Керемет бир үйдүн түйшүгүн кичинесинен жалгыз тартты. Атасы менен апасы ажырашып кетип, бир туугандардын улуусу катары апасына жардам берип жумушка эрте аралашты. Кийин окуу жайды кызыл диплом менен бүткөнүнө карабай Москвага кетип кара жумушта иштеди. Бир туугандарын бутуна тургузду. Ары-бери карагыча анын жаштыгы, гүлбурак кези өтүп 40 жашка келип калыптыр. Бир туугандарынын баары үйлөнүп-жайланып, өз очогунун түйшүгү менен кетишти. Бизнесин жолго коюп, “эми өзүмдүн турмушум менен алек болоюн” дегиче арадан дагы 7-8 жыл өтүп кетти. Ошентип 48 жашка чыкты. Айылга барган сайын апасы кулак-мээсин жеп жатчу, кийинки кезде ал дагы унчукпай калды. Кызынын тагдырына баш ийди көрүнөт. Баарынан да Кереметке апасынын унчукпай калганы оор тийди.
– Эмне турмушка чык деп айтпай калгансыз, апа?- деди бир келгенде тамаша-чынга салып.
– Эми кайдан чыкмак элең? Сен эмес, солкулдаган кыздарга күйөө жок. Иниңдин аялы болсо жыл сайын койдой эле тууп жатат. Бирин сурап берейин, багып ал. Карыганда жалгыз калтырбай эрмек болсун.
Кереметтин жүрөгү сыйрыла түштү. Бул итке сөөк ыргытып сыйлагандай эле кеп эмеспи. Кандай болгон күндө да жашоо чындыгы. Капа болгонун билгизбей адатынча жаркылдап койду.
– Апа, көрөсүз го. Мен так 50 жашымда төрөйм. Юбилейим менен кошо бала көргөнү келесиңер.
– Ии, кыйратасың. Бала багып алсаң жакшы болот эле, кызым. Өз каның...
– Менин өзүмдүн балам болот, апа. Болбой калса, демек, тагдыр. Бала бирөөдөн алып бирөөгө бере койгудай эмне буюм беле? Ар бир бала өз ата-энеси менен жашашы керек. Мен эч кимдин баласына муктаж эмесмин. Андай теманы мага экинчи айтпаңыз.
Апасы унчукпай калды. Бишкекке кайтып келе жатып Керемет аябай ыза болду. Үйүнө келип эле керебетине күп түшүп, бугун чыгара ыйлап алды. Анан эсине келди. “Жашоо уланат, жалгыз болсом да жашашым керек. Менде баары жакшы болот” деп өзүн-өзү чыйралтып кайра ордунан турду. Кереметтин күчү мына ушунда эле. Кандай гана сокку тийбесин ал кайра бутуна турганга күч таба алчу.
Москвага товар жөнөтүп, ал жактан кайра товар алып келчү кызматы бар болчу. Бир күнү жүк ташып жүргөн бир адамды көзү чалды. Мурункулардан эмес экен. Эл тамак ичип жатса өзүнчө обочо отуруп, тамекисин түтөтүп жаткан экен. Эмнегедир боору ооруй түштү.
– Жигит, мага келип кетсең,- деди ал кабинетине кирип бара жатып.
Тиги адам аркасынан келди, тиктеп туруп калды.
– Эмнеге түшкү тамак ичпейсиң? Алың куруп калбайбы?
– Ала келбедим эле.
– Анда кел, мен тамак ала келгем. Жакшылап тоюп алып иште. Биздин жумушта курсакты жакшы тойгузуп албаса иш жүрбөйт.
Керемет ала келген тамактарын тигинин алдына койду да, тартынбай ичсин деп өзү чыгып кетти. Бул адамдын атын, затын кийин билди. Аты Кайрат экен, өзү түрмөдөн жаңы чыгып иш издеп жүргөндө балдар алып келишиптир. Керемет боору ооруй башын чайкады. Түрмөдө жатса эмне экен, жазасын өтөптүр, болду да. Өзү ичпеген, чекпеген, интеллигент жигит экени көрүнүп турат. Жашоодо баары болот эмеспи. Кайрат түз жүргөн жигит экен, бара-бара аны бул жерде баары сыйлап, кайсы бир иштери болсо кайрылып жатышты. Керемет да аны байкап калды.
– Сен баарынын эле маселесин чечип берип жатасың го. Мурун ким болуп иштегенсиң?
– Мен юристмин, убагында күчтүү адвокат дешчү мени...- деди тиги жеңил үшкүрүнө.
– Мына кызык, өзүңдү актаганга дареметиң жетпедиби, адвокат?- деди Керемет тамашалай.
– Мени актачу жагы жок болчу.
– Сениби?
– Ооба, жанымдан артык сүйгөн аялды башка менен өз төшөгүмдө кармаганда кармана албадым. Кийин өкүндүм, албетте, бирок кеч болчу. Экөөнү тең жарым жан кылыптырмын, бирок жашап жүрүшөт, ал тургай балалуу да болушуптур. Бактылуу болушсун. Ошол бала, балким, меники болот беле? Мен балдарды аябай жакшы көрөм.
Керемет анын үнүндөгү кусалыкты сезип көзү жашылданып кетти. Өзү да баланы жакшы көрөт эмеспи. Болгондо да ичи эзилип жакшы көрөт.
– Хм, биздейлерге бир аз Кудай тең карабай коёт окшойт.
– Балким...
Кайрат менен Кереметтин ортосунда ушундан кийин бир байланыш пайда болду. Айлык алганда Кайрат конфет менен гүл белек кылып, Керемет ага түшкү тамагын бөлүшүп жүрүп эле кантип иш үйлөнүүгө жетип калганын байкабай калышты. Алардын үйлөнүү тоюнда баары чын дилден кубанышты. Эки ай өткөндөн кийин Кереметтин кош бойлуу экени белгилүү болду. Баарынын кубанычында чек жок болчу. Бала аман-эсен төрөлсө так эле 50 жашында төрөлөт экен. Бир кезде апасына айткан сөзү эсине түштү. “50 жаш юбилейимде бала көргөнү келесиңер?” деди эле. “Адамдын оозунда болсо, Кудайдын кулагында” деп айтышкан эмеспи кыргыздар. Так туулган күнүндө Керемет уул төрөдү. Ымыркайды көкүрөгүнө жаткырып беришти акушерлер. Керемет ыйлап жатты. Мына бакыт! Терезени карап, алгач эле таягын таянып колунда гүл кармап турган апасын көрдү, айылдан бери эч нерсеге карабай келгенин карачы. Ыйлаганы билинип турат. Кол булгалап колундагы баланы көрсөттү. Апасы бирдеме деп дуба кылып ыйлап, кубанычы коюнуна батпай жатты. Жанында болсо Кайрат, колунда роза гүлдөрүн кантип кармаарын билбей адатынча комсоо, көзүндөгү бакытты көрбөш мүмкүн эмес эле. Бир туугандары баары келишиптир, колдорун булгалап жатышты. Керемет уулун өйдө көтөрүп жаш аралаш буларды айтты.
– Юбилейиме жана жентек тоюбузга шашпай чакырам!