Бектур Усенов, актёр: “ТАСМА ҮЧҮН НУРКУЛГА КАЛП АЙТЫШКА ТУУРА КЕЛДИ”

– Бектур, кандайсыз? Тытынып эле иштеп жүрөсүз, эмне жаңылык?

– Жакшы, рахмат. “Байкуш-2” киносун тартып бүттүк. Биринчи бөлүгүн былтыр тартып чыгарганбыз, элге жаккан. Ошондо эле “эгер элге жакса, экинчи бөлүгүн тартабыз” деген элек. Буюрса, 28-сентябрдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Ютубга биринчи бөлүгүн жүктөсөк, 2 күндө 1 миллион көрүү топтоду жана 95 пайыз жакшы комментарийлер жазылды. “Байкуш-2” да элге жагат деген үмүттөбүз. Мында жаңы окуя тартылды, биринчи бөлүгүн көрбөгөндөр деле түшүнөт. Бул тасма менен биз үй-бүлө баалуулугу тууралуу айткыбыз келди. Биринчи бөлүктө атасы болуп аткарган каарман “бирөөлөргө байлык акча менен берилсе, мага үй-бүлө менен берилиптир” деп айтат эмеспи? Үй-бүлөнүн абдан чоң байлык экенин түшүндүргүбүз келди. Үй-бүлөнү баалагыла, аны сактагыла дегибиз келет. Мен кинонун сценаристимин.

– Тартуу иши кандай жүрүп, кандай кызыктар менен коштолду?

– Массовка тарткан жерибиз бар. Ошол кадрларды тарталы деп 40 кишини чогултуп кечке маал поезд жолго барсак, ал жактан тарттырбай коюшту. Башка локация таап, 40 кишини ошол жакка алып барып тарталы деп жатканда жаныма Нуркул (ред.: актёр Нуркул Адылбек уулу) келди. “Келинчегиңиз кош бойлуу кезинде ай толгоо болду беле? Мадалена чалды, толгоо болуп жатат дейт” деп калды. Ичимден “Нуркул кетип калса, бул эпизод бүгүн тартылбай калат, эртең да тартылбай калышы мүмкүн” деп ойлонуп, “болгон, андан 1-2 күндөн кийин төрөгөн” деп койдум. Келинчегим төрөөр алдында андай болгон эмес, чынында. Тартып жатканда Мадалена эмне болду экен деп аябай кабатыр болдум. Нуркул тартуу иши бүтөрү менен чалса, толгоосу күчөп калыптыр. Мадалена ошол түнү төрөбөдүбү, эгер Нуркул жубайынын төрөтүнө жетишпей калса өзүмдү аябай күнөөлүү сезмекмин. Нуркулга алдап койгонумду айткан эмесмин, ушул маекти окуса билет го.

– Сизге сценарий жазган жагабы же актёр болгонбу?

– Актёр болгон деле жагат. Ырчыларга салыштырып айтсам, кээ бир ырчылар 1-2 ырдап көрүп, окшошпосо “болду эми, үнүм жок экен” деп өздөрү деле түшүнүп калышы керек го. Меники да ошол сыяктуу (күлүп). Кээде образды окшоштура албаганымды билип калам. “Кошунаны тандабайттын” биринчи сезонунда көп дубль менен тартылгам. Азыр тажрыйбам көбөйүп, оңоюраак тартыла баштадым. Кээде ылайыктуу актёр табылбай, мен бир аз ылайыктуураак болуп жатсам, мени тартып коюшат. “Акча” сериалында ошондой болгон. Кастингден милиция кызматкеринин ролуна ылайыктуу актёр таппай койгонбуз. Аягында “сен эле ойночу” деп ролду мага берип коюшкан. Көп учурда кокустан тартылып калып эле актёр болуп жүрөм. Өзүмө сценарий жазган көбүрөөк жагат. Сценарий жазган жагынан биздин балдарга көбүрөөк ишенем жана биздин сценарийлер боюнча тартылган кинолорго тартылгым келет. Анткени мен жана менин айланамдагы сценаристтердин базасы күчтүүрөөк. Арабызда орусиялык сценаристтердин тренингдерине катышкан балдар көп, эрежелерге ылайык жазабыз. Эрежелерди билбей жазганда сценарийде кемчиликтер болуп калышы мүмкүн. Бул нерсе көрүүчүдө “бир нерсе жетишпей жаткандай” деген сезим калтырат.

– Кино тармагында жүрүүдөгү максатыңыз эмне, балким, кино – жөн гана акча табуу булагыдыр?

– Дүйнөдөн миллиарддаган адамдар өтөт да. Мен алардын катарында жөн эле келип кетким келген жок. Тарыхка бир нерсе калтырып кетким келет. Ошон үчүн сценаристмин.

– Кызыңыздар Айлун төрөлгөндөн бери үйдө эмнелер өзгөрдү?

– Уйкубуз өзгөрдү. Анан Айзат экөөбүз көп урушпай калдык. Мурда болбогон бир нерсе үчүн деле урушуп кетчүбүз, азыр ага убакыт жок. Кызым төрөлгөндө ата болгонумду сезген жокмун. Андан кийин Айзат кызым экөө 40 күн кайын журтта жүрдү да, анда деле бойдоктой эле жүрдүм. Алар үйгө келгенден кийин гана ата болгонумду сездим. Азыр жумушта жүрсөм сагынам. Мурда кичинекей балдарга жакын эмес болчумун, азыр аларды жакшы көрүп калдым.

– Жашооңуздагы эң оор жана эң бактылуу учурду эстесеңиз...

– Айрымдар үчүн оор болбошу мүмкүн. Бирок мен үчүн ошол учур оор болгон. 9-классымда атам жумуштан бошоп, апам жалгыз иштеп баарыбызды баккан. Биз 5 бир тууганбыз. Ал кезде 3 эжем студент болчу. Ошондо материалдык жактан кыйналганбыз. Мен 9-классты бүтүп тойдо сүрөт тартып, сатып иштегем. Андан башка учурда жыргап эле жашап келе жатам. Бактылуу учур кызым төрөлгөндө болду. Кызыбыз дени сак, аман-эсен төрөлдү, Айзаттын толгоо тартып кыйналганы артта калды деп бактылуу болгом.

– Акыркы окуялар жөнүндө сүйлөшсөк, аялдардын зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу жаңылыктар сизди да кейитип жатабы?

– Биздин өлкөдө аялдардын түйшүгү көбүрөөк экен, күйөөлөр ошону түшүнбөйт экенбиз. Аялдарды сыйлап, түшүнүшүбүз керек. Сыйлоо башка, түшүнүү башка нерсе. Биз эркектердин мээсинде орноп калган “аял милдеттүү” деген ойду өзгөртүү үчүн жапа тырмак аракет кылышыбыз зарыл. Бул үчүн маданият, билим берүү тармактары, ЖМКлар жана башкалар чогуу иштеши керек. Муну балага кичине кезинен баштап үйрөтүп, мээсине сиңире башташыбыз керек экен деп калдым. Азыр ошондой аракеттер башталса, 1-2 муун алмашкандан кийин жемишин бере баштайт. Биз вайндарыбызда элге ушундай жашаса болот деп көрсөтүп бергим келет. Мисалы, аялыңа жөн эле телефон белек кылып койсоң жакшы, бала төрөлгөндө деле минтип күлүп-жайнап жашасаңар болот, бири-бирибизди сыйлап, түшүнүшүп жашасак эмнеге болбосун дегенди көрсөткүбүз келет.

Эмне кылмаксыз?

– Радик Эшимов болсоңуз?

– Арыктамакмын (күлүп)...

– Ишиңиз такыр эле жүрүшпөй жатса?

– Болбой эле аракет кыла бермекмин.

– Ийгилик артынан ийгилик келип, байып, атагыңыз таш жарып, айтор, төгөрөгүңүз төп келип жатса?

– Кайрымдуулук кылмакмын, коомду өзгөртүү үчүн маекте биз сүйлөшкөн нерселерди ишке ашырып баштамакмын.

– 10 балалуу болсоңуз?

– 10 жумушта иштемекмин.

– Ким Кардашьян жубайыңыз болсо?

– Аны менен “эже” деп сүйлөшмөкмүн (күлүп).

– Билим берүү министри болсоңуз?

– Бул кызматка даяр эмесмин деп кетип калмакмын.

– Жогорку Кеңештин депутаты болсоңуз?

– Силер мени менен иштегенге даяр эмес экенсиңер деп кетип калмакмын (күлүп).

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан