КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Карап көрүшүм керек, жата берсем болбойт. Ордумдан акырын туруп терезенин жарык чыккан жеринен бөлмө ичин карасам ортодогу столдон Касыкени өлтүргөн Эрмек менен Ваня байке көрүндү. Экөөнүн тең колтугунда тапанча. Карта ойноп жатышкан окшойт, столдо акчалар жатат үйүлүп. Кеминде дагы эки адам бар экен булардан башка, колдору көрүнүп жатты. Ары жакта Асел диванда жатат, шорты кийип алыптыр, үстүндө кыска футболка. Үйдүн ичи өтө эле ысып кеткен окшойт, маал-маалда желпинип коюп телефон чукулап жатат. Эрмек менен Ваня байке экөө тең тамеки чегип жатышат, үйдүн ичи түтүн. Берки шериктери да чегип жатышат окшойт, тамекинин калдыгын салган идиш толуп калыптыр. Эки жакты карасам тынч эле, Асел түтүнгө чыдабады окшойт, бир маалда Эрмекке карап чекесин тырыштыра бир нерселерди сүйлөдү эле, Эрмек тушунда отурган шеригине бир нерселерди айткандай болду. Анан свет өчтү да, бирөө кылдыратып терезени ача баштады. Мен дароо жерге жатып, тез-тезден сойлоп үйдү айланып кеттим. Үйдүн бурчунан бурулсам бирөө чалкасынан жатып алып музыка угуп жатканбы, айтор, кулагында наушник. Асманды карап жаткан экен, менин шыбыртымды угуп чочуп артты карады эле, дароо оозун басып, моюнун билегим менен муунтуп, үстүнөн басып, эки бутум менен эки бутун кысып жатып калдым. Тааныдым, бул баягыда Эрмек менен барып мени кармайбыз деген Бактияр эле. Ныгырып, салмагым менен басып жата бердим. Күчтүү экен, бир топко булкунду, бирок моюнун алдырып койгон, кантип чыкмак эле. Бир аздан кийин өзүн жоготуп жатып калды. Дагы бир аз муунтуп жаттым да, коё берсем шылк деп эле жатып калды. Дароо футболкасын чечип эки бутун байлап, бутундагы кроссовкисинин боосун чечип эки колун артына байлап, оозуна бейсболкасын тыгып салдым да чуркап токойду көздөй качып жөнөдүм. Бул жактан алыс кетиш керек. Токойго жетейин деп калгам, чуркап баратсам бирөөнүн оор муштуму дал көкүрөгүмө тийди. Эки бүктөлүп эле дем жетпей жатып калдым. Экөө экен, караңгыда таанылбайт кимдер экени, бирөөсү дароо оозумду жаап, экинчиси колумду артка кайрып, колума кишен салып, көмкөрөмдөн жаткырышты. Бирөөсү автоматын такап, орус окшойт:

– Үнүңдү чыгарсаң атам, жашагың келсе үнүңдү чыгарба,- деп автоматтын учу менен башымды жерге ныгырып койду.

– Макул, макул.

Желкемден кармап сүйрөп мени токойго алып кирип кетишти. Көп эле окшойт булар, ары жакта полициянын формасын кийген беш адам турат. Бирөөсү фонарик жагып мени карап турду да жанындагысына:

– Бул мен айткан электрик, "козёл отпущения". Издөөгө ушуну беришкен.

– Макул анда жатып турсун, кийин чечебиз эмне кылышты. Жетинчи, сен карап кал муну. Калганыбыз кеттик, даярдангыла,- деп рациясынан буйрук берди. Баары ээрчишип үйдү көздөй кетишти. Акырын башымды көтөрүп карасам көзү эле көрүнгөн, капкара кийинген "СОБРдын" адамы экен. Автоматы менен башымды жерге ныгыра басып койду. Төшүндө рация илинип турат. Рациясынан башчысынын буйрук бергени, сүйлөшкөндөрү угулуп жатты. Бир маалда "кеттик" деген ун угулуп, бир аздан кийин тапанчалардын, автоматтардын атылганы, адамдардын кыйкыргандары угулуп, айтор, тополоң болуп кетти да, кайра тез эле басылып калды. Арадан он мүнөттөй өттү окшойт, машиналардын келген үнү угулду, бир аздан кийин кайра кете башташты. Мени кайтарып турган адам рациясын басып:

– Биринчи, биринчи... Мен жетинчи, мен кармап турган адамды эмне кылайын?- деп сурады.

– Жетинчи, келе бер биякка, ал жөн эле козу карын терип жүргөн адам экен, коё бер, кете берсин. Ортодон бирөө сөзгө аралашты.

– Биринчи, биринчи... Мен экинчи, эмнеге коё берет, ал да күнөөлүү да.

– Жетинчи, ошол жерде туруп тур, экинчи жетинчинин жанына бар. Бир маалда илмийген арык мент токойдон чыгып жаныбызга келип, мени бутунун учу менен бир тээп рациясынан эми сүйлөйүн деп жатканда телефонуна чалуу келип калды.

– Да, угуп жатам, биринчи,- деп бир аз угуп турду да, телефонун "громкий связга" коюп бизге да угула турган кылып тосуп турду. Телефондогу үн:

– Жетинчи, мени кандай угуп жатасың?

– Мен жетинчи, жакшы угуп жатам.

– Тигил кармап турган балаңар токойдо козу карын терип жүргөн эле адам экен, кандай түшүндүң?

– Биринчи, мен жетинчи, түшүндүм. Козу карын терип эле жүргөн адам экен.

– Анда эмне күнөөсү жок адамды кармап турасың? Коё бер да, экинчиге айт, экөөң тез барып үйдү карагыла, куралдар болушу мүмкүн. Кыскасы, бир саатта криминалисттер келишет, ага чейин үйгө жан адам жолобосун. Жетинчи, үйгө сен керт башың менен жооп бересиң. Экинчи сенин айтканыңды аткарсын. Экинчиге дагы эскертип кой, эгер жумушуна дагы ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылса иштен айдалат. Кандай түшүндүң, жетинчи?

– Түшүндүм, биринчи, бул адамды коё берип, экинчи экөөбүз барып үйдү карайбыз.

– Макул, ийгилик,- дегенден кийин телефон өчтү. Илмийген мент сөгүнүп калды:

– Кантип коё беребиз, бул деген кылмышкер да,- деп эле чыйпылыктай баштады. Жетинчи бет кабын алып, менин колумдагы кишенди чечти да тургузуп, далымдан таптап:

– Биз сени адашып кармаппыз, бара бер. Козу карыныңды тере бер,- деп автоматын далысына илип, кийимдерин кагына баштады. Бир маалда илмийгендин телефону дагы шыңгырады:

– Да? Аа, макул түшүндүм. Ооба, коё бердик, үйгө баратабыз. Түшүндүм, азыр алып келем,- деп телефонун өчүрдү да, кайра сөгүнүп калды.

– Биринчиби? Эмне дейт?

– Эмне дейт, эмне дейт? Мобул акмактын дагы бир шериги бар экен, экөө чогуу козу карын терип жүрүшкөн экен, ошол шериги үйдүн жанында туруптур. Экөө бири-биринен адашып кетишкен имиш, көрсөтүп кой дейт,- деп сөгүнүп алды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан