УКМУШТУУ ИМАРАТТАР

Жер планетасы мындан 4 миң 600 миллион жыл мурун жаралган. Жердеги жашоо 3 миң 500 миллион жыл мурун пайда болгон. Ал эми алгачкы имараттарчы? Цивилизация өнүккөндөн бери Жер шарыбыздын бетине эмнелер гана курулуп, канчалаган шаарлар тургузулбады экен? Балким, алардын башаты тээ адам баласы жашаган үңкүрлөрдүр? Алардын бетине тартылган сүрөттөр болсо азыркы заманбап тил менен “дизайн” деп аталган искусствонун алгачкы очоктору болуп жүрбөсүн?
Өздөрүнүн жаратуучуларынын ысымдарын дубалдарына түбөлүк сактап келген укмуштуу имараттар көптөгөн шаарлардын жүрөгүнө айланып калганы чын. Египет пирамидалары, Рим колизейи, Вавилондун асма багы, Сиднейдеги Опера театры, Эйфель мунарасы, Сан-Францискодогу “Алтын дарбаза” көпүрөсү... Бул кереметтүү курулуштар жөнүндө эчендеген ырлар жазылып, миңдеген сүрөттөр тартылган.

БАЙЫРКЫ ДҮЙНӨНҮН СЫРДУУ КУРУЛУШТАРЫ

ГИЗАДАГЫ УЛУУ ПИРАМИДАЛАР
Мисирдеги (Египет) улуу пирамида дүйнөнүн байыркы 7 кереметинин эң улуусу болуп саналат жана ал 7 кереметтин ичинен биздин заманга чейин сакталып калганы жалгыз ушул пирамида. Байыркы Мисир гүлдөп турган кезде пирамида дүйнө жүзүндөгү эң бийик курулма болчу жана бул рекордду толук 4 миң жыл кармап келди.
Бул пирамида Хуфу же көбүрөөк Хеопс деп таанылган фараон үчүн табыт катары курулган. Мисир ханынын табыты биздин заманга чейин 2580-жылы даяр болгон. Кийин анын жанына Хеопстун уулу жана небереси үчүн дагы 2 пирамида курулган. Алардан алыс эмес ханышалар үчүн тизилген чаканыраак пирамидалар жайгашкан.
Пирамидалар тобу Гиза шаарында Нил дарыясынын жээгинде жайгашкан. Илимпоздордун айтуусунда, курулушта 100 миң кара жумушчу 20 жыл тегерегинде иштеген. Пирамидалардын эң чоңу болгон Хеопстун пирамидасын курууга 2 миллиондон ашык таш керектелген. Ар бир таштын салмагы 2,5 миң тоннага барган. Жумушчулар таштарды биринин үстүнө бирин тизип отуруп, эбегейсиз тепкичтерди курушкан. Тизилген таштардын үстүнө жалтырак акиташ төгүлгөн соң тепкичтердин арасы бычак мизи өткүс болгондой жылчыксыз болуп калчу. Хеопстун пирамидасы толук курулгандан кийин бийиктиги 147 метрге чейин көтөрүлгөн. Ээлеген аянтынын чоңдугун бириккен 9 футбол стадиону менен салыштырса болот. Тилекке каршы, азыр бул пирамидалардын көрүнүшү башкача: төбөлөрү урап, жылтырагы да кетип калган.

ВАВИЛОН АСМА БАГЫ
Вавилондогу эң таңкалыштуу курулуштардын бири укмуштуудай кооз асма бак болгон. Мындай бакты курууга азыр бир дагы мыкты архитектор чыгынбастыр. Бактын чыныгы көрүнүшүн бүгүнкү күнгө чейин табышмактуу жол менен сакталып калган сүрөттөрдөн элестетүүгө болот. Археологдор жүргүзгөн казууларда Вавилондо ар түрдүү урандылар табылган. Бирок, ал урандылар ошол бак өскөн имаратка тиешелүү экенин эч ким далилдей албайт. Антсе да адамдар асма бактын качандыр бир бар болгонуна ишенишет. Себеби, ал жөнүндө легендалар жашап келет.
Грек жана римдик жазуучулардын сөздөрүнө таянсак, асма бак биздин заманга чейинки 600-жылы Вавилондун ханы Навуходоносор IIнин тапшырмасы менен курулган. Бактын мекени азыркы Багдаддын түштүк тарабындагы Евфрат дарыясынын жээгиндеги Вавилон шаары болгон. Анын тарыхы бүгүнкү күнгө чейин ооздон-оозго айтылып келген кызыктуу санжырага айланып калган. Хан Навуходоносор бойго жетип, Персиянын татынакай ханбийкеси Амитиске үйлөнгөн. Баш кошкон күндөн тартып хандын келинчеги өз мекенин, үйүн сагынып куса болот. Жубайынын көңүлүн көтөрүү үчүн хан Перс тоолоруна окшоштуруп бак өскөн имаратты салдырып берет. Асма бак ири тепкичтүү имараттын төбөсүнөн ылдый отургузулган. Тепкич сайын короолор бар эле. Имараттын эң чокудагы короосу 40 метр бийиктикте жайгашкан деп болжолдоого болот. Хан Навуходоносордун буйругу боюнча бакка түркүн бадал, дарактар жана дүйнөнүн төрт бурчунан атайын алынып келинген гүлдөр тигилген. Ал эми өсүмдүктөрдү сугаруу ыкмасы мындай эле: өгүздөргө чегилген араба менен суу ташып, чакадагы сууну аркан менен көтөрүп, ылдый карай төгүшчү. Аккан суу асма бактын чокусунан этегине чейин бир кургак жерин калтырбай сиңип кетчү. Алыстан асма бактуу имарат чоң шаркыратма өңдөнүп, ханыша Амитиске жакшы эрмек болгон экен.

БҮГҮНКҮ КҮНДҮН ТАҢКАЛЫШТУУ ИМАРАТТАРЫ

ТАЙПЕЙ-101
Тынч океанда Кытай Республикасына тиешелүү Тайвань аралы бар. Анын борбору Тайпей 3 миллион калкы бар заманбап мегаполис. Бул шаар салыштырмалуу жаш болгону менен тарыхый сарайлар же музейлери менен өзгөчөлөнө албайт. Антсе да бул жер жеке ишмерлерди жана туристтерди өзүнө тартып турат. Балким, анын себеби жер шарынын эң бийик курулушу болуп эсептелген Тайпей-101 имаратыдыр...
Чокусу асман тиреген Тайпей-101 1999-жылы курулуп баштаган. Ал расмий түрдө 2003-жылдын ноябрь айында ачылган. “Тайпей” сөзүнө “101” кошулуп айтылганынын себеби, имарат 101 кабаттан турат. Анын бийиктиги 508 метр, ал эми салмагы 700 миң тонна. Курулуштун алдыңкы кабаттарында соода борборлору, үстүңкү­лөрүндө кеңселер жайгашкан. Бул имарат өзүнүн лифттери менен да айырмаланат. Лифттер саатына 63 километр ылдамдык менен көтөрүлөт. Мисалы, 1-кабаттан 89-кабатта жайгашкан панорама аянтчасына 40 секундда жетип барса болот. Тайпей-101ди курууга 1,7 миллиард доллар сарпталган. Инженерлер имаратты бороон-чапкынга, жер титирөөгө туруктуу кылып тургузушкан жана “ал дагы 2,5 миң жыл кебелбей турат” деп кепилдик беришкен.

СИДНЕЙДЕГИ ОПЕРА ТЕАТРЫ
Австралиянын эң байыркы жана эң чоң шаары Сиднейде жер шарынын жашоочуларын кызыктыра турган имарат бар. Мындай курулуш дүйнөнүн башка эч жеринде жок. Эң кызыктуусу, бул имарат искусствого арналып курулган.
Сиднейдеги театр 3 капталынан суу менен курчалып турат. Анын чатыры болсо алыстан жел кемени элестетип тургандыгы менен өзгөчө­лө­нөт. 1950-жылдардын башында Сидней шаарындагы жаңы искусство борборун куруу боюнча эл аралык сынак жарыяланган да, анын жеңүүчүсү болуп даниялык архитектор Йорн Утцон тандалган. Сынактын жюрилери анын долбоорун эң мыкты деп чечишкен. Куруу үчүн Беннелонг тумшугун даярдашкан. Кемелерге жана эски сарайларга салыштырылып жасала турган имаратты жасай келгенде оңойго турган эмес. Театрдын пайдубалы 1959-жылы тургузула баштап, 4 жыл тынымсыз эмгектен кийин бүтүрүшкөн. Кезек чатырларга келгенде куруучулар алгач кыйналышкан. Себеби, бул чатыр долбоор боюнча бири-биринин үстүнө “минген” катмарчалар болушу керек эле. Бул чатыр 2 миңден ашык бетон бөлүктөрүнөн турат. Аларды бири-бири менен жалпы узундугу 350 чакырым темир аркан байлап турат. Имараттын бийиктиги 67 метр. Чатырдын сыртына миллиондогон керамика плиталары жабылган. Ак жана саргыч боз түстөгү плиталар күн нуруна чагылып, түрдүү оймо-чиймелерди жаратканы адамды тартып турат.
1973-жылы расмий кечеде Елизавета II Опера театрын ачык деп жарыялаган. Театрда 4 негизги сахна бар. концерттик залга 2 миң 600 киши батат. Опералык зал кичирээк, анда 1,5 миң орундук жайгашкан. Ачылган күндөн баштап театрга 36 миллион киши келип кеткен. Бул Австралиянын калкынын санынан 2 эсе көп.

“КАНСАИ” АЭРОПОРТУ
Бул аэропорт башкалардан суу үстүндө курулганы менен айырмаланат. Мындай суу үстүндө аэропорт куруу зарылчылдыгы эмнеде? Биринчиден, кургак жерде орун калбай баратат. Экинчиден, ызы-чууну эл жашаган шаардан алысыраак алып кетиш керек. Ушул шарттарга толук жооп бере алган «Кансаи» аэропорту чындыгында ХХ кылымдын таңкалыштуу курулуштарынын бири болууга укуктуу.
Эл аралык “Кансаи” аэропорту Япониядагы Осака булуңуна жакын аралыкта жасалма аралда курулган. Анын курулушуна заманбап технологиялар менен эң жаңы ыкмалар колдонулган. Архитектор Ренцо Пьяно баш болгон инженерлер тобу жасалма аралды жаратуунун жолун иштеп чыгышкан. Алгач суу түбүнө 20 метрлик бийиктикке чейин тонналаган кум жана топурак төгүлгөн. Анын үстүнө шагыл себишкен жана космос спутниктеринин жардамы менен шагыл үстүнө темир раманы орнотушкан. Узундугу 4, туурасы 1,25 чакырым жасалма арал 5 жыл ичинде даяр болгон. Ал эми аэропорттун өзү 1,7 чакырым узундукта салынган. Жаңы дизайн боюнча жасалган имаратка айнек жана металлдан жабдуулар керектелген. Аэропорттун 4 кабаттан турган ортоңку бөлүгүнүн чатыры учактын канатына окшоштурулуп жасалган. Жасалма арал жер менен эки кабат көпү­рө аркылуу байланышып турат. Анын биринчи кабатынан темир жол орун алса, ал эми экинчисинде кара жол жайгашкан. Аэропортто бир гана учуп-конуучу жол бар. Ага карабастан, аэропорт жылына 160 миң учакты 25 миллион жүргүнчүсү менен тейлей алат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан