Рустам адатынча аялдын социалдык желедеги баракчасын карап отурду. Жүрөгү ооруп чыкканын байкады. “Эмнеге жинди болуп жатам? Бул бүткөн окуяга эмнеге жаным ачыйт? Ар ким өз тагдырына өзү жооптуу эмеспи. Мен ага азыр эмне кылып бере алам?” Өзүнүн чарасыздыгына ого бетер жини келди. Бечаралыгына ичи күйдү. Жакшы көргөн адамынын отко күйүп жатканын көрүп туруп унчукпай карап турганына, өзүн актаганга аракет кылганына жаны кейиди.
– Эмне анча чекеңди тырыштырып алгансың?- деген аялынын үнүн угуп уурулугу кармалгандай чочуп кетти.
– Сен эмне, карап турдуң беле?- деди ал ноутбугун жаба калып.
– Карап эмне кылайын, бир нерсеге аябай тынчың кетип жаткандайсың. Байкап калып сурап койдум.
Аялы адатынча токтоо сүйлөдү. Негизи эле Кудай жубайларды бири-бирине ылайыктап кошот дешет. Ушул адамды тагдырына жазып койгонуна миң мертебе ыраазы болуп кетет кээде. Анткени Рустамдын түнт, бир сырдуу мүнөзүнө көп киши чыдамак эмес. Ал эми аялы жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгуну чукулабай, жайына коёт. Башка аял болсо эбак эле шектенип, текшерип чыкмак. Шектене турган деле эч нерсе жок. Болгону Рустам үчүн бул аял орусча айтканда “платоническая любовь”. Ортолорунда эч нерсе болгон эмес. Бирок жүрөгүнө ушунчалык жакын адам дейсиң, жөн эле социалдык желеден сүрөтүн көрсө ушинтип өзүн жоготуп эки саат отуруп калмайы бар. Кээде гана жолуккан жерлерде баш ийкеше учурашып калышат. Ошондо да Рустам чагылган тийгендей абалда калат. Тиги аял аны сезеби же жокпу Кудай билет.
– Бүгүн Жаркынайдын туулган күнү эмеспи, апамдардыкынан тособузбу?
Жаркынай! Рустамды бул сөз дагы бир селт эттирди. Кеп сүрөттөгү аял эмес, өзүнүн кызы тууралуу болуп жатканын билгенде өзүнө келе түштү. Кызык ай, жок дегенде анын атын кызына ыйгарбай койсо эмне болмок. Бир укканда дайыма селт этип кетмей жайы бар.
– Жаку эле дечи. Дайыма эле Жаку дейсиң го,- деди ал күңкүлдөп.
– Ооба, апамдар чакырбады беле. Мен жумуштан суранып чыгып, кызымды паркка алып барам. Сен ал ортодо апамдардыкына барып дасторконуңду даярдай бер. Уктап жаткан кызынын маңдайынан искеп алды да, жумушуна жөнөп кетти.
Жаркынай эстен чыкпай жатты. Оо, аны таанышкан күндөн тартып эле жактырып калган. Адамды өзүнө тарткан капкара көздөрү, ыңгайы менен сүйлөнгөн сөздөрү, жарашыктуу кийингени, үнү... Айтор бир көргөндө эле жүрөгүнө орноду да калды. Кийин жумуш учурунда сүйлөшүп калышчу. Кээде кол чатыр кармап алып экөө тең жамгыр алдында басканды адат кылып алышты. Анда деле сүйүү-пүйүү тууралуу сүйлөшүшчү эмес. Жашоонун ар кыл жактарын сүйлөшкөнү менен, ушул улуу теманы аттап өтүшчү. Бул тууралуу сүйлөшсө эле бет кабы сыйрылып калчудай коркуп, апкаарып кетчү Рустам. Ошентип дос, жакшы санаалаш болуп бир жылдай жүрүштү. Ортодо фирмага бир шыпылдаган неме жумушка киргенче мамилелери жакшы эле. Ал жигит Рустамдай эмес болчу. Сымаптай кылтылдап колдон суурулган, жанды койбогон бир жигит экен. Ошончо кыздын арасынан Жаркынай ошол жигиттин тузагына кабылды. Кадимкидей эле Рустамдын колунан алып койду тиги эргул. Кыздар чечкиндүү жигиттерди жактырышат. Жаркынай да анын ыгына көнүп берди. Эми Рустамдан качан сөз чыгат деп канчага күтөт эле? Өзүнүн чечкинсиздигин, коркоктугун күнөөлөп кийин канча жаны кашайып жүрдү. Эмне болду, кандай болду ким билет, Жаркынай менен Асылбектин тою өтмөк болду. Муну укканда Рустамды бирөө башка бир ургандай эле болду. Кесиптеш катары куттукташ да оюна келбей туруп калыптыр. Кантип? Бул шуулдаган түгөнгүр келгенине бир эле ай болбоду беле? Кантип макул кылып, кантип башын төрт жумада айлантып салды? Жаркынайдын жайнаган жүзүн көргөндө ого бетер оозу ачылды. Өзү аярлап, ыйык тутуп, кастарлаган адамын бирөө келип жөн эле илип кетти.
– Мына, кыйын немелер ушинтип эле имерип кетишет. Сендей болуп бир жыл шоколад берип, айланчыктап, күрп тооктой үстүнө үйрүлүп жүрбөй эле... Лох болбодуңбу?- деп шыбырап кетти жанында отурган кесиптеш аял бир күнү. Рустамдын оозунан жемин алдырып отуруп калганына жаны ачыды окшойт анын да. Анан эмне болду? Албетте, той болду. Рустам жүрөгү чыдап ал тойго бара албады. Атүгүл башка ишке которулуп кетти. Анткени анын Жаркынайы эми башканыкы экенин күндө көргөнгө кудурети жетпейт эле. Баарынан да өзүнүн сезими тууралуу ага бир ооз сөз айта албай калганына күйөт. Айла жок, жашы отузга барып калганда ата-энеси жактырып, куда бололу деген адамдын кызына үйлөндү. Жаркынай турмушка чыгып кеткенден кийин Рустам кыз тандаш керек экенин деле ойлонбоду. Кимге үйлөн десе макул болмок. Бактыга жараша, маңдайына жакшы кыз туш келди. Кыздуу болушту. Андан да кызынын атын ким коёлу дегенде “Жаркынай” деп салганычы... Дагы жакшы, анын бул кызга ашык экенин жакындарынан эч ким билбейт эле.
Кийин укту, Жаркынайды илип кеткен эргул аны бактылуу кылбаптыр. Сол жакка көп басып, кол көтөрүп, ичип кутуруп жүрөт деп укту. Уулдуу болушкан экен, ошол үчүн чыдап жашап жүргөнүн укту. Жүрөгү тыз этти. Социалдык желеден издеп тапты. Анын азыркы сүрөттөрүн көрүп шалдайып отуруп калды. Адам 4-5 жылда ушунчалык да өзгөрөт беле? Бир кезде жалжылдап турган нурлуу көздөрүн ой басып калыптыр. Капкара чачтары уйпаланып, жүдөп, жашоого чарчаган көз караш менен карап калгандай. Ичи өрттөнүп отурду. Ошондон бери ушул абалда. Бүгүн кызынын туулган күнү! Паркка алып барып ойнотуп жүрсө алдынан Жаркынай чыкты. Ал да баласын ээрчитип жүрүптүр. Рустам менен амандашып кызына суктана тиктеп калды.
– Атың ким, сулуу кыз?
– Жаркынай, а сиздикичи?
Жаркынай апкаарый түштү, анан тизесин бүгө кыздын дал бет маңдайына отурду. Көзүнө айланган жашты Рустамга көрсөткүсү келбеди окшойт. Кызды эркелете мурдунан чымчып койду.
– Менин атым да сеникине окшош. Бирок сен мендей болбо. Бактың ким экенин билгенге, шашпай чечим чыгарганга үйрөн. Ал эми сага жолуккан өзүңдүн адамың чечкиндүү болсун! Бактылуу бол, Жаркынай!
Бул сөз кичинекей кызга эмес, Рустамга айтылып жаткан. Анан Рустамды тике карады. Экөөнүн тең карегинде айтылбай калган сөздөр, туңгуюк сезимдер бар эле. Суз коштошуп, шарт басып кетти аял. Рустамдын кулагына баягы кесиптеши айткан “лох болбо” деген сөз жаңырып жатты...
Айлин Д.