БУРУНДИ - ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ЖАКЫР ӨЛКӨЛӨРДҮН БИРИ

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө адамдар акчасын кайда короторун билбей жатса, ааламдын башка бир бурчунда жакырчылыктын айынан кенен тамактануу эмне экенин билбей жашагандар бар. Бул ирет дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарын толуктаган Бурунди менен тааныштырабыз.

 


Борбору: Гитега

Аянты: 27 830 чарчы чакырым

Калкынын саны:

12,5 миллион (2021-жыл)

Башкаруу формасы: президенттик-парламенттик республика

Көз карандысыздык алган күнү: 1962-жыл, 1-июль

Негизги тилдери: рунди, француз жана англис

Көп жылдар этникалык кагылышуулардан башы чыккан эмес

Бурунди Чыгыш Африкадагы өлкө. Рунди тилинде өлкөнүн аталышы “рунди элинин жери” дегенди билдирет. Өлкөнүн байыркы жана орто кылымдагы тарыхы жакшы изилденген эмес. Бул аймакта отурукташкан алгачкы жашоочулар пигмейлердин тва уруусу экени айтылат. Аларды биздин замандын 1000-жылы хуту дыйкандары сүрүп чыгарган. 15-16-кылымдарда тутси көчмөн малчылары да көчүп келишкен. 17-кылымда Бурунди көз карандысыз феодалдык падышалыгы курулган. Алгачкы белгилүү падыша Нтаре I бул аймактагы бытыранды өлкөлөрдү бириктирип бир падышалык түптөйт. Нтаре IIнин заманында падышалыктын гүлдөгөн доору болгон. Кошуналар менен болгон бир канча согуштан кийин Нтаре II падышалыктын аймагын өлкөнүн азыркы абалындагыдай аянтка чейин кеңейткен. 19-кылымдын аягынан 20-кылымдын башына чейин өлкөдө ич ара согуштар болуп турган.

1890-жылдары Бурунди Германиянын колониясы болсо, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Бельгияга өткөн. Бул аймак колонизаторлор тарабынан Руанда-Урунди республикасы катары каралган. 1962-жылы көз карандысыздыкты алган. Андан кийин ич ара этникалык карама-каршылыктар башталган. Бир канча жылга созулган жарандык согуш жана этникалык конфликттен кийин Бурундиде тынчтык орногон. 2003-2005-жылдары президент болуп турган Домисьен Ндайизейе жана хутулардын этникалык “улуттук куткаруу күчү” тобунун лидери Агатон Рваса Танзаниядагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында зордук-зомбулукту токтотуу боюнча келишимге кол койгон. Албетте, бул согуштар өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизген.

Африкадагы калк эң жыш отурукташкан өлкө

Бурунди дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн катарына кирет. Киши башына ички дүң продукциясынын көлөмү 262 долларды түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын 90 пайызы айыл чарбасы менен алектенет. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгү өлкө ичинде калат. Экспорттун 54 пайызын кофе түзөт. Мындан тышкары, сыртка чай, пахта, айнек буюмдарын, булгаарыны, баалуу терилерди сатат. Сырттан оор жүк ташуучу унаалардын тетиктерин, транспорт жабдууларын, мунай жана мунай продукцияларын, кызыл мыя жана анын унун импорттойт. Негизги соода алакасы Бельгия, Германия, Пакистан, АКШ жана Руанда менен түзүлгөн.

Өлкөдө сыра, эт-сүт продуктуларын чыгаруучу ишкана, тамеки, текстиль фабрикасы, ун, кант, айнек, цемент заводдору бар. Танганьика көлүнөн балык кармалат. Мал багылат.

Башталгыч жана орто мектептер, кесиптик-техникалык окуу жайлар, ЖОЖдор бар. Бужумбура шаарында Бурунди университети, Жогорку педагогикалык мектеп, коммерциялык институт, илимий мекемелер, китепкана, музей орун алган.

Африкадагы калк эң жыш отурукташкан өлкө. Калкынын орточо жыштыгы – 1 чарчы чакырым жерге 277 киши туура келет. Калктын 80 пайызын хутулар, калганын тутси, пигмейлер, тва жана башка улуттун өкүлдөрү түзөт. Христиан динин жана салт болуп калган жергиликтүү динди карманышат. Шаар калкы 9 пайызды түзөт. Бужумбура, Гитега, Нгози, Муйинга сыяктуу ири шаарлары бар.

Климаты субэкватордук, ойдуңдарында ысык, кургакчыл мезгил июндан октябрга чейин созулат. Айлык орточо температура 15–20°С, ойдуңдарда 23-25 градуска чейин катталат

Адам сатуу боюнча фактылар бар

Чыныгы жакырчылыкты сезгиңиз, антисанитариянын мекенине баргыңыз келсе, анда Бурундиге барсаңыз болот. Бул өлкөдөн кайда караба таштандыга толгон жерди көрөсүз, күнүнө бир гана жолу тамактанган, сиздин артыңыздан ээрчип алып акча сураган адамдарга туш болосуз. Самандан салынган алачыктарды же жыгач сайып, чүпүрөктөр менен айланта тосулган үйлөрдү көрөсүз. Урап калган имараттын үстүнө “ресторан” деп жазып алып тамак саткандар бар. Жасалып жаткан тамактардын үстүндө учуп жүргөн чымындар, кир идиштердин колдонулуусу көнүмүш көрүнүш. Бул, албетте, көптөгөн оорулардын жайылышына себепчи.

ЮНИСЕФтин айтымында, Бурундиде балдардын укугу бузулган учурлар көп кездешет. Адам сатуу боюнча да фактылар катталат. 2021-жылдагы маалыматка караганда, 8 жаштан 17 жашка чейинки 270тен көп бала сатылган. АКШнын эл аралык эмгек мамилеси бюросунун маалыматына караганда, балдарды Танзанияга айыл чарба жумуштарында иштөөгө, алтын чыгаруучу жерде иштөө үчүн жана үй кызматчысы катары сатышат. Бурундинин кыздары Кения, Руанда, Уганда, Конго жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө сексуалдык коммерциялык эксплуатация үчүн да сатылат деп айтылат.

Өлкө ушул бойдон калып калбайт деген убаданы анын президенти Эварист Ндайишимийе берет. Ал бир маегинде “2060-жылы Бурунди өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт” деп айткан.

Кызыктуу фактылар:

  • Бурунди бою узун адамдардын мекени десе болот. Мырзалардын боюнун орточо узундугу 190 сантиметр, аялдардыкы 175 сантиметр.
  • Өлкөдө асфальтталган жолдор жок. Темир жол жок. Ал эми аэропорт бар.
  • Уюлдук телефон колунда бар адамдарда гана кездешет.
  • Медициналык жайлар дээрлик жок. Өлкө боюнча 200 гана врач бар.
  • Узундугу 6 метр, салмагы бир тонна болгон эң чоң крокодил Бурундиден кармалган.
  • Танганьика көлүндө Кызыл китепке кирген балык жана өсүмдүктөрдүн 120 түрүнөн ашыгы жашайт.
  • Жаш балдардын өлүмү көп. Төрөлгөн 1000 баланын ичинен 40 бала өлүмгө дуушар болот деген статистика бар.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан