Нурадин Рустамбек уулу, мушкер: “БОКС МЕНИН БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ”

Кыргыздын бокс дүйнөсү жанданып, көптөгөн таланттуу жаштар өлкө желегин желбиретүүгө аракет кылып жатышат. Бокс боюнча кыргыз курама командасындагы көрүнүктүү мушкерлердин бири, жакында студенттер арасында өткөн эл аралык мелдеште чемпион болгон Нурадин Рустамбек уулун кепке тарттык.

Каарман тууралуу:

Туулган жылы – 2001-жыл, 24-сентябрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айылы

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 71 килограмм

Билими – жогорку, юрист

Жетишкендиктери – Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, эки жолку Азия чемпиону (Монголия, 2019. Ташкент, 2022), Азия чемпиондугунун 3 жолку коло медалчысы

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Салам, Нурадин, маекти жакынкы жеңишиңден баштайлы. Эл аралык университеттер арасындагы спартакиадада чемпион болдуң. Турнир жалпы жонунан кандай өттү?

– Мелдеш Орусиянын Екатеринбург шаарында абдан жакшы деңгээлде өттү. Биз турнирге 3 күн калганда учуп бардык. Ар бир спортчу мелдешке жеңем деп барат да. Биз деле командабыз менен “алтын медаль утабыз” деп жакшы даярдык менен барганбыз. Бирок жеңиш баарыбызга эле жылмайган жок.

– Жеңиш бул жолу сага жылмайган экен да, биринчи орунду багынттың. Атаандаштарың кимдер болушту?

– Албетте, ар бир жеңиш оңой жол менен келбейт. Негизи беттештер эч качан оңой болбойт. Бул турнирдин алкагында үч беттеш өткөрдүк, атаандаштардын мунусу алсыз экен, ошон үчүн жеңдим дегенден алысмын. Себеби баары эле алтын медаль үчүн даярданып келишет. Биринчи, экинчи айлампада Орусиянын мушкерлери менен, ал эми финалда венесуэлалык мушкер менен кез келдим. Жараткандын буйругу менен жеңишке жеттим.

– Боксту кимдин таасири менен тандап калдың эле?

– Негизи бала кезден эле спортко абдан кызыгам. Машыктыруучум Улан Сагынбаев менен атамдын кичүү иниси жакшы достордон. Ушундай жакындык болгону үчүнбү, үйдө менден улуу эки агам дагы учурунда бокс менен алектенишчү. Алардын таасиринен уламбы, айтор, мен дагы спортко жакын өстүм. Ата-энем дагы каршы болбой мени бокска беришти. Азыркы тапта агаларым өздөрү үчүн эле машыгуу залына барып, спорт менен алектенип турушат. Профессионалдык спортто мен элемин. Жалпысынан бокс менен алектенгениме 13 жыл болуп калды Бокс менин биринчи сүйүүм десем жаңылышпайм.

– Эч кимди сүйө электе боксту сүйгөм дейсиңби?

– Ооба, эч кимди сүйө электе боксту сүйгөм, дагы деле башка эч кимди сүйө элекмин. Сүйүүгө өтө туруктуумун (күлүп).

– Окурмандарга, спорт күйөрмандарына өзүң тууралуу кененирээк маалымат бере кетсең...

– Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылынан болом.

Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, эжем, эки агам жана иним бар. Агаларым үй-бүлө күтүп өз алдынча кетишкен. Азыркы тапта кезек менде (күлүп). Баары “качан үйлөнөсүң?” деп мени күтүп жатышат. Менде алдыдагы максат – Олимпиада оюндарына жолдомо алуу жана ийгилик жаратуу. Үйлөнүүгө андан кийин гана орун берилет. Үйдө баарыбыз спортко жакынбыз. Үчөөбүз боксту тандасак, иним балбан күрөш менен алектенет. Менин атаандаштарымды карап, изденип отурушуп атам менен апам деле спортчу болуп калышкан. Менин атаандаштарым тууралуу, кандай ыкмаларды колдонушум керектиги тууралуу мага кеңештерин айтып, ак батасын берип турушат.

– Олимпиада деп калдың, Олимпиада оюндарына көп убакыт даярдык көрүү талап кылынат эмеспи сенде даярдык кандай?

– Башкы максат Олимпиадага жолдомо алуу болгондон кийин дайыма эле машыгуунун үстүндөбүз. Өзү ар бир мелдеш – бул Олимпиадага болгон даярдык. 23-сентябрда бир жолдомо турнир өтөт. Азыркы тапта Бишкекте машыгуу жыйынын өтүп, курама команда даярданып жатабыз. Буюрса, 17-сентябрда учуп кетебиз.

Ийгилик каалайбыз, жакшы жаңылык менен кайткыла. Сени ушул эрезеге жеткирген машыктыруучуң тууралуу сөз кылбасак болбос...

– Мыкты спортчу болуш үчүн биринчиден машыктыруучуң жакшы болуш керек эмеспи. Мени бала кезден ушул күнгө чейин Улан Сагынбаев тарбиялап, машыктырып келе жатат, азыркы тапта жеке машыктыруучум. Баргандан тартып эле агай мени жакшы кабыл алып, мага болгон күч-аракетин жумшап келет. Ал эми курама командадагы башкы машыктыруучубуз Данияр Төлөгөн уулу. Учурдан пайдаланып, машыктыруучуларымдын, баарына терең ыраазычылык билдирем. Анткени алардын эмгегинин арты менен учурда көптөгөн ийгиликтерге жетип жатам.

– Улуттук курама командага качан мүчө болдуң эле?

– 2018-жылы чакырылгам. Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун колуна келип, биргеликте машыгып, 2019-жылы жаштар арасында Азия чемпиону болдум. Андан бери өлкө желегин желбиретсем деген тилек менен аракетимди көрүп келе жатам.

– Сенин салмак категорияңда Кыргызстанда атаандаштык кандай?

– Алсыз, атаандаштык жок деп айта албайм. Бардык эле салмак ченинде аябай күчтүү балдар бар. Өзүңүздөр деле байкасаңыздар керек, акыркы учурда аз да болсо бокско бир мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлө баштады.

– Медаль алып жатканда эмнелер тууралуу ойлоносуң? Медалдарыңды санап, аздектеп, сыймыктанып турасыңбы?

– Медалды алып жатканда укмуш сезимдер пайда болот. Аны ошол жерде медаль алып жаткан спортчулар гана түшүнөт болуш керек. Айрыкча жеңиштин медалын тагынган керемет да.

Кичинемде бокс менен жаңыдан алектенип баштаганда мелдештерге барып медаль алып келип үйдөгүлөргө, туугандарга көрсөтүп мактанганым эсимде. Ал медалды баары көрсүн деген ой менен үйдүн кире беришине илип койчумун. Ал кезде көздөгөнүң медаль алуу эле болчу да. Азыр болсо жеңиш, өлкө желегинин желбирегени маанилүү.

– Максаттарың кандай?

– Дүйнөлүк биринчиликтерден, Олимпиада оюндарынан кыргыз элиме алтын медаль алып келсем дейм. Ошого дайыма даярданып келем. Кудайым ошол күнгө жеткирсин!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан