«АВТОРИТЕТМИН» ДЕГЕНДЕР АБАККА ОТУРУШАТ

Аптанын жаңылыгы

Кылмыштуу дүйнө Кыргызстанды чырмап алганын баарыбыз эле көрүп-туюп турабыз. “Ата Мекен” партиясы Жогорку Кеңешке чейин басып кирген криминалды жок кылуу маселесин парламенттик шайлоого аттанганда эле көтөргөн. “Смотрящий, криминал” дегендерди жок кылабыз” деген убада иш жүзүнө ашабы?
Коалицияга кошулбай калган соң оппозицияга кеткен “ата мекенчилер” фракциялык жыйынында дал ушул маселени талкуулашты. Жыйында Караколдогу эс алуучу жайлардын биринде кримавторитеттер менен кошо прокуратура жана башка бийлик органдарынын жооптуу адамдары чогуу отуруп эс алышканы тууралуу кеп козголду. Буга чейин айрым гезиттер “спикер Ахматбек Келдибеков Жаңы жылда Караколдогу лыжа базаларынын биринде Камчы Көлбаев менен бирге чайлашты” деп жазып чыгышкан эле. Эл өкүлдөрүнүн кебине таянсак, ушак иретинде айтылган бул сөздүн чындыгы бардай.
Учурда “ата мекенчи” Туратбек Мадылбековдун демилгеси менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип жаткандыгы бул жыйында белгилүү болду. “Мен пахан, смотрящий, чёрныймын” дегендер үч жылга чейин камакка алынышат. Алар криминалдык идеологияны тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышат. 2-3 кишиден уюшулган топтун мүчөлөрү 10 жылга чейин темир тор артына кесилсе, өзүн “кримавторитетмин” дегендер да 10 жылга абакка кетишери каралууда”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Айтмакчы, “Ата Мекендин” башчысы “Ата Журт” партиясынын тизмесинде турган бир талапкердин жакында кармалганы жөнүндө укканын кабарлады. “Кримдүйнө менен байланышы бар” деген шек менен колго түшүптүр.
Кылмыштуу дүйнө өз тамырын Ак үйдүн 7-кабатына чейин жайылтып жибергени ачык эле айтылып келген. Бийлик муну моюнга алганы менен, ушул күнгө чейин конкреттүү чара көрбөй келет. “Ата Мекен” мындай оор миссияны баштап алды. Эми аягына чыгара алабы? Бул бир эле партиянын эмес, бийликтин, коомдогу ар бирибиздин колдоо-түшүнүүбүздөн көз каранды.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
pyeon hwa
2011-01-31 13:24:32
soz jok!!!
0
arlekino
2011-01-31 15:12:54
Колунун эч кимдин эч нерсе келбейт...чай-пайын ичишип журо беришет...криминал менен !!!
Бул помоему жон эле пиарход...
0
aminali
2011-01-31 18:31:05
Abailawsa ele boldu.
0
Taalaibek
2011-02-01 01:44:45
Акылдууга бир жолу айт.
0
zhalyn
2011-02-03 11:52:32
ВОРлорду жок кылып болбойт.Аларды жок кылса бутун турмолорду да жок кылыш керек...
0
Gulirka
2011-02-06 23:30:03
сенден баарын кутсо болот омурбек бийлик деп журуп элди сатканга даярсын *Жанибек*
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан