Эркин Мээрканов: «АТАМДЫ КӨПКӨ ЧЕЙИН КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖҮРГӨМ»

“Инсан” тобунун негиздөөчүсү, учурдагы мыкты аранжировкачы Эркин Мээрканов 7-майда 42 жашка чыгат. Карап отуруп өз курагынан өтө жаш көрүнөрүнө көзүм жетти. Анан да ал бүгүн-эртең кайната болуп калышы толук мүмкүн. Бир туруп балалыгына, бир туруп бүгүнкү күнүнө кайрылган Эркин мырза ичиндеги көп сырларын айтып берди.

– Эркин байке, буга чейин “Инсан” тобунун түзүлүүсү тууралуу көп айтылып келсе да, окурмандын эсине сала кетпейлиби?
– “Инсан” тобу 1990-жылы уюшулган. Аталышын Эмил Турусов аттуу жакшы таанышым коюп берген. Алгачкы ырчысы Ырыскелди Осмонкулов болду. Бас гитарада Нурлан Бейшекеев, гитарада Болот Малаев, синтезатордо мен ойночумун. Башында тажрыйба топтоп, эки жылдан кийин от алдык. Топ “Кыздар ай” деген ыры менен элге кеңири таанылды. Ырыс 4 жыл иштеген соң жеке ырчы болууну туура көрдү. Буга каршы деле болгон жокмун. Ал кеткенде топ көпкө эс алууда болду. 1998-жылы Тынай Алыбаев киргенде топтун экинчи өмүрү башталды.
– Тынай байке да жеке ырчы болуп кеткен соң топ кайрадан эс алууга кетти. Кайра жандандыруу тууралуу ой барбы?
– Ооба, негизи, бул тууралуу азырынча айтпай турайын дегем. Бирок ошондой болсо да “Инсан” тобунун күйөрмандарын кубандырып айтып коёюн, топко ырчы жигит алынып, тарбияланууда. Жакынкы күндөрү жарк этип чыгат.
– Сизди обончу, аранжировкачы катары да таанып-билебиз. Бул ишти кандайча аркалап калдыңыз?
– Мени композитор дешет, бирок өзүмдү композитор деп эсептебейм. Бул улуу кесип, мен композитор деп аталуу үчүн көп ишти бүтүрүп, көп нерсени үйрөнүшүм керек. Ал эми мыкты обончу, аранжировкачымын деп уялбай айта алам. Себеби өз ишимди билем, буга тажрыйбам да жетиштүү. Бул ишке бала чагымдан бери жакынмын. Анткени кичинемден келечегимди музыкант катары көрүп, музыкалык мектептен билим алгам. Ошондо эле скрипка, фортепиано сыяктуу түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп, музыкалык сабатымды жойгом. Албетте, ошол күндөр мени бул ишиме алып келди.
– Мектепте “3кө” окуп, партадан партага секирип тентектикти көп кылган окуучулардын катарында белеңиз же “5ке” окуган үлгүлүүбү?
– Биринчисине го (күлүп). “3-4кө” эле окучумун. “Отличник болбош керек, уят болот, кызтеке” деп коюшчу. Мен ага ишенип алгам. Көбүнчө “2ге” окугандар мыкты, чыгаан болушат дешет. Мен буга да ынандым. Начар окуган классташтарымдын баары эле мыкты болуп чыгышты. Болбоду дегенде ишкерлер.
– Ата-энеңиз буга кандай карашчу?
– Албетте, урушчу, бирок анда укпай турган, “өтүң жарылган” убак да.
– Баса, ата-энеңиз искусствонун адамдары деп уктум эле...
– Ооба, атам да, апам да актёр, актриса эле. Раматылык атам Сулайман Мээрканов актёрлукка караганда мыкты менеджер, администратор болчу. Ал эми апам Жумабүбү Сыдыкбекованы көптөр “Лифт” деген кыска метраждуу тасмада Сабира Күмүшалиеванын абысыны болуп аткарган Салкынай катары таанышат.
– Бир туугандардан канчанчысыз?
– Бир туугандарым толтура. Анткени атам үч жолу үйлөнгөн. Биринчисинен бир кыз. Экинчи аялы апам. Биз үч бир тууганбыз, Равшан жана Рыскүл деген эжекелерим бар. Үчүнчүсүнөн да үч баласы бар.
– Алар менен байланышып турасыз да...
– Ооба, каныбыз бир да. Азыр баары менен кабар алышып турам. Бирок бир кезде Равшан, Рыскүлдөн башкасы менен сүйлөшпөчүмүн. Атама болгон жек көрүүдөн улам. Атам бизди таштап кеткенде мен 14 жашта элем. Ошол чакта ал мага аябай керек эле, бирок... Мен аны аябай жек көрүп жүрдүм. Телефон чалса, сүйлөшчү эмесмин. Бирок бой жетип, жашоого көз караш өзгөрдү. Аскерден келгенден кийин атамды кечирип, сүйлөшүп калдым.
– Жашооңуздагы эң чоң жоготуу эмне болду эле?
– Ата-энем. 1987-жылы 63 жашында апам кант диабетинен улам каза болду. Андан 5 жыл өткөн соң атамдан айрылдым. Баары бир ойлой берем, эгер атам апамды таштабаганда алар узакка жашашмак. Анткени апам аны аябай сүйчү. Анын башкага кетип калганын көтөрө албай ооруп калды.
– Өзүңүз качан түтүн булата башта­дыңыз?
– 20 жашымда үйлөндүм. Жан биргемди 9-класста окуп жүргөндө байкагам. Экөөбүздү бий ийрими тааныштырган. Бирок анда жаш элек. Мектепти бүткөн соң мен аскерге кетип калдым. Экөөбүз сүйлөшпөй жүрдүк. Канчалык алыстасак да, тагдыр экөөбүздүн жолубузду кайра-кайра бириктирип турду. Эки жолу сүйлөшпөй кайра табышып, анан баш коштук.
– “Уулума барышым керек” деп шашылып жатасыз, ал каякта? Негизи эле балдарыңыз тууралуу кеп салсаңыз.
– Кенже балам Элимхан азыр мектепте. Мектептен алып, скрипка ийримине алпармакмын. Ал музыкага жакын. Ал эле десем, андан улуураагы Эмирхан да өзүнчө жылдыз болгусу келет. 16 жаш өткөөл мезгилде баары эле ушундай го. Бирок ал музыка эмес, башка кесипти тандаса керек. Улуу кызым Нурайым учурда БГУнун 3-курсунун студенти, кытай тилин өздөштүрүп жатат.
– Балдарыңызга хан менен уланган ысымды ким койгон?
– Экөөнө тең өзүм. Негизи, адамдын ысымы анын тагдырына, жашоосуна байланат дегенге ишенем. Элимханым менен Эмирханым эл адамы, эл башкарган, эли үчүн күйүп-бышкан инсандардан болсун деген ниетте.
– Бой жетип калган кызыңыз бар экен. Колун сурап куда түшүп келгендер көп болсо керек?
– Ооба, колун сурагандар көп. Бирок ал кыз биздин эмес, таене-таяталарынын колунда чоңойгон. Ошолордун сөзү чечет.
– Өз курагыңыздан өтө жаш көрүнөсүз. Мунун сыры эмнеде?
– Ооба, мындайды көп угам. Жаш болуп көрүнүш үчүн аракты көп ичиш керек (катуу күлүп), албетте, тамаша. Музыка ушундай сактаса керек. Жан дүйнөң канчалык жаш болсо, ал сырткы келбетиңе да таасирин берет.
– Гүлнур Сатылганова сизден башкаларга аранжировка жасатпайт деп угам. Кандайча иштешип калдыңыздар эле?
– Гүлнур менен 90-жылдардан бери таанышпыз. Бир муундун адамдарыбыз да. Ал эми ырларына 2006-жылдан бери аранжировка жасайм. Мага чейин Эрик Кадырбаев менен иштешчү. Кандайча десеңиз? Башында анын бир-эки ырына аранжировка жасадым, аябай жактырган. Ошондон улам иштешип калганбыз. Гүлнур менен иштешүү мага да жеңил. Кандай мүнөздөгү аранжировканы каалаганын сүрөттөп берсе, мен элестетип тез эле даярдап берем.
– Казакстанда да иштеп келгенсиз. Ал жактын атактуу ырчыларына аранжировка жасадыңыз беле?
– Ооба, көбүн эле тааныйм, иштешкем. Силер билген Роза Рымбаеванын ырына жасагам. Калганы казактардын жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчылары.
– Ушул жерден ставкаңызды сурап кетпесем болбос?
– Башкалардан ашык эмес, кем эмес. 300 доллардан жогору. Ал эми казак ырчыларынан заказ болсо, мындан 3 эсе көп.
– Жаш чагыңыздан жашооңуз музыка дүйнөсүндө экен. Музыка сиз үчүн...
– ...жашоом. Музыка болбосо мен эч ким эмесмин. Балык сууда өзүн кандай эркин сезсе, мен да музыкада өзүмдү ошондой сезем. Учурда аранжировка жасоодомун, бирок жан дүйнөм сахнаны дегдеп турат. Буулугуп жүрөм. Убагы келгенде жарылам го.
– Ар бирибиз алдыга план коюп иштейбиз да. Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшүп кетпейсизби?
– Менде “Энеме” деген апакеме арналган ырым бар. Ошону өзүм аткарып, клип тартууга камынып жүрөм. Атама деп ырдын обонун жазып койгом, жакшы текст жазыш керек. Ата-энеме арнап ыр жазуу милдетим дейм. Муну жакынкы убакта аткарсам деп жүрөм.
– Ой-максатыңыз өзүңүз пландагандай ишке ашсын. Сыр бөлүшүп, жылуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. «Инсандын» кайрадан сахнага кайтышын чыдамсыздык менен күтөбүз.

ЭРКИН...

  • Ысык-Көл облусуна караштуу Маман айылында туулуп, Бишкек шаарында чоңойгон.
  • Абдан шашма. Бирок бул сапаттын жумуш­ту тез бүтүрүүгө жардамы чоңун айтат.
  • Жубайын кубантууну жактырат. Ага түрдүү сюрприздерди уюштуруп турат. Мисалы, кечээ үйүнөн айтпай алып чыгып, кинотеатрга алып барыптыр.
  • Тамак ылгабайт. Сүйүктүүсү жасаган палоо менен фунчёзаны бир дагы мыкты ашпозчу кайталай албайт дейт.
  • Жаш эстрада ырчыларынан Мирбек Атабеков менен Омарды сыйлайт жана баалайт.
  • Учурда Г.Сатылганова, Г.Тойгонбаева, К.Эралиева, Ж.Муратова, А.Исабаев, Ы.Осмонкулов, Т.Алыбаев, С.Искеналиев жана башкалар менен иштешет.
  • Орус эстрадасынан Юрий Антонов, Евгений Мартынов, София Ротару, Владимир Пресняков, Леонид Агутинди баалайт. Пресняков жана Агутин менен жакшы тааныш.
  • Сууда сүзүүгө жана тенниске кызыгат. Достору жакшы көргөн бильярдды такыр жактырбайт. Алар менен барганда ойногонун мыскылдап отуруудан ырахат алат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
milli
2011-02-02 00:01:55
Iygilik!!!
0
medimilano
2011-02-02 05:57:57
kyday koldogon insan bolup,kalyn jyrttyn katarynda aman jyro beriniz.
0
jumamidin
2011-02-03 03:59:54
daaaa, jakshy yrchylar Yryrkeldi menen Tynaidyn arkasyndagy azamt eken gooooo!!!
Kyrgyzda myndai adamdar bar, kyrgyz jashap kelet da.
0
toktokan
2011-03-30 11:42:51
Жакшы бактылуу болгула!!!
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан