Кыргыздын турмушунда камчынын орду, мааниси, ролу бийик. Илгертен эр жигиттин кайратын, сүрүн көрсөткөн шайман деп эсептелет. Жай турмушта, чыгармаларда да камчы өз кызматынан сырткары, маалымат берүүчү буюм дагы. Мисалы, Жаңыл Мырзага Түлкү баатыр камчысын сүйрөп келгени үчүн душман катары кабылданган. Камчынын миң түрлүү кыры, сыры тууралуу педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Эл жазуучусу Сулайман Рысбаев баяндап берди.
“Камчыны бирөөгө белекке берген эмес”
– Камчы – кыргыздын психологиясындагы, менталитетиндеги түндүк, баш кийим сыяктуу символикалуу өзгөчө сый орунда турган буюм. Камчыны ар дайым таза алып жүрүп, сый мамиле кылышкан. Жерге таштаган эмес, жоготкон эмес. Камчылуу адамдын сырттан караганда куралчан адамдай сүрү болгон.
• Камчы түшкө кирсе, таап алса уулдуу болорунан, же бир олжолуу болорунан белги берсе, камчысын өңүндө же түшүндө жоготуп алса күч-кайратынан кетет деп боолголошкон.
• Жигиттин камчысын сындыруу эң чоң жаза болгон. Камчысын сындырып же отко салуу менен жигиттин кайратын кетирем, мүңкүрөтөм деп психикасына доо кетирген.
• Өз камчысын бирөөгө эч качан белекке берген эмес. Качан гана көп убакка көрүшпөй кала турган кыйчалыш учурларда камчысын алып достошуп, камчысын берип аманат калтырган.
• Жоокерчилик заманда жоого кеткенде же, балким, туткунга кетип калабы, никеси бар зайыбына камчысын аманат катары калтырып, күтүүсүн билдирген. Кээ бир учурда никелүү жубай деп камчыга никелеп койгон учурлар болгон.
• Үйдүн ээси жок болсо ким келгенин билдирүү үчүн камчысын таштап кеткен. Ээси келгенде ала барып берген же алып кеткен учурлар бар.
• Камчыны тиштешип алып антташкан, антыбызга турбасак камчылашабыз, жоолашабыз деген маани.
• Ырымдап кара күчтөрдөн коргоочу катары үйгө илип коюшкан.
“Доо менен келген адам камчысын сүйрөп кирген”
– Кыргыздарда камчыны кармап жүрүү адеби өзгөчө. Мисалы:
• Качанкы бир доосун алганы же жоолашканы келсе үйгө камчысын сүйрөп кирген. Сүйрөп киргенинен эле анын сүрү көрүнүп, кандай ойдо экенин билсе болот.
• Мурунку жоосу менен жолугуп, талаш-тартыш жаралган учурда камчысын ортого коюп койгон. Аягында бир бүтүмгө келип маселе чечишкен же чабышкан.
• Өзүнүн каарын төгүп, сүрүн көргөзүү үчүн, жеңилбестигин билгизүү үчүн камчыны жерге сайып алып сүйлөшкөн.
• Күнөөсүн моюнуна алып, алдыга түшүп, кечирим суроо максатында камчысын моюнуна илип киришкен.
• Ээрдин кашына илип койсо шашылыш жүргөнүн билсе болот.
• Колтугуна кысып алса бир нерсе издеп карбалас иш менен жүргөнүн түшүнүшкөн.
• Өтүгүнүн кончуна салып алып кирсе алыска сапар алганын көргөзгөн.
• Киргенде керегенин башына, секичекке коюп, же уукка кыстарып койсо шашылбай турганын, жата конок экенин билдирген.
• Камчысын бүктөй кармап кирсе кабар айтуу максаты болгон.
“Камчысына карап адамды баалаган”
– Камчысы аркылуу кандай адам экенин, жашын, социалдык абалын да билген. Камчысын көрүп адамды баалап, же өзүнө жараша камчы алып жүрүшкөн. Сабы менен өрүмүнүн ашташкан жерин алакан дейт, ал оймо-чиймелер түшүрүлүп ар кандай шөкөттөлүп келген, шөкөттөлүп келет. Бай, бийлердин тукумдары камчынын алаканына алтын, күмүш чөгөртүп жасатышкан.
• Күндөлүк турмушта колдонгон карапайым камчы – бышык табылгыдан жасалып, сабынын узундугу 40-45 сантиметр болот. Өзгөчө шөкөттөлбөйт, жеңил, шыпылдаган камчылар, көбүнчө өрүмү жылан боор, төрт кырдуу болот.
• Мырза камчы – шагылдуу жерге өскөн абдан бышык, өңү кыпкызыл табылгыдан жасалган сабы узун камчы.
• Карыя камчы – сабы көбүнчө аса-муса жыгачынан же табылгынын жоонураак бышык бутагынан жасалган. Сабынан эле карыянын камчысы экени билинип, жогору коюшуп, келин-кесек тие берген эмес.
• Байбиче камчы – байбичелердики көбүнчө элик сап камчы болгон, аял киши кармаганда колуна өтпөсүн деп кармагычы кызыл, жашыл кыжым менен капталчу. Бүлдүргөсү деп коёт, кармаган боосу түрдүү жиптен чалынып токулган. Байбиче камчыга да өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылышып, бала-бакыра тие берген эмес.
Кыз-келиндерге, байбичелерге арналган камчылардын бүлдүргөсү узун келген. Билегине ороп алганга ылайыкталган. Ал эми мырзалардын камчысынын боосу билекке бир илме кыска болот. Анткени аларга айкаштарда, эр эңиш, улак тартыштарда, жортуулда билегине ороп алуу өтө опурталдуу, камчысынан кармап тартып алса аттан кулап же эңип кетиши мүмкүн.
• Бала камчы – сабы ичке табылгыдан жасалып, кыска жеңил келет.
• Жылкычы камчы – өрүмү өтө узун одуракай болуп, жылкы айдоого ылайыкталат. Мындан сырткары мал айдаган камчы, шапалак камчы деген көп түрү бар.
Өрүмдөрү да ар түрдүү. Терме өрүм деген бар, таза тазаланган чылгый териден 8 талдан быжыгыр өрүлүп, бүткөн соң сыйдалап түптүз кылып коёт. Көбүнчө эркектердин камчыларында колдонулуп, өрүмдүн өзөгү жоонураак келет.
Ал эми аялдарга арналган камчыларда суйсалма өрүм колдонулган. Анда быжыгыр өрүлбөй, 4 талдан узун-узун тилкелер менен суйдала түшүп өрүлөт.
Мындан сырткары 12, 24, 32 талга чейинки өрүмдөр бар.
• Балбан же булдурсун камчы деген бар, анда өзөгү жоон келип, өрүмдүн аягына коргошун коштуруп өрдүргөн. Бул найза, кылыч сымал эле куралдын ордун баскан. “Манас” эпосунда “Чапса кулак тундурган, кара жаак булдурсун” деп Манастын камчысы сүрөттөлөт.
“Айылда азыр ат мингенден уялгандар көбөйдү”
– Айылда азыр аты туруп аны минбеген адамдар бар. Аркы коктуга барса деле машине минип алышат экен. “Машинең туруп 5 литр бензиниңди аяп ат минип жүрөсүңбү?” деп шылдың кылгандар, ат мингенден уялгандар көбөйдү. Бул кыргыз эли салабатын, нарктуулугун жоготуп бараткандыгы. Атчан жүрүү деген – ата-тегинин элесин жоготпогондук, атчан жүрүү – бул ден соолук, салабаттуулук, наркты сактагандык. Жашоо шартка байланыштуу камчынын нукуралуулугун жоготуп, сувенирге, белекке айлантып алганыбыз өкүндүрөт. Ошентсе да камчы берүү аркылуу кайратынан жазбасын, эл уулу болсун же уулдуу болсун деген жакшы ниетин билдиришет. Камчы бар үй – кайраты бар үй, камчы бар үй – каадасы бар үй, камчы бар үй – мырзасы бар үй катары сыпатталат.
Кыргыз макалдары
• Колуңда жүрүп билинбейт – камчыдан артык курал жок, коюнуңда жүрүп билинбейт – катындан артык тууган (же душман) жок.
• Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
• Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң бир сырдуу бол.
• Камчы кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
• Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктүйбөс.
• Жакшы уулдун башына ырыс менен кенч ойнойт, жаман уулдун башына келтек менен камчы ойнойт.
• Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.
Асел Ишенбай кызы