Калыбек Турдубаев, шоумен: “ЧАКАДАГЫ СУУНУ БУЛГАП САЛЫП АПАМДАН ТАЯК ЖЕГЕМ”

“Апам мени азыр деле эркелетет, жолумду карап, мен жакшы көргөн тамактарды жасап алып күтөт”,- дейт шоумен Калыбек Турдубаев. Отурса-турса балдарынын бактысын, амандыгын тилеген энелер аман болушсун. Калыбек мырзанын апасы тууралуу болду кеп, жагымдуу учурларды чогуу эстедик.

“Апам тарбияга катаал эле болду”

– Апам менин эң жакыным, бейишим, жөлөнөрүм, таянарым. Апам мен үчүн дүйнөдөгү эң сулуу адам. Иштерим канчалык жакшы жүрүшүп жатса, ага апам себепчи. Басса-турса батасын берип, биздин жакшылыгыбызды тилеп турат. “Карга да баласын аппагым дейт” деген сөз бар эмеспи, кандай адам болбоюн апам үчүн эң жакшы адаммын.

Кичине кезимди эстесем, апам бизге катаал эле болгон. Тентектик кылсак урушуп, аша чаап кетсек уруп деле койгон учуру болчу. Антпесе да болбойт эле. Бир жолу апам 2 чакага көтөрүп суу алып келди. Биз айылда чоңойгонбуз да, сууну алыстан ташып келчүбүз. Апам чакаларды көтөрүп келатып бир аз эс алып алайын деп отура калганда мен суу ичем деп чакадагы сууга колумду салып жибергем. Тээ алыстан көтөрүп келген суунун баары кир болду да. Кыштын күнү болчу. Ошондо жини келип урган мени. Суу ала турган жерге чейин чаканы көтөрүп кантип чуркап барганымды билбей калгам (күлүп). Азыр мүнөзү жумшарып калды. Чоңоюп акыл-эсине кирип калды деп унчукпайт да, болбосо тентектик кылсак, азыр деле катуу болуп коёт болуш керек. Ал эми неберелерге келгенде ал башка кеп, аларга жумшак.

Апамдын мүнөзү токтоо. Аркы-берки жакты карап, адилеттүү сүлөйт, бирөөлөргө жакшылык кылганды жакшы көрөт.

Үйдүн кичүүсү, апамдын кенжетайымын да, мени кичинемден эле көп эркелетет, азыр деле “ананып кетейин, садага болоюн, кагылайын” деп эле турат. Апам бизге сөз менен айтып, “мындай болгула, тигиндей болбогула” деген жок. Бирок кандай адам болуш керек экенин өзүнүн кыймыл-аракети, башкаларга кылган мамилеси менен көрсөтүп койду. Азыр кандай адам болсок, эл менен мамилебиз жакшы болсо, анын баары ата-энемдин эмгегинин үзүрү.

“Келбетим апама, мүнөзүм атамдыкына окшош”

– Кичине кезимде үйдөн чыккым келчү эмес, бир жакка барганды жактырчу эмесмин. “Айылдап келебиз, баланча жакка барабыз” деп эрчитейин десе да үйдө калам дей берчүмүн. Мектепте чоң класс болуп калганда отуруштар башталды да, андайда үйдөн сураныш керек. Биздин үйдө андай нерселерди атам чеччү. Ал эми атамды баары бир апам көндүрөт да. Жумуштардын баарын эрте жасап коюп, анан апам менен сүйлөшчүбүз, “мен баланча жумуштарды кылып койдум, атама айтып коюңузчу, мен барып келейин” деп... Апам акырын барып атамды көндүрөт. Эптеп атамдын көңүлүн бирге алып, анан барып келет элек отуруш, концерт, кинолорго.

Апамдын атамды кандай сыйлаганын көрүп өстүк. Эс тарткандан ушул убакка чейин атам келмейинче үйдө тамакка отурбайбыз. Атам үйгө кирип келгенде баарыбыз ордубуздан турабыз, атам төргө отурат, анан тамак берилет. Тамак ичкенден кийин бата кылып, анан турмай. Ага чейин столдон туруп кетүүгө болбойт.

Апам бардык тамакты жакшы жасайт. Балага апасынын бардык тамагы жагат болуш керек. Балдарына эле эмес, элге да жаккан тамактарын айтсам, ашты жакшы басат, кайнатма шорпону, куурдакты сонун жасайт. Азыр деле айылга барганда даамдуу тамактарынан жасап берет. Учурда биз Ош шаарында турабыз. Атам менен апам айылда турушат. Айылга үйгө баратканда апам мени жакшы көрөт деп куурдагын даярдап күтүп турат. Өзүнчө жашаганыбыз менен, тез-тез каттап, тынбай сүйлөшүп турабыз. Менин келбетим апама, мүнөзүм атамдыкына окшош.

“Атам үчүн анча деле авторитет эмесмин”

– Мен чыгармачылыкка аралаша баштаганда ата-энем анча жакшы кабыл алышкан эмес. Студент кезимде бул чөйрөгө аралашып жүргөндө олуттуу эмес, убактылуу кызыгуу деп ойлошкон. Окууну аяктагандан кийин деле ошону менен жүрө бердим да. Кыйратып акча таппай 2 жылдай жүрүп калдым. Өзүм чоңоюп калган жигит болсом, өз турмушумду өзүм курушум керек болуп калган убакта ошентип жүрсөм кабатырланышты окшойт. “Жыйыштыр мунуңду, жумушка орнош, элдин балдарындай болуп жакшынакай жумуш таап иште. Алтын чыккан жерге жумушка орнош же кесибиң боюнча энергетик болуп иште” дешкен. Ошондо “дагы кичине сабыр кылып туруңуздар” дегем. Кийин той алып барып, концерттерди уюштуруп, айтор, киреше түшө турган жумуштар болуп калды, анан унчукпай калышты. Азыр көчөдө атам, апам болуп баратсак, көп жерден эл таанып учурашышат, сүрөткө түшүшөт. Ошондой учурда алардын сыймыктанышканын байкайм, бирок мага билдиришпейт. Апамдын кошуна-колоңго, тааныш-тууганга мени мактап жатканын угуп калам. Бирок атам мактабайт. Атама анча деле авторитет эмесмин (күлүп). Апам тынбай ыраазычылыгын айтып турат. Атамдын ыраазычылыгын айтканын бир эле жолу уктум. Ооруп калганда шаарга алып келип, врачтарга көрсөтүп, үйгө алып келип жуунтуп, тарап, караганбыз. Ошондо биринчи жолу ыраазы болгонун айткан. Бул адамдардын ыраазычылыгына ээ болуп, ыраазы болгон көз караштарын көрүп жашаганга эмне жетсин.

“Ата-энеме үй куруп бердим”

– Белектер тууралуу сурап калдыңыз, апама алтын сөйкө, чынжырча, билериктерден кымбат деле белек бере элекмин. Атама көп эле белек бердим, автоунаа алып бергем. Айылга ата-энеме үй куруп бердим. Ушул менин эң чоң белегим болду окшойт. Ата-энемди Умрага алып барам деген ниетим бар. Азыр деле алып барганга кудуретим жетет. Бирок атам ден соолугуна байланыштуу алыс жактарга бара албай жатат.

Ал эми апамдын бизге белеги – апамдын айылга барган сайын жасап берген тамагы, мени күткөнү мен үчүн чоң белек, өтө чоң белек. Балалуу болгондон кийин ата-эненин баркын көбүрөөк түшүнүп калат экенсиң. “Балам, балалуу болгондо билесиң” деген бекеринен айтылган сөз эмес экен. Балдарыма атам менен апамдай ата-эне болсок жаман болбойбуз деп ойлойм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан