Бул мырзаны сахналаштары “Борончунун телохранители” деп тамашалап калышчу. Себеп – бою. Өзү айткандай, бою 156. Бир кезде сахнага “Кодойгон боюм сен үчүн” деген ырды ырдап чыгып, куудулдар менен интермедия ойноп таанылган. Учурда кайда? Эмне иш менен алек?
АНКЕТАСЫ
Туулган жери – Кочкор району, Көк-Жар айылы
Туулган жылы – 1987-жыл
Билими – орто
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок
“Оюндун сазайын берчүмүн”
– Бишкектин тургуну, Кочкордун кулунумун. Бир туугандарынын жөлөгү, “эң сулуусу” жана өбөгү болом. Ушул жерден сизди суратпай эле айта кетейин, боюм эмнеге өспөй калганын бир Кудай эле билет. Эл сураса “боюм 156” деп коём. Бирок ага деле жетпейм го... Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, иним, карындашым бар. Кичинемде ыйлаак, анан көк бет бала элем. “Компактный бала, көтөргөнгө жеңил, аз жейт, багыш оңой” дешкен го сыягы, ата-энем мени таенеме берип, тайларымдын колунда чоңойдум. Таенем бөпөлөп бакты. Сөз тургай, жел тийгизчү эмес. Тентек эмес, жөнтөк элем. Балдар менен мушташуу, талашуу дегенди билчү эмесмин. Бирок оюндун сазайын берчүмүн. Зымдан машина жасап, аны атайын баткакка тыгылтып, өзүм кошо тыгылып, ушинтип ойночумун. Чүкө ойносом, сака бир тийсе чүкөдөн мурун мен учуп кетип деле жүрдүм (күлүп). Ошентсе да көңүлүм калчу эмес.
Жайында каналдагы сууга киринип, кир көтөрүмдүү жаным 2 эсе кир көтөрүмдүү болуп калар элем. Буттар болсо чор... Ошондо деле таенемдин сулуу баласы элем. “Кемпирлерди туурасам өздөрүн таанышып, аябай күлүшчү”
– Эс тартканымдан ырчы болом дечүмүн. Жаагым жабылбай ырдачумун. Көчөгө чыксам өйдө-ылдый өткөндөр ээрчитип алып, ырдатып кете беришчү.
Тай жагымдагылар сөзмөр, макалдатып, куюлуштуруп сүйлөгөн жандар. Атам аккордеон, гитара, комуз, баян ойночу. Өнөр, шык мага эки тараптан тең өткөн десе болот го. Кечке маал күн салкындаганда кемпирлер көчө боюнда отуруп калышат го. Ошондо аларга өздөрүн, башка кемпирлерди туурап берсем, “омей, бул мен экем. Бул сен экенсиң” дешип аябай күлүшчү. Анан таенемдин баркы үчүнбү, же чындап эле жакшы туурачумунбу, айтор, колума тыйын-тыпыр карматышчу. Ал акчага таенем экөөбүз үйгө чай-чамек алып келчүбүз. Шоу-бизнести Кыргызстанда мен баштаган окшойм (күлүп).
“Акчанын күчү керемет болуп, таң аткыча деле ырдай берчүмүн”
– 1-класска кирерде ата-энемдин колуна келдим. Сумкамды жонума артып беришсе, бир аздан кийин оордугунан чарчап, сүйрөп алчумун. 6-класска чейин "5ке" окудум, анан үчтөр аралашып кетти. Мектеп сахнасына 2-классымдан тарта чыга баштадым. Райондук, облустук “Жаш таланттар” сынагына катышып, 1-2-орун алган, баш байгеге илинген күндөрүм болду. Сынактарда Бактияр Токторовдун “Муйдусунан өбөйүнүн” ырдачумун. 9 жашымда атам “боюңа ылайык” деп кичинекей аккордеон сатып берди. Аны тартып, ырдап өзүмдү кадыресе ырчы сезип дегеле болбой калдым.
Үйдө кыздарга таандык иштерди жасап апама жардам берчүмүн. Чөп чабуу, мал кайтаруу, велосипед тебүү дегенди билген жокмун. Кыздарга да кат жазып көргөн жан эмесмин.
9-класстан тарта тойлордо ырдай баштадым. Акым – 500 сом. “Тоолор”, “18 жаш”, “Нарындан жазган салам кат” сыяктуу ырларды ырдачумун. Акчанын күчү керемет болуп, таң аткыча деле ырдай берчүмүн.
“Рахман агай турган турпатың менен куудул экенсиң деген”
– Куудул Борончу (ред.: Кудайбергенов) байкеге 16 жашымда жолуктум. Бир тойдо таанышып калганбыз. Ошондон бери чыгармачылыкта этегинен кармап келе жатам. Байке мени ырчы, куудулдар менен тааныштырды. Сахнада өзүңдү алып жүрүү, эл менен мамиле түзүү сыяктуулардын баарын үйрөттү.
Чоң сахнага “Кодойгон боюм сен үчүн” деген тамашалуу ыр менен чыктым. Эл ырдан мурун кебетемди, боюмду карап алып күлүп, аябай кол чабышкан. Кемчилигиңди ыр аркылуу айтып чыгуунун өзү эрдик да.
Рахман агай (ред.: Разыков) мени биринчи көргөндө “сен турган турпатың менен даяр куудул турбайсыңбы. Эми иште, элге көрүн” деген. Ошентип куудулдарга аралашып, сатира, интермедия ойной баштадым. Эң алгач Тынар Курбаналиев, Абдылда Иманкулов менен бирге “Ата-бала” сатирасын ойноп чыктым. Ошондо сахнанын, сөздүн күчүн, элдин энергиясын сездим. “Ар бир айдын алтысы” долбоорунда 10 жылдай иштедим. Бишкектеги концертине гана катышып, гастролго чыкчу эмесмин. Гастролго Борончу байке менен гана чыктым.
“Мага жаккан кыздар менен жолум кайчылаш өтүүдө”
– Максатым – жеке концертимди берүү, үйлөнүү. Бишкектен жер тилкесин алып, 17 жашымда 5 бөлмөлүү үй салгам. Жер төлөсү менен эки кабат. Элге окшоп дүйнө кыдырууну деле көксөбөйм. Тойлордо ырдап тапканымды жеп, тынч жашоо кечиргим келет. Обону өзүмө таандык 8 ырым бар. “Энекем”, “Таарынбачы”, “Арманым” жана башкалар. “Энекемди” 2008-жылы апама арнап чыгаргам. Аранжировкасы жасалган 16 ырым даяр турат, аларды радиолорго берейин деп чыгынбай жүрөм. Ыр жаза койчу талантымды эл билбейт. 1 китеп боло турган ырларым чогулуп калды. Буюрса, китеп кылып чыгарам.
"Сүйдүм сени, кадырымды билбедиң,
Алыс кеттиң, калды элесиң, издериң...
Жүрөгүмдү, тилегимди сунсам да,
Бакытты сен башкалардан издедиң..."
Мага жаккан кыздар менен жолум кайчылаш өтүп кетүүдө, бир убакта дал келишип калар.
Музыкалык билимим жок болгону менен, диний багытта бир нече жыл окуп билим алдым. Арабча жазып, окуйм. Тааныш-билиштер куран окутканга, сыркоолоп, чочуп калган жакындарына дем салдырганы алып кетишет. Чакан тойлордо тамада болуп жүрөм.
Мүнөзүм жөнөкөй, куулук-шумдугум жок. Бирөөлөр боюма, келбетиме тийишип сүйлөшсө да эч нерсе дебейм. Алардын акылынын, жан дүйнөсүнүн төмөндүгүн сезип туруп, теңелгим келбейт. Бирок жаман сөздөр көңүлүмдү оорутат, “Кудайдан көрүшсүн” деп коём ичимден.
Апамдын көзү өткөнүнө 8 ай болуп калды. Атам болсо 9 жашымда кайтыш болуп калган. Менин адам болуп чыгышыма апамдын эмгеги зор. Неберелерин көрүп, узак жашаса болмок, аттиң...
Канымжан Усупбекова