ЗАМИР АРЫКБАЕВ, ЫРЧЫ: “ТЕНТЕК, ШАШМА ЭМЕС, ТОКТОО ЗАМИРГЕ АЙЛАНДЫМ”

Күйөрмандарды сагындырган маек десек жарашчудай. Анткени ырчы Замир Арыкбаев менен көптөн бери баарлаша элек болчубуз. Талыкпай иштөөнүн артынан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алууга жетишкен Замир мырза акыркы жаңылыктары, пландары тууралуу кызыктуу кеп салып берди.

– Кандайсың, Замир мырза? Сахнада жүргөнүңө 20 жыл болуптур, чыгармачылыктан эмне таптың да, эмне жоготтуң?

– Талыкпай изденип, иштөөнүн арты менен атым элге таанылды. Казакстанда да аздыр-көптүр күйөрмандарым бар, тойлорго чакырышса барып турам.

Репертуарымда 90дой ыр бар, 20дай клип тарттырдым. Баш-аягы 40тай автордук чыгарма жараткам. Анын ичинде сөзү же обону же экөө тең мага таандык ырлар бар. Мисалы, мени элге тааныткан “Кудача кыздын” жана “Акмаржандын” сөзүн өзүм жазгам, обону казактардыкы. “Апакем”, “Көлдүк карындаш”, “Оштук кызга”, “Шириним”, “Балама” сыяктуу ырларымдын сөзү да, обону да өзүмө таандык. Жашоодон алган таасирлерден улам жаралган ырлар.

Шоу-бизнесте жүрүп досторду таптым. Съездбек Искеналиев, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев, Сема, Мирбек Атабеков жана башкалар менен жакшы дос, шеринелешпиз. Кубаныч-кайгыбызды бөлүшүп, бири-бирибизди колдоп турабыз. Жакшы адамдын жанында чай кайнам отуруу, баарлашуу да майрам деп коюшат го. Ошол сыңары чогулганыбызда шаң, майрам жаралат. Эң шайырыбыз Эрмек, тапкычыбыз, уюштургучубуз Съездбек менен Урмат.

Жеке жашоого келсек, үй-бүлөбүздө башыбызга баш кошулуп, балдар чоңоюп келе жатышат. Акбермет 17, Акмарал 13, Актилек 9 жарым, Аксанат 6 жарым жашта, көкүрөк күчүгүбүз Кудайбердиге 9 ай болду. Ак мээнет менен алган 1 бөлмөлүү үйдү сатып, 2 бөлмөлүү кылгам. Анан аны саттым. Балдар кененирээк ойносун, коноктор да кененирээк отурсун деп Алтын-Ордо конушуна үй салгам. Ошол жерде тапканыбызды жеп, Кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз.

Эмне жоготтум? 2018-жылы бир тууган эжем Айнура жол кырсыгынан каза болуп калды. Артында 4 баласы кала берди. Ошол каргашалуу окуя кабыргабызды кайыштырды. Негизи токтоо, оңою менен чайпалбаган адаммын да. Бирок ошол кайгы мени чайпалтты, төгүлттү. Ошондон кийин бир тууган, ата-эне, балдарымдын өмүрүн Кудайдан дайым тилеп жүрчү болдум.

– Алма сабагынан алыс түшпөйт дейт эмеспи... Балдарыңдын ичинен ырчылыкка шыктуусу барбы?

– Акмаралдын үнү өзгөчө жакшы. Үйдө кыңылдап ырдап жүрсө башында көңүл деле бурчу эмесмин. Бир жолу үйгө келсем бирөө укмуш ырдап жатат, тыңшасам кызым. Ошондо мендеги талант ага өткөн экен дедим. Кызыгып “Ырдап чыгууну каалайсыңбы?” десем “жок” дейт. Муну балким, балалык кылып айтып жатат окшойт. Кийин мага окшоп башка кесипке окуса деле таланты тартып кетип ырчы болуп калышы мүмкүн. Кесибим боюнча МАИ кызмакеримин, бирок ырчы болуп калбадымбы. Талант деген ушундай экен да.

Кудайбердинин өң-түсү, мүнөзү мага окшошуп келе жаткандай. Апам аны “куюлуп турат” деп коёт. Анысы мага окшош шок, ууртунда дайыма күлкү, жылмаюу, анан көзү күлүмсүрөп турат” дегени. Эң кичүүсү болгонгобу ушул баламды өзгөчө эзилип жакшы көрөм.

– Бир кезде бизнес ачсам, топ түзсөм деген максаттарың менен бөлүштүң эле...

– Негизи бизнес ачуу келинчегим Лира экөөбүздүн планыбызда бар. Бирок Лира азырынча балдардын тарбиясы менен болуп, үйдөн чыга албай жатат. Анын да мага окшоп соодага шыгы бар. Кокус бизнес ачып калсак анын бухгалтердик кесибинин пайдасы тийгени турат.

Топ түзүү азырынча кыялымда жашап, ишке ашырганга чыгынбай жүрөм.

– Буга чейин соода тармагында иштеп калгансыңбы?

– 1-класста эле чоң апамдын багынан алма, өрүк терип автобекетке алып барып сатып келчүмүн. 6-класстан тарта каникул сайын Бишкекке таякемдин үйүндө келчүмүн да, “Дордойго” алпарып лимонад, максым сатчумун. Тапкан акчама мектепке кийгенге кийим алып кетчүмүн.

– Эми айтсаң, 42 жашка чыктың. Кичинеңде мүнөзүң кандай эле да, кандай болуп өзгөрдү?

– Кичинемде тентек, ызакор, айтканын бербеген Замир болчумун. Убакыттын өтүшү менен токтоо, сабырдуу адамга айландым. Тааныштарым “тамашакөй, качан болбосун каткырып жүргөн, шашма адамсың” деп калышат. Бул сыпаттоо туура эле. Убакыттын өтүшү менен шашмалыгым калып баратат. Кандай кырдаал, маселе чыкпасын акыл токтотуп иш кылганга, чечим чыгарганга үйрөндүм. Интригадан алыс, жулунуп-жутунбаган жагым бар. Анан келинчегим айтып жүргөндөй, романтик эмесмин.

– Алдыда сенден “Кудача кыздай” же андан ашып популярдуу болчу ырды күтсөк болобу?

– Негизи ырчыны элге бир эле ыры таанытат экен. Кийинки ырларың ошол популярдуу деңгээлиңден түшүрбөй сүйөп-таяп калат окшойт. Кээде ушул ырым хит болот деп ойлойсуң, бирок тескерисинче болуп калат. Ал эми хит болот деп күтпөгөн ырың укмуш популярдуу болуп кетет. Анткени ырдын “аброю” элдин кабыл алуусуна карата аныкталат экен. Андыктан жаңы жаралып жаткан ырларымды хит болот же болбойт деп азырынча айта албайм.

– Чыгарма жаратуу түйшүктүү ишпи сиз үчүн?

– Ооба. Миң толгоносуң. Өзүңдү эт тарткычтан өткөргөндөй болуп сыгыласың. Кээде 2-3 күндөп чиймелегениңди кайра өзүң жаратпай тытып саласың. Ырдын кайрыктары, сөздөрү көңүлүмө туура келмейинче кыңылдап ырдап жүрө берем. Ошентип жуурулуп отуруп чыгарма жаралат.

– Чет мамлекеттерде да концерт коюу планыңда барбы?

– Чет өлкөдө 3 жолу концертте болдум. 2008-жылы бир топ ырчы болуп атайын иш-чара менен кытайлык кыргыздарга барып, Кытайдын Артуш, Кашкар, Улуу Чат деген шаарларында концерт койгонбуз. Кийин АКШ, Түркияда жашап жаткан кыргыздардын чакыруусу менен Съездбек экөөбүз барып концерт коюп келдик. Чакыруулар болсо эле даярмын.

Кичи мекениң менен байланышың кандай? Маданий иш-чараларга чакырышса барып турасыңбы?

– Чакырышса барам. Бирок менден мурун апамды чакырышат. Мен айылдын апамдан кийинки жылдызымын. Апам мектепте өмүр бою музыкадан сабак берген мугалим. Комуз чертип, аккордеон тартып ырдайт. Апама шык аталары тарабынан, мага шык апамдан, тайлар тараптан өткөн.

– Демек, музыкалык аспаптар менен кичинеңден достошуп калууңа апакең себеп болгон экен да?

– Ооба. 1-класста майрамдарда шылдырак чертип, 2-класста барабанда ойноп чыккам. 8-класста комуз, 10-класстан тарта аккордеон ойной баштагам.

– Бар бол! Ийгилик каалайбыз!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан