КАРЛОС РОДРИГЕС – МЭЭСИ ЖОК АДАМ

Мээнин кичинекей бөлүгүнө доо кетсе адамдын жашоо образы бузулат же толук кандуу болбой калат деп окуганбыз мектепте. Бирок төмөнкү окуя ал теориянын баарын жокко чыгарды.

Мээси жок адам тууралуу окуя коомчулукка 2010-жылы белгилүү болгон. Тагыраагы, АКШнын полиция кызматкерлери баңгизатын сактоо жана каракчылыкка шектеп бир жигитти кармашат. Укук коргоо кызматкерлерин таң калтырган факт – кылмышка шектүүнүн жарым башы жок эле.

Тактай келгенде, Карлос Родригес кадимкидей эле дени сак бала болуп төрөлгөн. Өспүрүм кезинде бузуку адамдардын тобуна кошулуп, жаман жолго түшүп кетет. Уурулук, каракчылык, баңгизатын колдонуу сыяктуу кылмыштарга барган ал бир күнү автоунаа уурдап качып баратып кырсыкка кабылган. Катуу ылдамдыктагы унааны башкара албай, маңдайкы терезеден учуп кетип башы менен асфальтка тиет. Баш сөөгү бырчаланып калган өспүрүм аман калбайт го дешкен дарыгерлер. Бирок Карлос аман калды, болгондо да баш сөөгүнүн жарымы менен кошо мээсинин үчтөн эки бөлүгү алынса да айыга баштаган. Анда Карлос 14 гана жашта болчу.

Дарыгерлер Карлос мындан аркы жашоосун майыптар арабасында өткөрөт же болбосо акыл эси кем адамга айланат. Физикалык жактан да толук кандуу боло албайт, анткени организмдин кыймылдаткыч функцияларына жооп берген мээнин бөлүгү жок дешкен. Бирок жигит калыбына келип, кадимки жашоо образына кайткан. Акыл-эси ордунда, эс-тутуму жайында Карлос Родригес толук кандуу жашоо образын кечирип келет. Ал эле эмес кайрадан баягы жаман жолго түшүп, полиция кызматкерлеринин дайымкы “кардарларынын” катарында.

Ал эми окумуштуулар бул фактка байланыштуу түрдүү гипотезаларды чыгарышкан. Бирок так теория эч кимде жок. Мындан улам канчалык техника, медицина өнүкпөсүн адам баласы толугу менен изилденип бүтө элек оор механизм экенин билсек болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан