(Башы өткөн сандарда)
– Мени төрөгөн апам менен тааныштырам дедиңизби?
– Ооба.
– Кандайча? Ал бар бекен? Ким экен?
– Сенин жаныңда эле жүргөн адам, устатың. Айдай!
Эмир бакырайып эле тиктеп калды. Башын чайкай берди.
– Мүмкүн эмес!- деди ал.
Ажар уулунун жүзүнө тиктеп турду. Эмир анын көздөрүн карап, айтылган сөздүн чындык экенин билди. Эки колу менен бетин басып отура калды. Эмне деп айтарын билбей жатты. Бирок ал аялды көргөндөн тартып тээ тереңден бир тартылуу болгонун эми гана аңдады. Жек көрө албады. Таарына да албады. Болгону таң кала берди.
– Сиз качантан бери билесиз?
– Аз эле болду.
– Мага эмнеге айткан жоксуз? Эки айдан бери жанымды үрөп бүт баарын кыдырып жүрөм, көрүп туруп айткан жоксуз. Сиз мени аяган жоксузбу?
– Мен корктум. Сени жоготуп алуудан, жалгыз калуудан, сенин сүйүүңсүз калуудан корктум. Уулум, бул жашоодо мен тек энелигимди сүйдүм. Мен сенин энең болгон учурумду... Калган нерсенин баары утурумдук эле, бир гана сен чыныгы болчусуң. Баары өзгөрүлүп кетти, бир кезде ата-энемден кечип, анын аркасынан тапкан күйөөмдүн да сүйүүсү бүтүп калды. Дал ошондой болуп сен берген ырахат, энелигим бүтүп калышынан корктум. Азыр да коркуп турам. Бирок сен жаралуу болуп жашасаң, сен мага болгон ишеничиңди жоготсоң сени баары бир жогото турганымды сездим. Мен ушул нерсени сездим. Сенин жашооң бузулуп, ишенимиң өчкөндөн көрө, менин жалгыз калганым туурадай сезилди. Эмиртай, уулум. Балким, ал аялды сен менден да жакшы көрөрсүң. Экөөбүздүкүнөн да терең мамилеңер болот. Ким билет. Бирок бир нерсени унутпа, мен сени баары бир жакшы көрөм. Мен сенин бир өмүр бою энеңмин. Энең болгонумдан кийин мен сени коё беришим керек. Ооба, ал аял менден кыйын, сулуу, атактуу, сени менден да жакшы түшүнөт. Бирок жашоодо эч бир адам мендей сени жакшы көрө албайт болуш керек. Сен уулум, болгону ушуну унутпа.
Эмир апасын сүйүп карап турду. Чындап аны коё бериш ага ушунчалык оор болгонун сезип жатты. Апасын кучактап алды.
– Билесизби, мени төрөгөн адам башка экенин билгенимде мен да сизди жоготкондон корктум. Ушунчалык корктум, апа. Эми апам мени сүйбөй калат го деген ойдон жинди боло жаздадым. Ошол үчүн алдын ала даярданып баштадым. Бирок азыр гана сездим. Сизден башка менин апам жок, болбойт дагы. Эсиңиздеби, мен кичине кезде шамалдан жана жаандан аябай коркор элем. А сиз дайыма жаан жаап жатканда менин бөлмөмө келип мени бооруңузга кысып, экөөбүз кучакташып уктап калчубуз. Дал ошондой абалда жүрдүм. Сизди жардамга келет, мени бул бороон-чапкындан, коркуумдан куткарып алат деп күттүм. Жана сиз келдиңиз! Мени куткарып алганы келдиңиз.
Ажар ыйлап жатты. Коркуулары ошол ый менен кошо кетип, тазаланып жан дүйнөсү бошонуп жатканын байкады.
Эртеси психолог Берметтин кабинетинде отурду.
– Мен жылдар бою бул жүктүн оордугунун алдында эзилген экем. Азыр тим эле жепжеңил сезип жатам өзүмдү. Эгерде сиз болбогондо мен бул эрдикти жасай албайт болчумун. Мен коркуудан улам уулумду жоготуп алмак экем. Азыр кандай күн болгондо да ал менден эч качан баш тартпай турганын билдим.
– Сиз мен билген эң күчтүү аялсыз!
– Ким билет, мен өзүм билген эң алсыз аялмын деп ойлойм. Анткени бул коркуунун алдында калдым. Коркуудан улам адам да өлтүрдүм.
Ажар каршысында турган аялдын көздөрүнө карады. Коркуп кетет, же жек көрүп карайт деп ойлоду. Бирок биринчиси да экинчиси да болгон жок. Бермет аны мурункудай эле мээрим менен карап турганын байкады. Улантсамбы деп ойлоно калды эле, Бермет ага көзү менен “айта бериңиз” дегендей карады. Ажар ойлонуп алып сөзүн улай берди.
– Мен бул нерсени эч кимге айтпайм деп ойлогом. Бирок акыркы күндөрү менин жашоомдун баарын айттырып алганыңыздан кийин бул нерсени жашырып кажети жок экенин сездим. Ооба, мен жолдошумду өз колум менен бычактадым. Ал Айдайга болгон сүйүүсү үчүн Эмирди курмандыкка чала турганын билдим. Ал бир аялды сүйгөндө акыл-эсин кошо жоготуп сүйөт эле. Мен андайга жол бере албадым. Бычакка кантип колум жетип, кантип шилтедим билбей калдым. Эсиме келгенде кеч болуп калган эле. Менин ордума башка адам шектүү болду. Кийин билсем уулум Эмир ошол үйдөгү видео байкоолордун баарын өчүрүптүр. Байкушум мага бир да ооз айткан эмес. Кийин билдим. Кыскасы, бул окуяны ал гана билет. Мага оор. Жазамды өтөө үчүн даярмын. Бирок уулумду таштап кете албайт болчумун. Эми мен чындап эркин адаммын. Жана бул күнөөдөн кутулгум келет. Андан соң гана жаңы жашоо баштоого укуктуумун деп ойлойм.
ххх
Айдай менен Эмир эне-уул экенин билгенден кийин деле жолуга албай жатышты. Коркуу бар эле аларда. Эмир ага сейил бактан жолуга турганын айтканда Айдай жанын коёрго жер таппай калды. Улам-улам саатты карайт. Белгиленген убакыттан бир саат мурун келип алды. "Эмне дейт, кандай дейт, жек көрүп карайбы, же басып кетеби" дей берип өзүн жеп салды. Эмир машинасынан түшүп, ага басып келе жатканын көргөндө калтырап кетти. Эмир акырын басып келе жатты. Көзүн албай тиктеп келе жатты. Ал дагы кызыктай абалда эле. Алгач аны төрөгөн адам Айдай экенин билгенде таң калган. Анткени аны менен жакын болуп, дүйнө таанымын, кандай инсан экенин билип калган эле. Бир жолу мышыктын баласын коюнуна катып, сүт берип отурганын көргөн. Ал боорукер адам экенин билчү. Баласын таштап кеткен таш боор энеге такыр окшото албай убара боло берди. Куду башка эле бир кийимди ага зордоп кийинтип салгандай сезим эле. Эмнеси болсо да ага барып бардык чындыкты угушу үчүн келе жаткан. Жакын калганда Айдайдын көздөрүнө жаш толуп турганын, титиреп өзүнөн көзү өтүп турганын, жан дүйнөсү менен андан кечирим сурап турганын көрдү. Ошол жерде бир кызыктай нерсе болуп кетти. Эмир аны кучактай калып ыйлап жиберди. Айдай муну такыр күткөн эмес. Өзүн кучактап алып шолоктоп ыйлап жаткан баласын кучактай ал да ыйлай берди. Эне-бала шолоктоп жатты. Жылдар бою катылган кусалык көз жаштары менен кошо агып жаткандай эле...
(Уландысы кийинки санда)