Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлар көп. Алардын бири – “Суунун боюнда” деген ырдын тарыхына токтололу. Бул да жөн жерден эмес, жакында Андрей Малаховдун “Привет, Андрей!” берүүсүнө барган казак ырчысы Ахан Отыншиев ушул ырды ырдап, бирок ыр кыргыз элине таандык экенин айткан жок. Буга ырдын автору нааразы.
Алмазбек Алтынбеков, автор: “Суунун боюнда” ырым балалык сүйүүмө арналган”
– Адегенде калың журтка өзүмдү тааныштырып кетейин. 1961-жылы 18-декабрда азыркы Бишкекте төрөлгөм. Ата-энем ЖОЖдо окууну бүтүрүп келишип, атам Ноокат районунда башкы дарыгер болуп иштеп калат. Биз ошол райондо 22 жылдай жашап калганбыз. “Суунун боюнда” ыры ошол жерде жаралган. 16-17 жаштардагы өспүрүм курагым эле. Ошол учурда эле музыкага жакын элем, бир топ музыкалык аспаптарда ойноп, ыр жазып, обон чыгарып жүрчүмүн. Бир күнү Кызыл-Кыядан Азамат Жарматов деген кыйын музыкант, гитарист жигит келип калды. Ал “кел, ыр жазабыз. Сенин талантың бар экен” деп мени абдан шыктандырды. Менин биринчи ырым “Сулуу кызга” деген ыр. “Суунун боюнда” экинчи ырым, мурунку аты – “Кайда жүрөсүң?”. Кийин ырчы Төлөгөн Мамыров жаңылап ырдап чыкканда “агай, ырдын атын “Суунун боюнда кыздар отурат” кылып коёлу” деп сунуштап калды. “Макул, элге жакса болду” дедим.
“Казак ырчысы менин ырым десе күйүп кеттим”
– Эми кайра артка кайталы. Ошентип өзүмдүн ырларымды ырдап жүрдүм. 1977-жылы мени радиого чакырып, студияда үч ырымды ырдатышты. Аны КТРКда иштеген Мейманбек Касымов деген үн оператору жаздырган. Ошентип радиого берилгенден кийин ырларым популярдуу болуп кетти. Илгери ырлар пластинкага чыкчу эмес беле. Ырларым ошондой пластинкага жазылган. Кийин музыкадан башка тармакка кеттим, анткени атам ырчыларды жактырбайт эле. Кошуналарыбыздын баары артисттер эле, алар гастролдоп кеткенде үйүндө бала-чакасы каралбай калчу. Ушундан улам да ырчылыкты жактырбаса керек. Ал замандын кишилери артист десе эле башкача элестетишчү эмес беле. Ошентип филология факультетине тапшырып, өмүр бою мугалим болуп иштедим. Бирок ичиңде талант болсо тынч жаткырбайт экен. 30га жакын ырдын сөзүн, обонун жазгам. Көбү эл арасында ырдалып жүрөт.
“Суунун боюнда” ырымды такыр эле эсимден чыгарып койгон экем. Бир күнү тойдо отурсам казак ырчысынын аткаруусунда ырдалып жатат. Угуп турсам “жамгыр, жамгыр жаайт” деп ырдалып жатат. Ошол жерден дароо эле “ээ ботом, бул ыр меники го” дептирмин. Көрсө, казак ырчысы Ахан Отыншиев ырдап жүрүптүр. Өткөндө Малаховдун телеберүүсүнө барып казак ыры катары айтып отурбайбы. Ошондо жаным күйүп кетти. Эмне деген уяты жоктук бул? Өзүнүн ыры эмес болсо да “меники” деп эл алдына чыкканына таң калдым. Мен бул ырды радиого жаздырып жүргөндө ал жигит төрөлө элек болсо керек. Аталган ыр азыр деле Кыргыз радиосунун Алтын фондунда сакталып турат. Мектептен кол бошобойт, ошону издеп тапканга убакыт жок.
“Кайдагы бир жаш бала менен соттошуп жүрөмбү дедим”
– Ыр кимге арналган деп сурап калдың. Эми бул ырды арнаган адам азыр үй-бүлөлүү. Менин балалык сүйүүм эле. Аябай сулуу кыз болчу. Ал Бишкекке окууга кетип, мен Ош шаарына окууга тапшырып, жолубуз айрылышып калган. Кийин курсташы ала качып кетип, турмуш куруптур. Көп ийгиликтерге жетип, илимдин кандидаты болуптур, азыр очор-бачар болуп жашап жатса керек. Кийин кокустан бир жолу көрүштүк, бирок сүйлөшө албадык. Менин жубайым, бала-чакам, неберелерим бар... Бул ыр ага арналганын ал адам деле билет болуш керек. Ырдын кыскача тарыхы ушундай.
Ыр жүрөктөн чыккандыктан элге жакты окшойт. Мен билгенден ондон ашык тилге которулуп ырдалып жүрөт. Түрктөр, орустар, дагы далайлар ырдап жүрөт. А казактар такыр эле менчиктеп алышыптыр (күлүп). Мага “соттошуп, ыр сеники экенин расмий ырастаттырып албайсыңбы?” деп көп айтышты юристтер. Эми 62 жашка чыкканда кайдагы бир жаш бала менен соттошуп жүрөмбү, өлүп кетпейби деп тим койдум. Бирок эл бул ыр казактардыкы эмес, кыргыздыкы, менин ырым экенин билсин деп ойлойм. Муну үн режиссёру Мейманбек Касымов деле тастыктап бере алат. Бир чети ырым элге тегиз жагып, ырдалып жүргөнүнө сыймыктансам, экинчи четинен бирөөлөрдүн “менчиктеп” алганына жиним келет.
Төлөгөн Мамыров, ырчы: “Суунун боюнда” эски ыр экенин атам айткан”
– Бул ырды мен Данияр Эрматовдун сунушу менен ырдап калгам. Ырдын автору Алмазбек агайдан уруксат сурап, анан ырдап чыктым. Мен ырдап чыкканда казак боордоштор телефон чалышып, “биздин ырды ырдап жатасын, автору бизбиз” деген да (күлүп). Менин атам аскерде жүргөндө ырдап жүрүшчү экен бул ырды, кайдан алардыкы болот? Кийин “кечирип койгула, обону силердики, сөзү биздики экен” деп кечирим сурашты. Мен “обону да, сөзү да биздики” дегем. Кийин кайра кечирим сурашкан.
Нуржамал Жийдебаева