Арлен Бөдөшов, музыкант: “АТАМА ТЕҢ УУЛ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Аккан арыктан суу агат... Бул сөз тегин жерден айтылбаганы анык. Музыка дүйнөсүнүн алптары, белгилүү композиторлор Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиеванын уулу Арлен Бөдөшов мырзаны баарлашууга чакырдык. Ата жолун улантып музыканы тандаган, учурда профессионал скрипач жана пианист.

АНКЕТАСЫ

Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 18-апрель

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин, Кыргыз улуттук консерваториясынын скрипка классын бүтүргөн

Учурда – Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрде, Бишкек мэриясынын алдынданы симфониялык оркестрде иштейт

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Атактуу адамдардын уулу болуунун жоопкерчилигин кичинеңизден сезип чоңойсоңуз керек?

– Албетте. Бир нерсе болсо “тигилердин баласы” дешет да. Абайлап жүрүү керек. Бирок абайлап жүрө тургандай деле жаман адаттарым жок (күлүп). Атам, апамдын атын укканда эл дагы мени сыйлап, өзгөчө мамиле кылып келет. Бир жагынан сыймык, бир жагынан жоопкерчилик. Айрым жумуштарым ата-энемдин атак-даңкынан улам бат бүтүп калат. Бирок мен алардын атын жамынгандан качам, баарына өз күчүм менен жетсем дейм.

– Музыка дүйнөсүнө арбалып калууңузга ата-энеңиздин таасири тийгени белгилүү. Канча жашыңыздан аспаптарда ойной баштагансыз?

– Кичинемден эле үйдө дайыма музыка жаңырып турат. Ата-энем жаңы чыгарма жаратуу үчүн аспаптарда ойношот, ырдашат дегендей. Үйгө да музыканттар, атактуу адамдар көп келишчү. Аларды көрүп мен да аспаптарга кызыгып, кармалап, ойногум келчү. Кызыгуу жана каным аркылуу берилген талант мени 5 жашымдан фортепиано, 7 жашымдан скрипка ойноого түрттү.

Башталгыч класста эле башка балдар бош убактысын оюнга коротушса, мен музыкалык аспаптарды чыйкылдатып жаңы чыгармаларды үйрөнүп отурар элем.

Шаардык, республикалык музыкалык кароо-сынактарга катышып ийгилик жаратчумун. Андайда мугалимдер, ата-энем аябай кубанып, мактап калышчу. Музыка жаатындагы алгачкы устаттарым ата-энем болду. Алгач Бах, Моцарт, Бетховен, Чайковскийдин жеңил чыгармаларын үйрөнүп, кийин татаалдарына өткөм. Мен ойноп үйрөнгөн скрипка менен фортепиано СССР убагында чыгарылган. Азыркыга чейин үйдө турат, дагы деле ойноп келе жатам.

– Музыкага аралашканыңызга 31 жыл болуптур. Атайын билим да алдыңыз. Айтсаңыз, профессионал скрипач, пианист кандай болушу керек?

– Дүйнөдө укмуштай керемет чыгармалар бар. Аларда аалам жана анын сырлары, муңканган табият, бири-бирине жеткен же жетпеген ашыктар, кубанычтар, муң-зарлар, туулган жерге кусалык жана башкалар катылган.

Профессионал скрипач, пианист автордун чыгармада айтайын деген оюн угарманга жеткизе алган адам. Угармандын жан дүйнөсүн музыка менен козгоп, жашоого башкача көз караш менен кароого чейин түртө алган адам. Ал эми музыканы түшүнүүгө адамдын расасы, улуту, бай-кедейлиги, сокурлугу жолтоо боло албайт.

– Өзүңүз чыгарган чыгармалар барбы?

– Фортепианодо 11-12 трек чыгаргам. Убагы келсе тасмага же клипке колдонуу үчүн сунуштаймбы, көрөм го. Тректер уккан музыкалардан улам келген идеяга, маанайыма, жаратылыш кубулушу жана башкаларга жараша жаралат.

– Концерттерге катышасыздар. Андан тышкары сиздердин эмгекти дагы кимдер пайдаланышат?

– Театр, кино, телевидение жана жарнама үчүн пайдаланышат. Ырчылар ырынын аранжировкасы үчүн ойноп берүүгө чакырышат. Музыкалык мектепте же жекече сабак берип иштесек да болот.

– 2 симфониялык оркестрде иштейт экенсиз, оор болсо керек? Сиздер үчүн кандай талаптар коюлат?

– Дайыма болуп туруучу репетицияда, сахнада стрессти көтөрө билүүбүз керек. Башка музыканттар, дирижёрлор менен бир командада иштеп, музыкалык композицияны биргеликте талаптагыдай жаратышыбыз зарыл. Музыканын түрдүү жанрларында, мисалы, классикадан заманбап музыкага чейин ойной алууну өздөштүрүүбүз, билимибизди байытуубуз да кажет. 1 айда мамлекеттик деңгээлде өткөн 3-4 концертте оркестрде ойнойм. Күндө репетиция... Кээде тажап “ушундан көрө бизнеске кетсемби” дейм. Бирок музыкага болгон сүйүүм тушайт, анын үстүнө бизнесте өз кызыкчылыгың үчүн бирөөлөрдү алдоого туура келет. Мындай нерселер жан дүйнөмө жат.

– Кайсы атактуунун кайсы чыгармалары жүрөгүңүзгө жакын жана ойногондон тажабайсыз?

– Скрипка боюнча Чайковскийдин “Мелодиясы”, Рахманиновдун оркестрде фортепиано менен аткарылуучу “Концерт №2си” жүрөгүмө жакын. “Мелодияны” ойногонумда көз алдыма жаратылыш, театр, атактуулардын чайыр скульптуралары, картиналары элестейт. “Концерт №2ден” туулган жерге болгон кусалык сезилет. Негизи мен Вивальди, Паганини, Шостаковичтин белгилүү классикалык композицияларына чейин мыкты ойной алам.

– Ойногонуңузга өзүңүз канаатанасызбы?

– Болот, бирок аз. Апам “музыка окуп бүтүп коё турган илим эмес. Спортчу сыяктуу күн сайын машыгып жана изденип турушуң керек. Менин дагы деле биле элегим көп” деп калат. Андыктан менин биле электерим апама салыштырмалуу өтө көп.

– Атайбек ага менен Каныкей эже сизге кандай ата-эне болду? Сизге алардын кандай сапаттары өттү?

– Мыкты, үлгүлүү ата-эне болушту. Сөз, көз караш менен тарбиялашты. Атамдын менде боорукерлик, ак көңүлдүк, бат ачууланып, бат жазылган мүнөздөрү бар. Апамдын адамгерчилик, ыймандуулук, калп айтпаган, түз сүйлөгөн жактары өткөн. Атама тең уул болсом дейм, бирок жетүү үчүн далалат кылууга али кирише элекмин (күлүп). Атамдын “Кудай берсе”, “Эңсөө”, апамдын “Туулган жерди сагынуу”, “Ырдалып бүтпөйт махабат” ырларын өтө баалайм, көп угам. Ата-энем чыгармаларынын аранжировкаларын жаздырганда ойноп берем.

– Атаңыз менен көп сырдашасызбы же апаңыз мененби?

– Экөө менен тең.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

– Максаттарым көп. Симфония, балет, опера үчүн чыгармаларды жараткым келет. Ата-энем үй-жай салып, иштеп, балдарын багып, ошол эле кезде жүздөгөн чыгармаларды жаратууга жетишишти. Азыр ойлоп мынча энергия, кайратты кайдан алышты болду экен деп таң калам. Иштермандык жагынан алардан үлгү алышым керек. Скрипканын жана скрипачтардын мекени болгон Италияга барып, Паганини жүргөн жерлерди көрүп, анын скрипкасы сакталган музейге барсам деп тилек кылам. Вивальдинин чыгармаларын ошол жактан уксам дейм. Мүмкүнчүлүк болсо Европага барып иштеп келүүнү ойлонмокмун. Жеке концертимди берүү тилеги жүрөгүмдө жашайт.

– Спортко жакынсызбы? Хоббиңиз эмне?

– Футболго жакынмын. Хоббим – саякаттоо.

– Ата-энеңизди качан келиндүү кылып кубантканы турасыз?

– Жактырган кызым бар. Буюрган күнү той болор.

– Максаттарыңыз ишке ашсын! Маегиңиз үчүн рахмат!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан