Жылдын мыктысы
Элина – “2010-жылдын супер актрисасы” наамынын ээси, “Арууке” бий тобунун негиздөөчүсү жана жөн эле сүйкүмдүү, татынакай бийкеч. Кыргызда кишинин адамгерчилик сапаты жогору бааланат эмеспи. Элина, менимче, ушул сапаты менен жакшы сыйга ээ болуп келет.
ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫ
Туулган жылы – 1990-жыл, 2-апрель
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 175 см
Салмагы – 56 кг
Бут кийиминин өлчөмү – 40
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Фобиясы – Караңгы жер
Учурда – Актриса, “Арууке” тобунун бийчиси
Жашаган жери – Бишкек шаары
– “Боз салкынды” эстесем эле көз алдыма так секирген, бакыраң көз кыз элестейт. Сен болсо, качан көрбөйүн, созулуп жүрөсүң. Кайсынысы ролуң да, кайсынысы жашооң?
– Билесизби, кичинекей кезимде чын эле шок, бейбаш кыз болчумун. Мектепте коридордо туруп кыздар карап койсо да «мени туура эмес карап койду» деп ызы-чуу кылгым келе берчү. “Боз салкында” да өзүмдүн ролумду ойногом. Анан эле чоңойгондо мунун баары тык токтоду.
– Демек, эрке болгон турбайсыңбы?
– Бала кезде атам мени көп эркелетип, ар дайым менин таламымды талашар эле. Ага ишенип, оюма келгенин жасачумун. Ал кондитердик өндүрүштү иштетчү. Муздаткычта таттуулар толуп турар эле. Эсимде, байкем экөөбүз эки кабаттуу керебетте жатчубуз. Мен үстүндө, ал астында. “Луна” деген шоколадды алып келип бири-бирибизди күтүп отура берчүбүз. Мен чыдабай жеп койсом, байкем катып койгонун алып чыгып, менин көзүмдү кычыштырып мактанып жечү. Ошондо ага эркелеп ыйлап калган күндөрүмдү азыр эстеп күлөм.
– Балалыктагы кандай “кадрлар” көз алдыңдан кетпейт?
– Апам газдалган суу сатып иштетчү. Баарыбыз таңкы саат 5те туруп, апама каралашар элек. Иш менен алек болуп, түнкү 12 дегенде келип, колубузду жууганга алыбыз келбей уктап калчубуз. 6-класстан тартып мен үй-бүлөбүздүн эсепчиси кызматына орноштум. Кадимкидей эле ар кимисине айлык берип жүргөм. Кээде сатуучулар жок болуп калганда өзүм саткан күндөр да болду. Классташтарым мени карап өтүп кетишсе, кызыктай боло берчүмүн. Бирок “ата-энеме жардам берип жатам да” деп кайра өзүмдү жоошутар элем.
– Негизи, чыгармачыл адамдардын ата-бабасында таланттуу бирөө болот. Сенде барбы?
– Биздин тууган-уругубузда чыгармачылыкка жакын адамдар такыр жок. Мен кичинекейимден тартып эле “Узурпаторша” деген киного аябай таасирленсем керек. Эжемдин досуна чалып алып “это я, Паола Брачо” деп туурай берчүмүн. Анан да таякелеримди, эжелеримди пародиялай турган сапатым бар эле. Ошентип күзгүнү карап алып кинодогу адамдарды туурап жүрүп эле актёрдук талант чогула берсе керек.
– “Уурунун махабаты” тасмасына кантип тартылып калдың?
– Алгач бул ролду Эрнест байке Асемага сунуштаган. Ал өзү «мен бандиттин ролун алам» деп баш тартып койгон. Кийин мага айтты. Көрсө, ошондо эле мендей шок кыздан олуттуу ролду аткарар актрисаны көргөн экен да. Мени “башкы ролду ойнойт” десе жанымдагылар таң калышып, “кантип эле? Жаш, арык, узун, шок кыз ошондой ролду ойной алмак беле?” деп чыгышкан. Ошондо Эрнест байке “көрөсүңөр го, Элина токтолуп, ролду жеткиликтүү аткарып берет” деп мага ишенген. Андан
2 жылча убакыт өтүп, мына, киного да тартылып жетиштик.
– Орус актёру, атактуу Сергей Астахов менен биргеликте “Гаишники” тасмасына тартылдың. Кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
– Албетте, эки эл биригип тарткандан кийин ага аябагандай көп убакыт, энергия сарпталды. Сергей Астахов бизди теңине албай, көп кыйынчылыктарды жаратты. Арадан съёмка токтомой болуп, анан кайра тартылып баштады. Мушташкан учурларын тартуу үчүн тренер менен даярданып, 2 жума дегенде бүттүк. Ал эми киного келгенде анын баары кыскартылып, 2 мүнөттүк болуп чыкты. Өмүрүмдө кийбеген бийик таканы кийип, бир жигитти тепкен жерим бар. Аны аткарам деп бутумду кайрып алдым. Анын айынан съемка эки жумага токтотулду.
– Актрисалык кесиптен эмнени жоготтуң да, эмне таптың?
– Жоготтум деп айта албайм. Өзүмө жаккан жумушум болгондуктан, уйкучу экениме карабастан, съемка боло турган күндөрү таңкы саат 5терде туруп калам. Фильм тартылчу жайга баарыбыз чогулуп, аппаратураны алып барганча убакыт өтүп, 3-4төрдө иш башталат. Ал эми башка күндөрү “жакшы көргөн нерсеңди алып берем” десе да турбайт болчумун. Көптөгөн жерлерди кезип келесиң. Баарынан да кызыгы, айылдагы туугандарымдыкына барганда аябай сыйга ээ болдум. Мурун андай болчу деле эмес, эми болсо “төргө өт” деп сыйлап калышыптыр.
– Асеманы атаандаш катары көрөсүңбү?
– Асема менен “Боз салкында” таанышкам. Киного тартылганда да аябай мени колдоп турчу. Атаандашуу деген сезим менде такыр жок. Аны эжемдей көрөм, ошол эле учурда дос катары да жакшы тил табышам. Азыр үй-бүлөлүү болуп, мурункудай көп байланышпасак да, бир чалышып калганда 2 саатча сүйлөшүп отуруп алабыз.
– “Версус” бий тобунан кетишиңерге эмне себеп болду?
– Негизи, “Арууке” тобун ачуу идеясы Ома байке, Асел эже үчөөбүзгө таандык. Бул туурасында октябрь айында Айпери эжеге түшүндүрүп айтып, анан кетели деп жатканбыз. Сентябрда Ома байке болуп чогуу отуруп калсак, ал
“эртең Таласка кетебиз” деп калды. “Версуска” кантип айтабыз?” деп жаман болдук. Телефондон айткан да туура эмес эле. Ошентип, кетип калдык. Келгенде да эртең-эртең деп жүрүп, 3-4 ай өтүп кетти. Кийин жолугуп сүйлөштүк. Айпери эже өз оюн, таарынычын айтты. Аныкы да туура, бир четинен. Бирок аягында бизге ийгилик каалады.
– Азыр байланышып турасыңарбы?
– Чынын айтканда, баары эле ушул суроону берип интриганы күткөндөй тажатышат. Айгүл эже менен байланышып турабыз. Аны менен жакшы эле сүйлөшөбүз. Ал эми Айпери эже менен кабарлаша элекпиз.
– “Аруукеде” “жашоо” кандай болуп жатат?
– Буюрса, өзүбүз жаңы топ түзүп алдык. Ал деле биз үчүн чоң жетишкендик. Аз болсо да өзүбүздүн ишибизди баштадык. Жоопкерчилик да көбөйдү.
– Дүйнө кезген жагабы?
– Албетте, чыгармачылыгыма байланыштуу «Версус» тобу менен көп жерди, шаарларды көрдүм. АКШ, Франция, Швейцария, Венеция, Анкара, Стамбул, Чикаго, Брюссель. Аларда бардык шарт бар. Бирок биздин Ысык-Көлүбүзгө, тоолорубузга, тамак-ашыбызга жетпейт. Американын дарбызын жесең, дары жыттанат, наны болсо «мочалкадай».
– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Кудай берген келбетиме ыраазымын. Косметиканы көп колдоно бербейм.
– Байкашымча, эл алдына деле көп боёнуп чыкпайсың. Эмнеге?
– Негизи, тоналдык крем көп колдонбойм. Кийимдериме жугат деп жаман боло берем. Ошондуктан бат эле өчүргөнгө шашам. Азыр жашмын да, 25тен кийин деле жетишем.
– Үй-бүлөң тууралуу баяндай кетсең...
– Апам – жеке ишкер. Эжем азыр Дубайда, иштейт. Байкем КУУда 5-курста окуйт жана сиңдим Аделина эми жетиге чыгат.
– Атаң менен байланышып турасыңбы?
– Мурункудай эле, байланышып турабыз.
– Кикбоксчу Кумар Жалиев менен кыз-жигит деп уктук эле...
– Кумар менен мамилебиз жакшы. Ал экөөбүз “Гаишники” тасмасында кыз-жигиттин ролун жаратканбыз. Ошондон улам бул кеп-сөздөр жаралса керек.
– Кумар спортчу болсо, ал кантип киного аралашып калды?
– Кумар менен мурунтан эле жакшы сүйлөшчүбүз. Ушул убакка чейин бир да жолу балдарга өзүм чалган эмес элем. Ага чалып, “мен Элинамын” десем, “кайсы Элина?” деп аябай таң калган. Менин ага чалганымды Айбек Дайырбеков байке да билип алып, “аа, Кумар сага жагат турбайбы...” деп тийишип жүрдү. Кумарга кино тууралуу айтып, роль сунуштасам, макул болду. Анан Эрнест байкеге да туура келип, тартылып калды.
– А эмнеге сен Кумарды тандадың?
– Мен анын киного тартылгысы келип жүргөнүн билчүмүн. Ролду да жакшы ойной алат деп ишенгем. Чын эле ишенгендей образга кирип, ролду жакшы аткарып берди.
– Маегиңе рахмат. Чыгармачылык кадамың арыштай берсин!
Гүлжамал Бөрүкулова