Апта мырзасы
Бул жигитти бир карагандар “өзүнчө эле корей тасмасындагы Гу Чжун Пё го” дешет. Бирок мындай салыштыруу балапан ырчыга жагымсыз экен. Шоу-бизнеске жаңыдан аралашып келе жаткан ырчы жигит Гүлжигит Калыков өзү тууралуу мындайча баяндап берди.
АНКЕТАСЫ
Киндик кан тамган жери – Ат-Башынын Ак-Муз айылы
Жылдыз белгиси – Арстан
Жашы – 20да
Окуган жери – КГУСТА, экономикадагы прикладдык информатика факультети, 4-курс
Баалаган актёру – Уилл Смит
Сүйүктүү акын, жазуучусу – Ч.Айтматов, А.Пушкин
Билген тили – Кыргыз, орус, англис тилдери
МЕН, МУЗЫКА ЖАНА ФУТБОЛ
– Музыка жана футбол жаштайыман мени менен бирге. Футбол оюндарын кубалап көрүп, Роналдиньо менен Дэвид Бекхэмдердин оюнуна суктанып, гол киргизүүсүнө тамшана берем. Музыка менен футболду салыштырсам, футболдо жеңиш – гол, а музыкада – хит ыр. Эки жаатта тең тынбай машыгуу талап кылынат. Бирок учурда мен көңүлдү музыкага буруудамын.
БИЛИМ
– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын 2 жыл окуп, таштап койдум. Анткени ал учурда КГУСТАда да окучу элем. Ата-энем үчүн жогорку билим маанилүү. Ошондуктан экөөнө жетише албай КГУСТАны тандадым. Келечекте музыкалык жактан да билим алсам дейм. Күрөңкеевде окуп жүргөнүмдө гитарада, комузда, фортепианодо аз да болсо ойноону үйрөндүм.
ОКУУ, ОКУУ ЖАНА ОКУУ
– Ар тармактан кабардар болуп турууга ашыгам. Адабий чыгармаларды окугум келет, бирок учурда убактым болбой жүрөт. Сабагыма байланыштуу эле окуу китептерин барактайм.
Жакында эжем Дейл Карнегинин психологиялык китептерин окуу тууралуу кеңеш берди. Китеп саткан дүкөндөрдөн 4 бөлүгү бириккен жыйнагын издеп жатам.
ТҮСТӨРГӨ КӨҢҮЛ...
– Ар бир түстүн маанайга тиешеси болот. Мага көбүнчө жашыл түс жагат. Адамды эс алдырат. Бак-дарак жашыл түскө бөлөнгөн чакта тимеле жыргап эшиктен үйгө киргим келбей калат.
КЫЯЛЫМ
– Ата-энем – баа жеткис байлыгым. Кыялым ушуларга ыймандуу келин алып барып, ыраазы кылып, батасын алуу. Бирок азыр эмес, анткени бүлөлүү болуш үчүн бутка турушум керек. Буга материалдык, моралдык, кыскасы, бардык байлык кирет. Мен азыр ордумду таба элекмин.
БОЛОЧОКТОГУ СҮЙҮКТҮҮМ
– Ыймандуу, акылдуу, назик, чырайлуу, түшүнүктүү. “Жүрөккө буйрук бере албайсың” дешет, буюрса, жүрөгүм тандаган адамды сүйөм. Кыргызда мындай кыздар көп деп билем. Жердигине, улутуна маани бербейм. Орустун кызы “мусулман болом” десе үйлөнө берем.
«ГУ ЧЖУН ПЁго ОКШОШСУҢ» ДЕГЕН МАГА ЖАГЫМСЫЗ
– “Сен корейлердин "Мыкты жигиттер" сериалындагы Гу Чжун Пёго окшошсуң” деген сөздөр мага жагымсыз. Бирөөгө окшошпой, өзүм менен өзүм болгум келет. Мындай келбетим ал тасма чыга электе бар эле. Аны мени тааныгандар жакшы билишет. Ушул сөздү көп уккан соң "Мыкты жигиттердин" бир-эки сериясын көрдүм да, эмнегедир андан ары көрө албадым. Мен андай эзилген жигит эмесмин.
АКЫРКЫ КЫЗЫКТУУ ОКУЯ
– Жашоомдо кызык окуя көп болот. Акыркысын айтып берейин. “80-90-жылдардын дискотекасы” аттуу телеберүүгө тартылууга кызуу камынып жаткам. Бир күн калганда бутумду кокустатып алдым. Ооруканага барсам, гипстөө керегин айтышты. Ушунчалык даярданып алган соң катышуум керек деп өжөрлөнүп, чыдап койдум. Ошол күнү бутум шишип кеткенине карабай, бут кийим араң батып жатса да катыштым.
ПРОДЮСЕРИМ...
– Учурда продюсер Канат Култаев менен иштешем. Аны күчтүү продюсер деп билем. Менин чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө чоң жардамын берет дейм. Ал эми Мирбек Атабеков, Темир Назаров, Даниель, Алихан менен бир туугандай эле болуп бара жатам.
Кимдир бирөө продюсери Айбек Акматов десе жаңылат. Ал бир кезде администраторум болуп иштеген.
СЫЙЛЫКТАРЫМ АЛИ АЛДЫДА
– Мектепте эле маданий иштерге активдүү катышчумун. 2004-жылы 7-класста президенттик стипендия алдым. “Поющий город” теледолбооруна катышып финалчы болдум. Ысык-Көлдө өткөн “Кадыр түн” фестивалына катышып ийгиликке жеттим. Бирок бул башы эле дейм. Мен жетүүчү ийгиликтер али алдыда.
БИР ТУУГАНЫМ – ЖӨЛӨК-ТАЯГЫМ
– Бир тууганга баймын. Алар: Гүлгаакы, Гүлкайыр, Гүлчоро, Нурлан. Гүлгаакы эжем аябай тырышчаак адам. Улуу болгондуктанбы, дайыма бизге үлгү, тарбия көрсөтүүнүн аракетинде. Ал учурда Индиянын Кыргызстандагы элчилигинде котормочу болуп иштейт. Экинчиси Гүлкайыр англис тилинен мугалим. Учурда ал улуу эжемдин жардамы менен Индияда. Агам Гүлчоро үй-бүлөлүү. Иним студент.
ФОРМАДА БОЛУУ...
... ырчы үчүн маанилүү. Элдин көзүндөгү адам келишимдүү болуп, таза жана жарашыктуу кийинип жүрүшү абзел. Учурда машыгуу залына, бассейнге жана бийге баруудамын. Келбет үчүн эле эмес, ден соолукка да пайдасы зор.
ДОСТОРУМ
– Закир, Айбек, Эрнис, Эрлан, Данияр, Рамис – менин кан досторум. Дайыма бири-бирибиз үчүн күйүп-бышабыз. Ата-энебиздин туулган күнү болсо, достор чогулуп барып куттуктайбыз. Апамдын туулган күнүндө “56 жаш туулган күнүңүз менен!” деген жазуусу бар чоң торт алып келишти. Апам ушунчалык сүйүндү. Албетте, тортко эмес, биздин ынтымагыбызга.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg