– Аккыз, кандайсыз? 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Манас” театры кыз-жигит айтыш концертин өткөрдү. Ал концертте өзүңүздү жакшы көрсөттүңүз. Кыйла такшалып калгандайсыз...
– Арыбаңыздар. Шүгүрчүлүк, рахмат. Башка концерттерден айырмаланып бул концертте өз үйүмдө жүргөндөй эле жүрдүм. Мен үчүн жеңил болду негедир, кыйналган жокмун. Толкундоо көп болгон жок. Концерттин жүрүшүндө Иманбек Жээнбеков агабыз менен ыр айтыш кылдык. Айтышыбызды “жакшы номерлердин катарына кирди” дешти, эл жакшы баасын берди, жетекчилер макташты. Мунун баары чын дилден айтылып жаткандай сезилет. Концертке келип көргөн, бизди колдогон күйөрмандарыбызга рахмат. Алар дагы “мурдагыдан такшалып калыптырсың, үнүң, өзүңдү алып жүрүүң жакшырыптыр” деп айтып жатышат.
– Жылдан жылга чыгармачылык тепкичтен улам көтөрүлүп бара жаткандай сезилеби өзүңүзгө?
– Тескерисинче, түшүп бара жатамбы деп ойлоп кетем. Өзүмдүн үстүмдөн жакшы иштебей жаткандай сезилип жатат. Ырымды, төкмөлүгүмдү өнүктүрөйүн деп быйыл Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмүнө тапшырдым. Манас айтууга да басым жасайм. Дагы да ийгиликтерди жаратайын, өзүмдүн башка өнөрлөрүмдү да ачып, чыгармачылыктын башка жааттарында ийгиликтерди жаратсам дейм. “Манас” театрында “Аян” деген тобубуз бар. Аны Табылды Актанов жетектейт. Былтыр “Айкөлдүн аманаты” деген спектакль койгонбуз, быйыл да жаңы спектаклдин үстүндө иштеп жатабыз. Башкы каармандын ролундамын. Актрисалыкта да өзүмдү сынап жатам десем болот.
– Анан актрисалыкта кандай экенсиз?
– Эмоция берип, сөзүңдү көрүүчүгө жеткире айтып, образга кирип ойношуң керек экен да. Мага эмоция жетпей жатат. Манас айтып аткарам, манас айтып жүргөндүктөн ал оор болгон жок, аткаруучулук жагы бир аз оор болуп жатат.
– Театрдагы жумуш, окууңуз, концерттер, тойлор, гастролдор жана башка. Баарына кантип жетишип жатасыз?
– Мурда мен да баарына жетишкендерге таң калчумун. Көрсө, өзүңдү чыгармачылыкка арнап койсоң жетише берет экенсиң. Жетишсе болот экен, бирок жанчылып кыйналып каласың. Анткен менен аракетиңдин жыйынтыгы бардык кыйынчылыктарды унуттуруп коёт. Азыр жашпыз, иштеп, окуй турган курагыбыз да.
– Материалдык көз карандысыздыкка жетейин деп калдыңызбы?
– Материалдык жактан көз карандысыздыкка жете элекмин. Бирок өзүмдү камсыздап, баскан-турганымды, ичкен-жегенимди өзүм таап, ата-энемдин этегине эрмешпей өзүм менен өзүм болуп калдым. Кандай десек да руханий дүйнө менен материалдык дүйнө бир жүрөт экен. Материалдык дүйнөң бир калыпта болбосо руханий дүйнө да чөгө берет. Материалдык дүйнөм түгөл эле, бардар үй-бүлөнүн кызымын, өзүм да таап жатам.
– Жаш төкмө акындардын бирисиз. Жол көрсөтүп, кеңешин берип алдыга сүрөп турган устатыңыз ким азыр?
– Бардык акын эже, агаларым жол көрсөтүп, кеңешин, сынын, жакшы ой-пикирлерин айтып турушат. Тентектик кылып кээде аларды укпай коюп тил уккан учурларым да болот.
– Маданият чөйрөсүнүн сиз үчүн терс жагы барбы?
– Менимче, маданият чөйрөсүнүн терс жагы жок. Бул чөйрөдөгүлөр баарыбыз өнөрүбүз менен өлкөнү өнүктүргөнгө салым кошушубуз керек. Эгерде өнөргө сөз тийсе, анда ал өнөрдү алып жүргөн адамдын өзүнөн. Напсисин тыя албагандар бардык жерде эле бар да. Ошолорду өнөргө чаптап, өнөрүбүзгө жана жалпы артисттерге сөз тийгизишип, “артисттер жаман” деп калышат. Өнөргө сөз тийгизгенге жол бербешибиз керек. Артисттин өзүнө сөз тийбесе өнөрүнө да сөз тийбейт.
– “Алтын-күмүш дүйнөңдөн эмне пайда, Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла” деген эле устатыңыз Элмирбек Иманалиев. Сүйүү жагы кандай болуп жатат?
– Сүйгөн жакшы. Бирок азыр өзүмдү өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жаткандыктан сүйүү мамилелерин токтотуп турайын дедим. Өзүм сүйрөлүп араң жүргөндө бутумдан тартчу нерсени каалабай элемин. Жоопсуз сүйүүлөр болуп турат экен, андан качам.
– Чыгармачыл адамдарга сүйүү эргүү берип, жаңы шедевр жаратууга түрткү бербейби, тескерисинче?
– Мен анчалык сүйбөй жатат окшойм. Ошондой болот го деп ойлоп аны да эксперимент кылып көрдүм (күлүп). Чыгармалар жаралып, обондор чыгып кетеби десем, жок, жаралган жок. Балким, мага чыныгы сүйүү келе элек.
– Жоопсуз сүйүү деп калдыңыз, ошол жөнүндө айтсаңыз...
– Сүйгөм, жетпей калгам, кийин мен муздап калганда ал көңүл бура баштады. Азыр ал адамды жөн гана сыйлайм.
– Мырзалардын кандай сапаттарын баалайсыз?
– Айткан сөзүнө турган, чыныгы эркектик мүнөзгө ээ, майдаланбаган, чын сүйлөгөн, кыз кишини урматтай билген мырзаларды сыйлайм.
– Канча жашта турмушка чыгуу туура деп ойлойсуз?
– 23 жаштан 30 жашка чейин чыккан туура деп ойлойм. Азыр 21 жаштамын. Түгөйүмдүн жогоруда айткан сапаттарга ээ болушун жана менин чыгармачылыгымды түшүнүшүн каалайм. Артист болуп туруп чыгармачылыкты түшүнбөгөндөр, артист болбой туруп аны түшүнгөндөр бар экен.
– Маекти эне тил күнүнө арналган иш-чара тууралуу сүйлөшүп баштаганбыз, кыргыз тилинин азыркы абалы тууралуу оюңуз менен жыйынтыктасак...
- Айылдарда эл кыргызча жакшы сүйлөйт. Шаарда орус тили көбүрөөк баалангандай, орусчаны билбесең уят. Мурун деле эне тилибизге көп маани берилчү эмес, азыр деле ошондой. Баары өз элибиздин колунда деп ойлойм. Эл өзгөрүп, өнүгүшү керек, эне тилибиздин баалуулугун аңдашы зарыл. Тилиңди, тарыхыңды, каада-салтыңды билбесең өнүгө албайсың. Элдик ырларды ырдап жүргөндөрдү “колхоздор” деген Союз учурундагы түшүнүк мээбизге сиңип калыптыр, ошол түшүнүк кете элек. Манасты чангандар да кездешет.
Мен кайда барбайын кыргызча сүйлөйм. Такыр кыргызча билбегендерге айла жок, орусча түшүндүргөнгө аракет кылам. Орустарды го түшүнсө болот. Бирок орусча сүйлөгөнү үчүн эле өзүн кыйын сезген кыргыздарды маңкурт десе болот. Өз жериңди, элиңди, тилиңди билбей, чанып, аны өзүң ур-тепкиге алып, тепселеп турсаң, анда кыргыз эмессиң, кыргызды сатканың.
Кыргыз эли нарк-насилди унутпасак, улуттук баалуулуктарыбызды бийик көтөрүп баалап алсак гана өнүгөбүз. Бирок эл деле акырындан нукуралуулукка, жаратмандыкка, табигыйлыкка басым кыла баштады. Айтышты, манасты уга башташты. Тойлорго төкмө акындарды чакырып жар-жар айттырып жатышат, тойлордун ачылышында манас айтылып баштады. Мени да манас айтып бер деп чакырып калышат. Бул жакшы жышаан, патриоттуулуктун ойгонушу, түпкүлүгүбүзгө кайтуу.
Перизат Музуратбекова