УКМК: УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТОР БИРОТОЛО ЖОК КЫЛЫНМАЙЫНЧА КҮРӨШ ЖҮРӨТ

Көлбаевдин күмөндүү байлыгы

Өткөн аптада октон каза тапкан кримавторитет Камчы Көлбаевдин үй-мүлкүнүн саны жана алардын болжолдуу баасы жарыяланды. УКМКнын маалыматына таянсак, Көлбаев суммасы 1 миллиард долларды чапчыган байлык топтогон. Анын ичинде хан сарайлар, коттедждер, ресторандар, эс алуучу жайлар, люкс үлгүсүндөгү 60тан ашык автоунаа жана башкалар бар. Курулуп жаткан 2 гана имараттан Көлбаев 700дөн ашык батирге ээ болгон деп маалымдалды. Бул мүлктөр издөөнүн алгачкы гана жыйынтыктары, анын чет өлкөлөрдөгү бизнес кызыкчылыктары да текшерилип жатат деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

“Каралар” коркутса кайрылгыла”

Улуттук коопсуздук комитети өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор толук жок кылынмайынча ага каршы элдешкис күрөш жүрөт деп убада кылып жатат.

– Жаңы кылмыштуу топтор пайда боло турган болсо, мыйзам чегинде алардын жетекчилерин жок кылууга чейинки катаал чаралар көрүлөт,- деп билдиришти 9-октябрда УКМКдан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев элге кайрылып, “уюшкан кылмыштуу топтор коркутса, алардан жабыр тартсаңар коопсуздук органдарына кабарлагыла” деди.

Ушундай эле сөздү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да айтты.

– Мындан ары Кыргызстан ишкерлер менен инвесторлор үчүн бейиштин төрү болот. Эч кандай криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы криминалмын дегендер тууралуу, эл, өзүңөр, жогору жакка жеткирип турсаңар эле болду,- деди Жапаров.

Кримтөбөлдөр статусунан баш тартышууда

Бул арада аймактарда кримавторитет атыккандар кылмыштуу жолдон кайтканын айтып видеокайрылуу жасашууда. Мисалы, Сакал каймана аты менен таанымал Улан Токтосунов “мыйзамдагы ууру” статусунан баш тартканын билдирсе, көпчүлүк Женго деп тааныган Кадырбек Досонов “азыр менин эч кандай криминалдык статусум жок” деди.

4-октябрда УКМК тарабынан “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”, “Курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү”, “Адам өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов кармалды. Ал криминал менен узак убакыт тыгыз байланышта болуп, аларга мыйзамсыз каржылык колдоо көрсөтүп келген деп шектелүүдө. “Уюшкан топ түзүүгө катышкан” деп Рустам Турдиев аттуу жаран кармалганы да жарыяланды. Айрым маалыматтарда Турдиев Көлбаевдин кудасы экени айтылууда.

Эскерте кетсек, Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын атайын операциясы учурунда октон каза тапкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан