“Аккан арыктан суу агат” дейт. Өнөрүңдү улаган уул-кызың болгону жакшы эмеспи. Бүгүн белгилүү обончу, аткаруучу Болот Токтобаевдин уулу, ырчы Нурбек Болотбеков менен маектештик. Атасына өнөрү жагынан эле эмес, келбети, күлгөнү, үнү дагы окшошуп кетет экен.
– Саламатсызбы, Нурбек мырза? Чыгармачылыкка аралашып обон жаратып, ырдап жүргөнүңүздү билебиз. Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз окурмандарга.
– Мен Мукаш Адраев атындагы музыкалык мектепти аяктагам. Өнөрүмдү байкаган атам 1-класска өзү жетелеп барып, фортепиано классына өткөргөн. Кийин Кыргыз улуттук консерваториясында 5 жыл окуп бүтүрүп, ошол эле жерге жумушка орношком. Азыркыга чейин ошол жерде иштейм. Негизи, мектепте кезде эле обон жаратып жүрчүмүн. Бирок элге чыгаргандан тартынат элем. Окуумду бүтөр жылы 1-2 чыгармамды атам угуп, “балам, “Сокпо, шамал” деген обонуң жакты, тартынбай чыгар” деди. Андан башка “Тагдыр”, “Сен жанымда болгондо”, “Улутундум”, “Сенсиз өткөн күнгө көнүп баратам”, “Сентябрь” деген да обондорум бар. Атамдын “Бегайым”, “Каркырам – Периштем” деген ырларын жаздырып элге жаңыча вариантта сунуштадым. Бердибек Жамгырчиевдин сөзүнө жазылган “Өмүр” деген ырды атам экөөбүз дуэт ырдадык. Колумдан келишинче аракет кылып жатам.
– Белгилүү обончу, аткаруучу Болот Токтобаев сизге кандай ата болду?
– Ата-эненин колдоосу бала үчүн чоң мааниге ээ. Атамадан ар дайым кеңеш, уруксат сурап турам. Бизди бала кезден ушундай тарбиялады. Менин чыгармачылыгымда атамдын орду абдан чоң. Биринчиден, Жараткан бизге, биздин үй-бүлөбүзгө, атама өнөр берди, атамдан бизге өттү. Бир тууган карындашым Айзада скрипач, бирок ден соолугуна байланыштуу ойнобой калды. Атам бизге “менден өтүп кыргызга пайдасы тийген өнөр адамы болсун” деп жакшы тилек менен абдан жакшы колдоосун көрсөттү. Тарбиясы баа жеткис, негизи эркек балага дагы, кыз балага дагы турмушта атанын орду абдан чоң.
– Тентектик кылганда урушчу беле?
– Аябай катуу урушчу деп айта албайм. Көз карашынан эле түшүнчүбүз. Сөз менен эле акырын, жумшак тарбиялады. Ошентсе да катуу боло турган кезде катуу эле киши. Эч качан эркиме каршы чыгып “муну жасайсың” деген жок. Кичинемде мени гастролдорго ээрчитип алчу. Сыймык Бейшекеев агабыз, Роза Аманова эжебиз менен Ысык-Көлдө гастролдоп жүргөн күндөр эсимде. Ошондо мени да сахнага чыгарчу экен. Эл “бул кичинекей бала өзүнө ылайыктуу ырларды ырдабай, Рыспайдын “Жолугарым билгемин”, “Издейм сенисин” ырдайт экен” дешчү экен. Ошондон талантымды байкап анан музыкалык мектепке окутса керек.
– Апаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Апам Бегайым Шадыканова, Аксы районунун Кызыл-Капчыгай деген айылынан болот. Турмуш жолунда кандай кыйын кырдаал болбосун балдарым деп жашап келет. Музыкалык билими бар. Турмушка чыгып, мен төрөлүп, бала менен үйдө болуп, кесиби менен иштеген жок. Атамдын чыгармачылыгына зор колдоо көрсөттү. Атамдын “Бегайым” деген ыры апама арналган жана ал ырдын чыгышына апамдын түздөн-түз себеп болгону мени сүйүндүрөт. Чыгармачылыкта мырзалар үчүн аялзатынын колдоосу абдан керек эмеспи. Эне катары азыр менин чыгармачылыгымды колдоп-кубаттап, “бул жагы мындай экен, мындай кылсаң да болот” деп багыт көсөтүп турат.
– “Чоро” тобунун курамында да жүрдүңүз окшойт. Бул топ менен кантип иштешип калдыңыз эле?
– Ооба, “Чоро” тобунун курамында болчумун. Топтун жетекчиси Марат менен консерваторияда бир тайпада окудук. Ал топко чакырды, макул болдум. Бир топ жыл иштештик, Түркияга “Turkvision” деген фестивалга катыштык. Кийин анан ар ким өз жумушу менен кетти.
– Демек, жашооңуз музыка менен тыгыз байланышта келе жатыптыр. Эгер музыкага аралашпай калганда ким болмоксуз?
– Эми... Бала кезде спортко абдан кызыкчумун. Күрөшкө, самбо, дзюдого барып, жараткан ийгиликтерим бар. Бир жолу атам “балам, сени музыкалык мектепке талантыңдан улам бергем. Кесибиңди башка багытта улантпайсыңбы” деп теолог болууну сунуштаган. Ал убакта теология эмне экенин билчү эмесмин. Эгер музыкант болбосом, атам мени теологияга тапшыртмак болуш керек.
– Атаңыз экинчи үй-бүлөсүн курганда канча жашта элеңиз? Муну кандай кабыл алдыңыз?
– Ушул суроону мындан 10 жыл мурун беришсе башкача жооп бермекмин... Сөзсүз түрдө кусалык көп болду. Бирок анын баары өттү, кетти. Азыркы учурда баары ордунда, атам бизге дайым колдоо көрсөтүп, аталык милдетин унуткан жок. Ата-энени балдары туура түшүнө билиши керек. Эми тагдыр да, ар кимдин маңдайына кандай жазылса ошону көрөт. Эң негизгиси, ата-энебиз маңдайыбызда оорубай жакшы жүрүшсө, биз үчүн чоң бакыт.
– 10 жыл мурда эмне деп жооп бермексиз?
– 10 жыл мурда... Ал үчүн мен 10 жылга жашарышым керек (күлүп).
– Карындаштарыңыз менен мамилеңиз жакшыбы?
– Мамилем жакшы, жаман эмес. Улуу кызы Акылай Венгрияда окуйт, сүйлөшүп турабыз. Хадижа карындашыма операция жасатмак эмес белек, билесиздер, октябрдын башына билет алышкан. Сүйүнбү эже, атам, карындашым болуп барып биринчи операциясын жасатып келишет.
– Каражат топтолуп калдыбы?
– Каражат жеткен жок, тилекке каршы. Азыр бул биринчи операциясына кошуп-ташып эптеп жеткирди, эми экинчисине кайра топтош керек. Эми аны кандай кылабыз, билбей турам.
– Чыгармачылыкта кандай план, максаттарыңыз бар?
– Пландарым негизи көп, алдыда дагы жакшы иштеп, жакшы концерт берсем деген максатым бар. Атамдын элге чыга элек ырлары бар, ошолорду дагы иштеп чыгышым керек. Ата-бала дуэтин мындан ары дагы сөзсүз түрдө улантабыз, чыгармачылыкта ар дайым изденүү керек. Өзүмдүн да чыгармаларым бар, буюрса, ошолордун үстүндө иштейм.
– Үй-бүлө кургансызбы?
– Ооба. Келинчегимдин аты Нургиза, улуу балам Умар 4-класста, кичүүсү Рамзан 5 жашта.
– Үй-бүлөдө кандай кожоюнсуз? Жоопкерчиликтүүсүзбү?
– (Күлүп) Эми колумдан келишинче жакшы ата, жакшы жолдош болууга аракет кылам. Аябай укмушмун дегенден алысмын.
– Мык кага аласызбы?
– Мык кагабыз, кара жумушту кадимкидей эле кылабыз. Аксыга барганда сөзсүз чөпкө чыкчумун, айылдын балдары менен 3-4 күндө тез эле жуурулушуп, биз да айылдык болуп кетчүбүз. Негизи айылга абдан жакынмын. Шаарга караганда айылдын жашоосу алда канча сонун, болгону айылда жашаганды билиш керек.
Гулийпа Маметосмон кызы