УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ АРТЫН ТАЗАЛАЙ БАШТАДЫБЫ?

Мезгил үнү

Убактылуу өкмөт бийликте кыска мөөнөттө турса дагы, анын артынан ээрчиген күбүр-шыбырлар Чубактын чуусундай көпкө созула турган баштанып калды. Ошол учурда каржы тармагын тейлеген Темир Сариев акчанын кайда жумшалганын айтып, өткөн аптада Жогорку Кеңеште «актануу» процессинен өткөн. Эми президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин июнь окуясында Ошко гумжардам берип жөнөткөн адамдарынын январда чуу түшкөн террордук окуяга тиешеси бар экени тууралуу маалымат чыкты.

СУРОО ТУУДУРГАН ДОКУМЕНТ
Учурда президенттик аппараттын жетекчиси, Ош окуясы чыккан кезде Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы иретинде иштеген Эмилбек Каптагаев тарабынан кол коюлган документ ачыкка чыкты. Аны көргөн адамдын чачы тик турат. Документ алгач «Эл сөзү» гезитине жарыяланды. Анда 2010-жылдын 12-июнунда кагылыштан жабыркаган Ош жана Жалал-Абад облустарына гуманитардык жардам таратуу үчүн өкмөт тарабынан өкүлдөр жөнөтүлгөнү айтылат. Жардам көрсөтүүчү өкүлдөрдүн тизмесинде Эдил Абдрахманов деген ысым дароо көзгө илинет. Бул адам «4-январь күнү милиция кызматкерлерин атып өлтүрдү, Спорт Ордосун жардырды, Бишкек шаардык БИИБди жардырмакчы болду» деп айыпталып, Беш-Күнгөй айылындагы атайын операциянын учурунда жарадар болуп, колго түшүрүлгөн жигит эмеспи?
Эгер ысымдары дал келип калган эле болбосо, Спорт Ордосунун жанындагы жардыруу жана Бишкек шаардык БИИБинин жанында жардыргыч заты бар автоунаанын табылышы, 4-5-январдагы окуя УКМК өзү уюштурган оюн болуп чыга келеби? Мындай суроо баарында эле жаралары бышык.
Документ кезектеги компроматтардын бириби же капыстан чыккан кагазбы, азырынча бул жагдай бүдөмүк. Анткени бул документтин артында ондогон жоопсуз суроолор жатат. Документ жарыялангандан бери бул окуяга тиешеси бар Эмилбек Каптагаев, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев дагы коомго үн катыша элек. Эмнегедир укук коргоочу Токтайым Үмөталиева гана журналисттерге байма-бай маалымат таратуу менен алек.

ҮМӨТАЛИЕВА НЕГЕ ҮН КАТПАЙ КЕЛДИ?
Жогорудагы документте көрсө­түлгөн адамдарды Токтайым Үмөта­лиева Ош жана Жалал-Абад облустарында гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча жетектеп барган. Бирок мында да суроо туулбай койбойт. Эмне үчүн Токтайым Үмөталиева да «террорчу» деп кармалган Эдил Абдрахманов менен түштүк окуясында гуманитардык жардамды жеткирүүгө чогуу барганын буга чейин айтпай келди? Арадан 20 күн өткөндөн кийин гана эжекебиз «кармалгандар террорчу эмес» деп отурат.
Сөз башынан болсун. Быйылкы жылы 4-январда Беш-Күнгөй айылында болуп өткөн окуяда «Альфа» атайын бөлүмүнүн снайпери көз жумган. Шекте­лүүчүлөрдүн бири өзүн-өзү жардырып жиберген. Ушул эле окуяда Эдил Абдрахманов колго түшкөн. «Өз эрки менен июнь окуясында гумжардам таратып баргандардын арасында «террорчу» деп аталып, УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган бирөө бар»,- деди Үмөталиева. Ушул эле тизмеде Бакыт Кенжегулов деген да бирөө бар. Аны УКМКнын кызматкерлери «орусиялык террорчу Саид Бурятскийдин жолдоочуларынан түзүлгөн террорчулардын топ башчысы» деген шекте кармап, камашкан.
«Июнь айында түш­түккө жиберилген Бакыт Кенжегулов жана башка балдарды бүгүн «террорчу» деп күнөөлөшүүдө. Бирок алар ошол учурда бийликтеги партиялардын мүчөлөрү болгон. Эмне үчүн азыр алардын лидерлери бул балдардан баш тартып койгонун түшүнбөй отурам»,- дейт Үмөталиева. Айтмакчы, Эмилбек Каптагаев айыпталуучу Бакыт Кенжегуловду жакшы тааный тургандыгын да кабарлады. Террорчулукка шектелип жаткандар кандайча саясий партиянын мүчөсү болуп калгандыгы түшүнүксүз. Бирок Оштун кандуу окуясын пайдаланып, кээ бир саясий партиялар шайлоого чейин үгүт иретинде гуманитардык жардам таркатканын угуп эле жүргөнбүз. «Бул партиялар коалицияда да, оппозицияда да бар»,- деди Үмөталиева.

«АЛЬФАЧЫНЫ» АЙЫПТООДО ТЕРРОРЧУ КҮБӨ ӨТКӨНБҮ?
Беш-Күнгөй айылында каза болгон айыпталуучу апрель окуясы боюнча сот ишинде күбө өтүп жаткандардан экени да ачыкка чыкты. Анын «альфачыларга» каршы көрсөтмө бергендиги белгилүү болду. Үмөталиева айымдын айтымында, УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан террорчуларды кармоо жана жок кылуу процесси тийиштүү талаптарга жооп берген эмес. «Балким, бул тазалоону саясий мүнөздөгү буйруктарды аткарган адамдардан кутулуу үчүн атайын жасашкандыр?..» деп суроо салат ал.
Токтайым Үмөталиеванын айтымында, учурда террорчулукка шектелип кармалган 20дан ашуун балдардын баары апрель окуясында жаңы бийликке жардам берген. «Мен тизмесин даярдап, бул балдарга өкмөттүк наам берүүгө даярдап жатканмын»,- дейт Токтайым айым.

ШЕКТҮҮ ТҮМӨН СУРОО БАР
1. Эгерде Беш-Күнгөй айылында жок кылынган террорчулардын бири апрель окуясы боюнча сот ишинде күбө болсо, анда террорчулар «Альфа» менен Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдарына каршы көрсөтмө беришкенби?
2. Эмилбек Каптагаев кырдаалдын курчтугуна жараша тизмедеги адамдардын ким экендигин билбеши толук мүмкүн. Же, тескерисинче, башынан эле жакшы тааныш болушу ыктымал. Негизи эле эки жактын ортосунда байланыш барбы?
3. Олуттуу негиз болбосо, УКМК кимдир бирөөнү террорчулук үчүн күнөөлөбөшү керек. Анда бул маселе боюнча саясий партиялардын лидерлери, ошол эле Эмилбек Каптагаев дагы көрсөтмө береби?

«БИЛБЕЙМ» ДЕДИҢ, ДЕМЕК, КУТУЛДУҢБУ?
Бизди кызыктырган суроолор боюнча айрым тиешеси бар адамдарга кайрылдык. Эдил Абдрахмановдун адвокаты болуп дайындалган Нурлан аттуу мырзанын уюлдук телефонуна улам чалганыбызга карабастан, ал «кийин жооп берейинчи, убактым жок» деп отуруп кутулду.
Ал эми Президенттик басма сөз кызматынын башчысы Султан Каназаровго Эмилбек Каптагаев бул маалыматка карата качан жооп айтарын сурасак, «мен билбейт экенмин, расмий билдирүү тарката элек го» деп жооп берди.
Андыктан бул темага кийинки сандарыбызда кайрылабыз.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

«ТЕРРОРЧУЛАР ЧУУСУН»
ДОНОРЛОРДОН ЖАРДАМ АЛУУ ҮЧҮН УКМК ӨЗҮ УЮШТУРДУ»
ДЕГЕНГЕ ИШЕНЕСИЗБИ

Чыныбай Турсунбеков,
КСДП фракциясынан депутат:
– Биздин өлкөдө террордук толкундардын бучкагы сөзсүз бар. Ошондуктан «террорчуларды кармадык» деп калп эле акча алгылары келди» дегенге кошулбайм. Адам өмүрү, мамлекет бүтүндүгү акчадан аябай эле жогору турат.

Кадыр Маликов,
Дин, укук жана саясат аналитикалык
борборунун директору:
– Террорчулар баш көтөрүштүбү, аларды кармоо орган кызматкерлеринин иши. «Жан кечтилерди атайын ойлоп табышты» деген дагы туура эмес. Алар бар болгон үчүн ар түрдүү китеп-журналдар табылып жатат да.

Илим Карыпбеков,
серепчи:
– Азыркы жагдайда бардыгы болушу мүмкүн. Жөн жерден сөз чыга бербейт да. «Өздөрү уюштурду» деген кептин чыгышына бир негиз түрткү болуп жатса керек. Бирок көзүң көрбөгөндөн кийин же колуңда фактың болбогон соң тигил же бул деп айтуу кыйын.

Чолпон Султанбекова,
«Республика» фракциясынан депутат:
– Мындай сөздөрдү чыгарып жаткан адамдарга таң калам. Беш адам каза болду, канча өмүрлөргө коркунуч туулду? Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, көпчүлүккө кооптонуу жаратуу УКМКнын иши эмес.

Жоомарт Сапарбаев,
«Ата Мекен» фракциясынан депутат:
– Мындай сөздөрдү айтардан мурун жоопкерчиликти сезип, анан сүйлөш керек. Биздин жетекчилер коомчулуктун үшүн алуучу иштерди атайын уюштургудай төмөн деңгээлге түшүп кете элек деп ишенем.

Алмаз Касенов,
Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:
– Андай болушу мүмкүн эмес. Бул кептерди «террорчу» деп шектелип жаткандар өздөрүн актоо аракетинде иликтөө-териштирүү иштерин башка нукка буруу үчүн таратып жатышат деп ойлойм.

Чубак Жалилов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
– Кармалгандар чын эле терроризмге катыштыгы барбы, жокпу, же атайын уюштуруу болгонбу, булардын баары соттук териштирүүдө билинет. Андыктан тигил же бул деп өз оюмду таңуулай албайм.

Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан