Улан Эсенакунов, актёр: “ШУМАНЫ ХОНДА ЭМЕС, МОСКВИЧКЕ ДЕЛЕ АЛМАШАМ”

Вайнер, актёр Улан Эсенакуновду маекке чакырдык. “16 кыздын арасында чоңойдум”,- дейт Улан мырза. Ата-эненин көптөн күткөн таланттуу уулу элге кантип таанылды? Чыгармачылык жолго ким ээрчитип келди? Жоопторду каарманыбыз өзү айтып берсин.

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрт-Күл айылы

Туулган жылы –1993-жыл, 16-июнь

Билими – жогорку. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында окуган

Бою – 167 сантиметр

Салмагы – 72 килограмм

Хоббиси – футбол ойноо

Фобиясы – бийиктик

Көп колдонгон сөзү – “койчу ай”

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы

– Улан, салам! Учурда эмне менен алексиз?

– Тамада болуп жүрөм, тойлордун мезгили башталды.

– Актёрдук жол кандай уланып жатат?

– Азырынча киного тартылбай элемин. Бул жылы тойлорго басым жасап, кийинки жылы өзүм продюсер катары кино тартсамбы деп пландап жатам.

– Кино чөйрөсү сизди эмнеси менен тартып алды?

– Мектепте окуп жүргөн кезде “Тамашоунун” премьер-лигасында ойногонбуз. Мектепти бүткөндөн кийин балдар чачырап кеттик. Мен окуп, андан тышкары, таксист болуп иштеп жүрдүм. Аны көргөн Эмил Эсеналиев “Улан, эмне таксист болуп жүрөсүң? Сенде талант бар, чыгармачылыкка келишиң керек” деп алып келип мени командага кошкон. Мага көп нерсе үйрөтүп, чоң колдоо көрсөттү. Ага ыраазымын, эч качан жакшылыгын унутпайм. Ал азыр менин өкүл атам. Мен Ак-Өргөө конушунда жашайм да. Эмил байке, Самат Эркинбеков менен бир мектепте окудум, алар менен кошуна да болчубуз. Ошентип анан киного тартылып, атактууларга аралаша баштадым. Эң алгач “Сюрприз” деген киного тартылгам. Кичинекей эле роль. Анда да “ушул баланы тарталы” деп Эмил байке сунуштаган. Ашууда кетип жаткан унаада артта отуруп ырдагандардын биримин ал тасмада. Тартуу учурунда да Эмил байке “инимди жакын кадр менен алып койгула, көрүнүктүү болсун” деп эскертип жатты. Андан кийин “Бир мүшөк акча” тасмасында ашпоздун ролун ойнодум. Ошентип уланып кетти. Баш-аягы 10 чакты киного тартылдым.

– Мурун Ысык-Көлдө жашаган турбайсызбы?

– 6 жашыма чейин Ысык-Көлдө жашадык. Апама Ысык-Көлдүн абасы жакпай, энтиге берчү. Ошондуктан Бишкекке көчүп келгенбиз, бул жактан антип кыйналбайт. Ак-Өргөөдө, Кызыл-Аскерде окудум. 11-классты Сокулуктун Орок орто мектебинен бүтүрдүм. Атам оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, апам мугалим. Эч нерседен кем болбой, жейм дегенди жеп, ичем дегенди ичип чоңойдук. 3 эжем, бир карындашым бар. Бирок мен 16 кыздын арасында чоңойдум. Ысык-Көлдө атамдын бир туугандары жакын жашачубуз. Арабызда мага чейин уул бала жок, жалаң кыздар болду. Мен төрөлгөндө улансын деп атымды Улан коюшкан. Кийин инилерим төрөлүштү. Мени жалгыз бала деп көп эркелетишчү. 2004-жылы карындашым төрөлгөндөн кийин гана анчалык эркелетпей калышты.

– Анан, сиздеги актёр болуу кыялы качан ойгонду?

– Бала кезде МАИ кызматкери болгум келчү. Пара алып ойночумун. Колума таякча алып көчөдө өтүп бараткандарды токтото берчүмүн, алардан акча талап кылчумун. МАИ кызматкери болсом коррупционер болуп кетсем керек эле (күлүп).

– Алгачкы жолу киного тартылганда сизди эмнелер таң калтырды?

– “Сюрприз” деген кинодо жолдо жүрүп бараткан унааны тартыш керек болчу да. Бирок биз токтоп турган унаадан эле тартылганбыз. 5-6 бала унааны булкуп кыймылдатып турушкан. Бул арада унаанын фарасы сыяктуу кылып алдынкы терезеден жарык берип жатышты. Кино чыккандан кийин карасам унаа жолдо жүрүп бараткандай көрүнүп калыптыр. Ошол нерсе таң калтырган. Кино деген ушундай тартылат турбайбы дегем. Унаанын артында отуруп бир аз ырдайбыз, болду, ушундай роль. Өзүмдү башкы ролдогудай эле сезип даярдангам. Тартылгандан кийин да тасма тартууга аралашып жүрдүм. Жардамчы болуп иштечүмүн ал жакта. Керек нерсени алып келип, актёрлорду унаа менен ары-бери ташып жүрчүбүз. Ошентип жүрүп көп нерсени түшүнүп калганда “Бир мүшөк акчага” тартылдым.

– Актёр болуу кандай экен?

– Жакшы, бирок чыдаш керек. Үзүрүн көрөм, элге таанылам, ушул кесип аркылуу үй-бүлө багам десең сабыр кылып, убактысын күтүш керек. Убагы келгенче ачка жүрүп туруш керек экен.

– Сиз канча убакыт ачка жүрдүңүз?

– Көп эле жүрдүм. Мен ырыскыны үйлөнгөндөн кийин таптым. Мурда канча тапсам деле жугумдуу болчу эмес, көрүнүктүү эч нерсе кылган эмесмин. Азыр деле байып кеткен жокмун, бирок шүгүр.

– Үйлөнгөнүңүзгө 1 жыл болду ээ, адашпасам?

– 1 жылдан бир аз ашты. Үйлөнгөн жакшы экен, албетте, кыйынчылыктары да бар. Казан-аяк кагышпай койбойт. Жубайлар 3-4 жыл жашагандан кийин бири-бирин жакшы түшүнүп калышат деп ойлойм. Жубайым 22 жашта, мен 30дамын. Ал жаш, ой жүгүртүүсү баары бир башкача. Андыктан ушул жагдайды да эске алышым керек. Кээде актёрдук чеберчиликти үйдө да пайдаланып коюп жатам. Жубайымдын жөнөкөйлүгү, жооштугу, ата-энемди сыйлаганы жагат. Уулубузга 5 ай болду. Балалуу болгондогу сезимдер такыр башкача экен. Азыр балабыз менен алек болуп жатып урушканга деле убактыбыз болбой калды. Үйгө келсем эле уулум жылмайып алдымдан чыкса маанайым көтөрүлө түшөт.

– Актёр Шумкар Бейшеналиевдин жанында көп жүрөсүз. Сиз билген Шума кандай дос?

– Шашма дос. Бир жерде отурсак, “жүр, тиги жакка барабыз” дейт. Ал жакка барсак, “жүр эми тиги жакка” дей берет, бир жерде тура албайт, шаша берет. Дайым кыймылда жүрүш керек.

– Кайсы досуңузду кандай унаага алмашат элеңиз? Сиз тарткан вайндардын арасынан ушундай суроо угуп калдым...

– Ошол видеодо Шумкарды Хонда Степвагонго алмашып жибергем. Шумкарды Степ эмес, Москвичке деле алмашып салмакмын го дейм (күлүп). Шумкар экөөбүздүн тамашаларыбыз катуу негизи. Бирок кетип баратып видеодогудай ыйлабайт болчумун, жыргап эле кетмекмин.

– Тартылганыңызга уялган ролуңуз барбы?

– “Жер тоголок” киносунда психикалык ооруканадагы окуялар тартылат эмеспи, ошол кинодогу образымдан эмнегедир уялам. Бирок өкүнбөйм ал тасмага тартылганыма. Өзүм канааттанган ролум азырынча жок. Андай роль чыкпаса ошондой кинону өзүм жаратам деп жүрөм. Мен өзүмдү толук ача элекмин. Буга чейин кыска, элди кызытып келип жок болуп кеткен, бирок элдин эсинде кала турган ролдорду аткардым. Жакшы комедиялык кинодо башкы ролду ойногум келет.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан