Кийинки сандарда боз үйдүн ички түзүлүшү, бөлүнүшү тууралуу баяндайбыз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан