Сюцай илими дүрбү салат: АКТЁРЛОРДУН МҮНӨЗҮ КАНДАЙ?

Сюцай илими боюнча адам кайсы датада төрөлсө, ошол датадагы сандын программасы жана планетасынын таасиринде болот. Сандар 1ден 9га чейин алынат. Эгер адамдын туулган күнү 2 орундуу сан болсо, анда 2 санды бири-бирине кошуп 1 орундуу сан чыгарып алыш керек. Мисалы, 10-июлда төрөлсөңүз 1+0=1. Демек, аң-сезим саныңыз – 1. Эгерде 29-ноябрда туулсаңыз, 2+9=11. Демек, 1+1=2. Аң-сезим саныңыз – 2. Кыргыздын белгилүү актёрлорун сюцайдын элегинен өткөрүп көрөлү. Бул үчүн бизге сюцай адиси Азиз Момукулов көмөктөштү.


“1” – Өз мыйзамы менен жашап, башкаларды укпагандар...

• Жеңиш Майрамбек уулу (10-май, 1+0=1)

– Аң-сезим саны 1лердин колдоочу планетасы – Күн. Булар лидер, демилгечил, эгосу бийик, атак-даңкка умтулган, идеяларга бай, өзүнө ишенген, стратег, оратор, ойлоосу мыкты, элди артынан ээрчите алган адамдар.

Өздөрү чыгарып алган эреже, мыйзамдары менен жашап, башкалардын пикирлерин оңою менен уга беришпейт. Ошондуктан өз алдынча бат чечим чыгара салышат да, анысына өкүнүшөт, кыйынчылыктарга дуушар болушат. Кайсы бир себептер менен адамдарды өздөрүнө көз каранды кылып, аларды өзүнө пайдаланууну билишет.

Өзүмчүл болгондуктан максатына кандай жол менен болсо да жетүүгө умтулушат. Ошондуктан жакындарына зыян алып келип же алардын нааразычылыгы, урушуна дуушар болуп эле басып жүрүшөт.

Ошондой эле...

– Агрессияга, консерватизмге жакындык булардын терс жагы. “Мен” дегенин азайтып, башкалардын ой-сунуштарын уга билишсе, көп ийгиликтерге жетишет.

“3” – Насаатчы жана кежир болушат...

• Арнис Кыдырмышев (12-июнь, 1+2=3)

– Колдоочу планетасы – Юпитер. Аталган планета акыйкаттын, чындыктын, билимдин планетасы. Андыктан аң сезим саны 3төр жашоодон көп нерсени алууга жана билүүгө умтулган, энергиялуу, таасирдүү, насаатчы, максат коё билген, иштерман, ишенимдүү адамдар.

Ар дайым “мен билем”, “ушундай болорун билгем” деп турушат. Буга таң калуунун кереги жок, анткени, жогоруда айтылгандай, аларга билим, алдын ала билүү жөндөмдүүлүгү тубаса берилет. Бирок айрым учурда билбесе деле билем деп куру мактанмай жагы бар. Мыкты ой жүгүртүүчү жана анализдөөчүлөр.

Кежир жана көк болгондуктан жабыр тартарына, утуларына карабай бир принципте тура беришет.

Ошондой эле...

– Жалкоолугу бар, таасирлерге бат берилишет. Тилин албагандарга, өзүнө каршы чыккандарга каарын чачып, деспотко айлана алышат.

“6” – Байлыкты жакшы көрүшөт...

• Назым Мендебаиров (15-октябрь, 1+5=6)

Данияр Жанжигитов (6-октябрь)

Өмүрбек Израилов (6-ноябрь)

Атай Өмүрбеков (24-апрель, 2+4=6)

• Аң-сезим саны 6лардын башкарган планетасы – Венера. Булар келбеттүү, жашоого жана сүйүүгө кумарлуу, искусствого кызыккан, жарашыктуу кийинип, кооз үйдө жашоону сүйгөн, ишмер, эмоционалдуу, ойлоп тапкыч адамдар болушат. Жашоого ийгилик жаратуу үчүн келгендер. Даанышман жана мыкты кеңешчилер да ушулардан чыгат. Кудайдын жана байлыктын энергиясын алып жүрүшөт. Ички туюмдары күчтүү болгондуктан ким эмне кылып жатканын сезип, билип турушат. Акча, байлыкты оңой таап, бирок аны бат жок кылышат. Тапканынан чачканы көп. Бир иш кылардан мурун жакшылап ойлонушу керек. Эгер шашылыш чечим чыгаруу керек болуп калса, көп ката кетиришет.

Булардын эркине каршы сөз айтышса, иш жасашса муштумдары түйүлүп, кабактары үңүрөйөт. Башкаларга да буйрук бере беришпейт. Тилдери “ачуу” келет. Адамдын көңүлүн оорутуучу тамашаларды балп эткизип салышат. Максатка жетүү үчүн башка адамдарды колдонууга маш.

Ошондой эле...

• Жакшы сапаттарын өнүктүрүшпөсө жаман окуяларга туш келе беришет. Мыйзамды оңой эле бузууга ыктаган адамдар.

“7” – Өздөрүн жылдыз сезишет...

• Самат Эркинбеков (16-март, 1+6=7)

Камчы Сарыбаев (7-февраль)

– Аң-сезим саны 7лердин колдогон планетасы– Кету. Булардын башынын ордуна жылдыз болот. Ошондуктан өздөрүн жылдыз сезип, кайда болсо да эл көзүндө болсом деп турушат. Даңкка умтулушат жана жетишет. Жашоого алуу үчүн келгендер. Харизмалуу, иштерман, идеяларды бат ишке ашырган лидер адамдар.

Энергетикалык түзүлүштөрүнө келсек, энергия бутунан тартып моюнуна чейин барып токтойт. Андыктан өздөрүнүн ким экендигин жакшы түшүнө беришпейт. Йога, спорт менен машыгышса гана энергия баштарына чейин жетип өздөрүн мыкты түшүнүп, ачыла элек жактарын ача алышат. Чөйрөсүндөгүлөргө дайыма кризистик абал түзүп жүрүшөт, өздөрүнө энергия жетишсиз.

Ошондой эле...

– Өзүмчүлдүк, кыйратууга жакындык булардын терс сапаттары. Ачууланып турганда, шашылышта абалды аңдап биле алышпайт. Башында “хаос” өкүм сүрүп калат. Туура эмес чечимдери менен өздөрүнө зыян келтирип алуулары мүмкүн. Жашоого алуу үчүн келгендиктен канчалык берсең да буларга дайыма аз.

“9” – Жеңилүүнү сүйбөйт...

• Аскат Сулайманов (27-май, 2+7=9)

– Аң сезим саны 9дардын колдоочу планетасы – Марс. Марс – согушчандардын планетасы болгондуктан булар тубаса аскер жана спорт адамдары. Аскат мырзанын кичинесинен милиция кызматкери болгусу келгени ушуну менен түшүндүрүлөт. Бирок милиция кызматкери болбосо да бир топ тасмада алардын ролун ойногон.

Аң сезим саны 9дар алдыга умтулган, шамдагай, экстримди жана активдүү эс алууну сүйгөндөр. Анча-мынчаны байкай билбеген жагы да бар. Идеялар буларда үзүлбөйт. Алар көбөйгөн сайын энергиялары да көбөйүп турат. Идея жок калганда диванда жатып калышат. Булар жашоого жеңүү үчүн келгендер, андыктан жеңилүүнү оор кабыл алышат. Бир убакта көп ишти баштап алып, бирин да аягына ийгиликтүү чыгара албай калышат.

Ошондой эле...

– Эмоционалдуу болгондуктан айрым кырдаалдарда өздөрүн кармоо кыйынга турат. Сөгүнүп, кыйкырынып же ызы-чуу, мушташ чыгарып жибериши ыктымал. Эмоцияларын чыгарып, адреналин алуу үчүн спорт менен машыгышса жакшы.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан