– Баш кошуп албайлыбы?
– Жок, азыр эмес. Мен алгач ата-энеме үй алып беришим керек...
Болот менен болгон сүйлөшүүлөрүм көбүнчө ушундай тондо аяктачу. Жашым 25ке келип калган. Бирок ата-энеме үй алып бербей, аларды бакпай күйөөгө тийип кетсем өзүмдү өмүр бою күнөөлүү сезчүдөй болчумун.
– Кечир, мен мындан ары күтө албайм. Жашым 30га келди, үйлөнүп бала-чакалуу болуп, жашоомду курушум керек,- деди да, жок болуп кетти бир күнү Болот. Көп өтпөй үйлөнүп алганын уктум. Ичимдин ачышканын айтпагыла. Болот экөөбүз 5 жыл сүйлөшкөнбүз. Улам сүрөтүн карап коём, эстеген сайын көзүмдөн жаш тегеренет. Ал учурда мен чет өлкөдө болчумун. Иштеп акча топтоп келейин деп Дубайга кеткем. Ата-энемди жайгаштырып, бир канча жыл кенен жашашы үчүн дагы акча топтоп коюп турмушка чыгам, андан кийин да аларды эч нерседен кем кылбай карайм. Бул планыма каршы чыкпаган күйөөгө тием деп кыялданчумун. Анан да дайыма Болотко турмушка чыкканымды элестетчүмүн. Аны сүйдүм, экөөбүз бири-бирибизге төп келчүбүз. Ал үйлөнүү тууралуу сөз айтканда эле моюнумдагы жоопкерчиликти эстеп кетип, жумшак баш тартчумун. Ал үйлөнүп алгандан кийин көпкө депрессияда жүрдүм. Мунун баары ушинтип эле бүтүп калат деп такыр ойлогон эмесмин. Болотту аябай сагынып жүрдүм. Кийин анын балалуу болгонун укканда баары бүткөндөй сезилди, ошондо гана үмүтүмдү үзүп, аны коё бергенге аракет кылдым.
Дубайда жүргөнүмө 4 жыл болду. Бишкектен насыяга үй алгам, төлөп бүтө элекмин. Ал жакка пенсионер ата-энемди көчүрүп келдим. Алардын жашоосу кызыктуу болсун, акчалары кенен болсун деп алыста иштеп жүрөм. Дүйнөнү көрүшсүн деп жакында Дубайга алып келип кыдырттым. Айтор, алар үчүн колумдан келгенин жасап, болушунча тытынып жатам. Бирок мунун баары баарыбыз үчүн менин милдетимдей эле болуп калды. Эжелерим “атамдарга муну алып берип койбойсуңбу, мындай кылбайсыңбы” деп сүйлөшөт.
Биз үйдө 5 кызбыз. Уул балалуу болбой калгандыктан атам мени эркек балдардай тарбиялаган. Дайым өзү менен ээрчитип жүрүп, башкалар менен тааныштырганда “бул менин балам, балам чоңойсо бизди багат” деп айтчу. “Уулуңуз барбы?” деп сурап калышканда “биздин уулубуз ушул, 10 уулга тете кыз. Мени Таалайгүл эле багат” дечү. Мен дайыма ата-энемди багышым керек деген ой менен чоңойдум.
Эжелерим өздөрүнүн турмушу менен алек. Ата-энеме дайыма өз көйгөйлөрү менен гана кайрылышат. Атам менен апам пенсияларын алып, аларга жардам беришет. Мен салган акчаны аларга беришет. Ушундай жашоо уланып жатат. Кичинемде менин мээме сиңирип коюшкан түшүнүктөн арыла албай, алардын уулдуу болбой калганы үчүн өзүмдү күнөөлүү сезгенден арыла албай жашоом өтүп жатат.
Өзүм үй алгандан кийин Бишкекке келсем үчөөбүз кызыктуу убакыт өткөрөбүз, өз үйүм деп кенен жатып, кенен турам деп көп кыялданчумун. Экинчи жылы катары менен бул үйгө келип жатам. Келген сайын эжелеримдин бири күйөөсү менен таарынышып, балдарын ээрчитип биздин үйгө келишет. Ишенесиңерби, жөпжөнөкөй өзүм алган үйдө бутту сунуп жатам деген кыялым ишке ашпай койду. Жадакалса өзүм сатып алган отургучка ырахаттанып кенен отура албай койдум. Ыйлагым келди.
– Канча жылдан бери силер деп иштеп алыста жүрөм. Силерди кенен жашасын дейм. Бирок силер дайыма менден алып эжемдерге бересиңер. Менин да кредитим турат. Жеткире албай кыйналам. Мени эмнеге ойлобойсуңар? Эжемдердин күйөөлөрү бар, өздөрүнчө оокат кылышсын да. Ушул кыз аракет кылып жатыптыр деп эмгегимди баалап, ойлоп койгон киши жок. Жадакалса мен Дубайдан келе жатканда ысык тамагыңарды даярдап тосуп албайсыңар. Эмнеге? Мен ушундай жөнөкөй көңүл бурууга да татыктуу эмесминби, ата, апа? Өмүр бою силер үчүн тытынып келе жатам, бирок баалабадыңар,- деп ыйладым бүгүн. Жок дегенде эмгегиңдин бааланышын каалайт экенсиң.
Таалайгүл