ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башталышы )

Аба ырайы бүгүн маанайы жок адамдай түнөрүп, жанга жагымсыз. Таңдан бери асманды ала булут каптап күн бүркөө тартып турат. Канча мукактанбасын күн жаай албай койду. Маал-маалы менен удургуп муздак шамал согот. Аба ырайына көңүл бурган деле киши жок. Ар ким өз иши менен алек. Баары эле кайдадыр шашкансыйт. Бир гана үйүнөн жаңы чыккан бул аял асманды бир карап алды да, «жааса жаап жиберер» деп күбүрөнүп, маңдайында турган таксини көздөй басты. Таксиге отуруп Бишкектин сыртына алып чыгууну суранды. Шаар тыгындан бошоп калган маал болгондуктан тез эле шаардын четине чыгып, тоо тарапка жетип келишти. Аял таксиден оолактап барып шаарды карап отура кетти. Көптөгөн тагдырлардын күбөсү болгон Бишкек шаары алыстан караганга мемиреп тынчтыкта жаткансыйт. Ичинде болуп жаткан бактылуу көз ирмемдер же уруш-талаш, кылмыштуулук, коогалаңбы, куулук-шумдукпу, айтор, эч бир кыймылдан сыр бербей мемиреп жатканы жаткан. Аял шаарды карап терең ойго чөмүлөт. Бакырайган көздөрү бирде шаардын тиги башына, бул башына улутуна тиктейт. Оор үшкүрүп тээ алыстарга көз чаптырат. Бир учур жер тиктеп кыймылсыз отурса, кээде башын чайкап, кээде бирөөнү шылдыңдагансып мыйыгынан кытмыр жылмаят. Бир учурда түрдүү эмоцияны баштан өткөрүп жаткан бул аялдын аты Айзада. Бул анын ата-энеси койгон аты. Бой жеткени анын аты байма-бай өзгөрүп турду. Алина, Эля, Диля, Арина, Кундуз, Нуркыз, Жылдыз, Элнура, Мелена, Миранда, Айка... Деги койчу өзүнө жаккан аттын баары анын аты болчу. Ал ушунчалык чырайлуу эле. Жылдар өтүп жүзүндөгү нур өчтү. Бир учурдагы жайнаган көздөр, азыр муңга толо. Анын жүзүн бүтүндөй муздактык уялап, сулуулугун чүмкөп койгон. Ага азыр баштагыдай сулуулугун көрсөтүү такыр мааниге ээ эмес эле. Ошол сулуулуктун артынан кандай күндү гана көргөн жок. Ал кээде ушул абалга түшкөнүнө сулуулугун күнөөлөйт. "Балким, сулуу болбосом өмүрүм көрксүз, жылдарым куру өтпөйт беле" деп көп ойлонот. Жылдар бою көкүрөгүндөгү аңырайган боштукту акча, көңүл ачуу, кымбат кийимдер, ар кандай адамдар, айтор, көп нерсе менен толтургусу келди. Учурунда ар нерсеге алаксып ал боштуктун толбогонун деле байкаган эмес. Убакыттын өтүшү менен көкүрөгүндөгү баягы аңырайган боштукту эч бир нерсе толтура албаганын даана сезди. Ал боштук азыр да дал ошондой аңырайган бойдон турат. Адам көкүрөгүндөгү боштукка түркүн-түстүү жамаачыларды чаптайт. Бирок анын баары убактылуу. Жамаачы кийим узакка жана жакшы күндөргө, жакшы жерлерге кийгенге жарабагандай эле, боштукту убактылуу бир нерсе менен толтуруу да жан дүйнөнүн дабасы болуп бере албайт тура. Аял муну эми гана түшүндү. Бирок дагы деле аны толтуруунун жолун билбеди. Өзүнөн, өз жашоосунан кадимкидей качат. Бир орунда жашай берүү ага тозок. Бир кезде алыстан аны карап турган таксинин айдоочусу көзүнө илинди, дароо башына капюшонун кие салып, отурган багытын бурду. Анын бул кыймылы адамдардан корунуп жатканын даана туюндуруп турду. Ошол абалында дагы бир саамга отурду да, угулар-угулбас кыңылдап ырдай баштады.

«Кезигип жылдардын бир жылдарында,

Кайырсыз айлардын бир айларында.

Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,

Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,

Күмүш сап камчы менен камчыланып.

Бой таштап тегирмендин парасына,

Кээ күнү калгым келет кайчыланып…»

Ыр ушул жеринен токтоду. Кайрадан тынчтыкта терең ойлоно кетти. Бир кезде башын чайкай турду да, такси айдоочусуна кол жаңсады. Жигит бат эле унаасын от алдырып, аял отурган жерге жетип келди.

– Эми кайда?- жигит аялга кылчая карады.

– Төмөнкү Ала-Арчага.

– Тагыраагы,- жигит алая аялды карады. Жигит болуп турса да аялга ашыкча суроо берүүдөн айбыгып турду. Аялдын жүзүндө сүр бар эле.

– Күмбөздөр жайгашкан жерге алып бар.

Жигит дагы тактап сурагысы келди, бирок дагы үн катууга даабады. Телефонун алып “Кладбище Нижняя Ала-Арча” деп картага жазды да, ошол тарапты көздөй жол тартты. Улам-улам көзүн жумуп оор үшкүрүнгөнү болбосо аял башка үн каткан жок. Терезени улутуна тиктеп өзүнчө ойлуу бара жатты.

– Келдик, кайда токтоюн?- жигит артка кылчайып аялды карады.

– Ушундай токтой берсең болот. Сен мени дагы күт, дагы бир сапардан соң сени коё берем.

– Кечиресиз, эже, менин иштешим керек. Бүгүнкү унаамдын ижарасын да чыгара элекмин.

– Сен андан таптакыр кабатыр болбо. Мен сени ыраазы кылам,- аял шарт бурулуп капюшонун кийди да, күмбөздөр жайгашкан тарапты көздөй жөнөдү.

– Хм, эмне болгон аял деги бул?- жигит таң калганын жашырбай аялды узата карап аңырайып туруп калды. Чынында аялдын жүрүм-туруму адамды таң калтырбай койбойт эле.

xxx

Чык-чык-чык... Бөлмөнүн ичинедеги тынчтыкты бузуп турган нерсе дубалда илинип турган чоң сааттын үнү. Жарым-жылдан бери бул үйгө жалгыз жан берген ушул саат. Балким, жакынкы күндөрү мунун дагы күч-кубаты түгөнүп токтоор. Балким, Кудайдын кудурети дейт эмеспи. Бир кудуреттин күчү менен дагы бир нече убакыт үйдү томсортпой иштеп турар. Бирок бүгүн капыстан бул үйдүн каалгасы чыйк эте ачылды. Үйдө киши болсо ким келип калды деп таң кала эшикти көздөй чыкмак. Тилекке каршы, үйдө киши жок. Үй айылдын четинде жайгашкандыктан ким келип калды деп карай турган коңшулар дагы жок. Бул үйдүн бетин 15 жыл көрбөгөн адам бүгүн босогосун аттап отурат. Буга бир эле адам кубанат эле. Ал анын апасы болчу. Уулу төрөлгөндө үй-бүлө абдан кубанган. Анткени көптөн күткөн наристесин колго алышкан. Жолубузга шам болсун, бизге эле эмес элдин дагы жолуна жарык чачар шам болсун деген тилек менен ата-энеси уулуна Шам-эл деген ысым ыйгарган. Шам-элди колуна алып, бооруна кысып акжолтой уул болсун, бизге дагы да балдарды ээрчитип келсин деп ата-энеси Кудайдан тиленишкен. Бирок алар башка бала жытын жытташкан жок. Шам-эл алардын жалгыз уулу болду. Катардагы жалгыз баланын көзүн караган ата-энелердей эле алар дагы жалгыз уулун алаканына салып бөпөлөп, кареги менен тең айланып, ою менен болуп өстүрүштү. Ата-энесинин ашыкча эркелеткени Шам-элге жакшы жол салып бере албады. Ата-эне уулуна ээ боло албай калды...

Үйдүн чаңы көптөн бери үйдө киши жашабай калганынан дароо кабар берди. Шам-эл башындагы шапкесин алып шалдая отуруп калды да, бир кезде көз жашы сызылып, ыйлай баштады. Абалына өзү таң калды. Ушунчалык мерез эле, кандай жагдай болбосун көзүнөн тамчы жаш чыгып, бир ойлонуп, бир өкүнүп койбойт эле. Ыйлаган абалында отуруп бир топ убакытты өткөрдү. Бир маалда ордунан турду да, шалдая басып үйдүн ичин тегерене басты. Ар бир буюмду көргөн сайын балалык кези көз алдына тартылып жатты. Ата-энесинин элеси... Башын мыкчый отура кетти жумшак отургучка. Буту отургучтун алдындагы темирге урунду. Башын ылдый салып карады эле кичинекей сандык экен. Бул сандыкка апасы акча, керектүү буюмдарын ката турган. Дароо тааныды сандыкты. Кызыкты, бул сандыкта ушул учурда эмне калганына кызыкты. Сандыкка салынып турган кулпуну талкалап, капкагын ачты. Жоолукка оролгон түйүнчөк гана бар экен. Аябай тыкыр ороптур. Ичинен бир таңгак акча, жана кат чыкты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан