ШООЛА (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башталышы)

Канат менен Жанат эгиз сыяктуу чоңоюшту. Ортолорунда бир жаш жоктой, куду эгиз сымал эле. Андан да экөөнүн сырткы келбеттери аябай окшош. Экөө тең кара каш, кара көз, чачтары тармал. Болгону Канат бойлуу жана олбурлуу. Жанат болсо көз айнекчен, бир аз арык өспүрүм. Адатта мындай балдарды “ботаник” деп коюшат. Канат деле жакшы окуучу, бирок Жанат жанын үрөп ийгиликтерге жетишкиси келген бала. Адатта удаа балдар бири-бирин кызганып ата-энесине маселе жаратат эмеспи. Булар такыр андай болгон жок. Канатта жок сапат Жанатта, Жанатта жок сапат Канатта бар. Экөө бириккенде гана бир бүтүмгө келе тургандай, пазл бүтүн болчудай сезилчү. Эгиз козудай ээрчишип ынтымактуу жүрүшчү.

Бул жолу да экөө мектептен чыгып, көңүлдүү сүйлөшүп келе жатышты. Ар дайым апасы короого чыгып кир жайып, же тоокторго жем чачып көр тирилик кылып жүрчү. Бул жолу көрүнбөдү. Канаттын жүрөгү тез-тез сого баштады. Алайып кеткенин сездирбегенге аракет кылганы менен, Жанат дагы сезе калды. Күлкүсү ууртунда калып ал дагы сестейе түштү. Экөө тең бири-бирин карап алышты. Белгисиз бир коркунуч жүрөктөрүн ээлеп, үйгө тез-тез кадамдай башташты. Үй жымжырт. Кирип келишсе апасы чачылган үйдүн ортосунда канаты жулунган тооктой болуп уйпаланып жатыптыр. Атасынын кылыгы... Канат сумкасын ыргытып жиберип апасынын башын көтөрө калды.

– Апа?

– Коркпо, балам, азыр турам,- деди аял көзүн араң ачып.

Канаттын муштуму түйүлүп, өз тизесин өзү ургулап жиберди.

– Эмнеге, ия? Эмнеге сени урат? Мен аны... мен...

Бала ызасына чыдабай көзү жашылданып кетти. Апасы алсыз гана жылмая берди. Ушундай. Дайыма ага оор болгондо уулдарына карап жылмайганга аракет кылат. “Менде баары жакшы, тынчсызданбагыла” дегениби, же балдарынын жүрөгүндө атасын жек көрүү болбосун деген далалатыбы? Канат муну такыр түшүнчү эмес. Эмнеге анын супсулуу апакеси ушундай чоң муштум адам менен жашашы керек? Эмнеге чыдашы керек? Атасы менен апасынын ортосунда ал түшүнбөгөн көп нерсе бар эле.

– “Тез жардам” чакырайынбы?

– Жок, Канат, андан көрө Элиза таежеңди чакыр. Силердин тамагыңарды жасап бир аз күн каралашсын. Апам айтты, үйгө келип кеткиле деп айт. Өзүң болсо мени керебетке жеткир. Башым бир аз айланып жатат, жатсам өтүп кетет. Кабатыр болбо.

Канат апасын жөлөп-таяп алып барып, ордуна жаткырды да, үй ичинде чачылгандарды жыйыштыра баштады. Жанат болсо рюкзагын да чечпестен, дубалга сүйөнүп отурган боюнча катып калыптыр. Кудай сакта, эми азыр мунун талмасы кармап калса эмне болот деген ойдон Канат коркуп кетти.

– Жанат, Жанат,- деп барып жулкулдатып жиберди. Ал коркуп кеткенде, же бир нерсеге тынчсызданганда эпилепсиясы кармап калат. Бул жолу шүгүр, бир аз кармап барып токтоп калды. Болбосо шалактап оозунан ак көбүк атып жатып калмайы бар. Инисинин көз айнегин алып, колдорун ушалап жиберди. Анын көздөрүнө карады. Эки бир тууган бири-бирин тиктеше түштү. Кийин экөөнүн жолу айры кеткенде Канат ушул ирмемди көз карашты көп эстейт. Ушундай чоң сүйүү, ишеним бар эле бул экөөнүн каректеринде. Деги эле ортосунда эч бир нерсе аралабай тургандай бекемдик, берилгендик бар эле. Жанат терең дем алып өзүнө келди.

– Канат, рахмат. Апам жокто кармап калабы дедим эле.

– Мен дайым сенин жаныңда болом! Эч нерседен коркпо,- деди Канат инисин кучактай берип.

Ал эми бул сөздү болсо Жанат өмүр бою эстеп калды. Оор күн башына келгенде Канаттын ушул сөзү кулагына жаңырар эле. Канат инисине тамак берип, тоокторду карап тиричилик кылганча бир топ убакыт өттү. Таежеси кечинде келди. Эжесинин түрүн көрүп бакырып жибербейин деп араң карманды.

– Дагы эмне болду?- деди балдарга угузбаганга аракет кылып.

– Билесиң да. Ура турган адамга себеп табыла берет экен.

– Колуна шал тийсин,- деп көз жашын аарчып алды сиңдиси. – Ушундан көрө ажырашып кетсең кандай болмок? Атамдар деле кабыл алышмак. Азыр мурунку заманбы?

– Жок, ажырашканда эмне? Эки уулум бар. Чыдап жеңишим керек. Аларды атасыз кимдин көзүн каратмак элем.

– Азыр аялдардын колунан баары келген заман. Жашап кетет элең аракет кылсаң. Болгону тиги келесоо сени атып салабы деп корком. Акмак, өткөн күндүн кегин ушинтип албай же басып кетпейби десең.

– Тысс, унчукпа!

Апасынын “унчукпа” дегенинин аркасында эмне бар болду экен. Эшиктин сыртында Канат көпкө ойлонуп калды. Бул жерде бир кызык нерсе бар, аны балдардан дайыма жашырышат? Атасынын өзүнө болгон кызыктай мамилеси да ойлондурат. Чоңойгон сайын муну даанараак сезе баштады. Атасы элдин алдына сөзү өткөн, акылдуу десең акылдуу, билимдүү десе билимдүү кызматкер киши. Анын аялын минтип чала жан болгончо урат деп айтса көбү ишенбесе керек. Анткени көп учурда эшикти жаап алып, балдары жокто, эч кимге билдирбей урчу.

Канат уйкудан көзү ачыла электе апасынын мээримдүү колдорун сезди. Дагы сыласын деп көзүн ачпай жата берди.

– Канат, турагой. Сабакка кечигесиңер.

– Апа, азыр бир азга...

– Жанатты ойгот, тамак даярдап койдум.

Канат ыргып турду. Апасынын көздөрүнө карады. Апасынын сулуу көздөрү адатынча балбылдап мээримдүү. Коркуу кете түштү. Көңүлү ачыла ордунан ыргып туруп, Жанаттын керебетине барды.

– Жанат, тур. Сабакка кеттик.

Жанат башын жаздыкка ката берди. Көз айнегин, кийимдерин даярдай салып жуунганы чыкты Канат. Бир азда иниси экөө көңүлдүү ышкыра кетип бара жатышты.

– Апам сага акча берди, көрдүм...

– Ой, куу элесиң. Качан көрө калдың?- деп Канат күлүп калды.

– Бөлүшөсүң да ээ?

– Ооба, баарын эле ал. Мына, баары сеники.

– А сенчи?

– Мен ачка болбойм.

Жанат агасынын колунан акчаны алды. Кудуңдап сүйүнүп алды. Бир кезде токтой калып минтип жиберди.

– Канат, сен менин агам экениңди билгизбечи, ээ? Мага класста буйрук бербе. Бизди эгиз деп ойлошсун. Ансыз деле ошентип ойлошот. Үйдө каалашыңча мага жардам бер. Бирок класста антпечи. Мени аяй бергениңди токтотчу, ээ?

Канат ойлонуп калды. Дайыма Жанатты калкалай бергени чын. Ал аны өзүнөн алсыз деп ойлойт. Ден соолугу жакшы болбой калганына эмнегедир өзүн күнөөлүү сезет. Бирок чын айтат, ашыкча эле анте берген болбойт. Инисин кучактай берди.

– Макул, сен каалагандай болсун.

ххх

– Бир нерсе де...

– Эмне дешим керек?

– Сени сүйөм де, сенсиз жашайм албайм де. Шайтан алгыр, ушунун баарын мен сага айтышым керекпи? Сен өзүң эле билбейсиңби?

– Баштаба кайра...

– Эмнени баштабайын, ия?

Кайра муштум тиет экен деп Сабира жалтана бериди. Бул жолу күйөөсү анткен жок. Тек гана жууркандын алдында колу-бутун эзип, чымчый берди. Буга чыдабаска арга жок. Эптеп эле балдары ойгонуп кетпесе болду. Бирок көз жашына жаздык суу болуп бара жатты. Бул түйүндүн чие байланганы качан, ким жандырат али белгисиз...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан