ИЛИЯС & АЙТУРГАН: «КАЛПТЫН АЙЫНАН БИР ЖОЛУ КАТТУУ УРУШКАНБЫЗ»

Дайыма ээрчишип жүргөн түгөйлөр Илияс Чыңгызбек уулу менен Айтурган Замирбек кызы бул аптанын каармандары. Аларга бири-бири тууралуу тесттик суроолорду берип, жубайлар бири-бирин канчалык деңгээлде билишерин сынап көрдүк.

Илиястан Айтурган тууралуу сурайбыз

– Айтургандын туулган жылы, айы, күнү?

Илияс: – 1999-жылы, 20... 21-июль.

Айтурган: – 1999-жыл, 21-июнь.

– Жакшы көргөн тамагы?

И.: – Камыр тамактарды жакшы көрөт, мантыны.

А.: – Манты.

– Жакшы көргөн түсү?

И.: – Бөлүп караган деле түсү жок.

А.: – Ак менен кара түстү жакшы көрөм.

– Эң биринчи жолугушкан күнүңөр?

И.: – Атайын жолугушуу эмес, мындай жолугушкан күнүбүз. Августтун аягы.

А.: – Августтун 19у, 2019-жыл болчу.

– Кайненеңиздин туулган күнү?

И.: – Билбейм.

А.: – 8-май, 1978-жыл.

– Маанайы жок болгондо эмне кылат?

И.: – Унчукпай тултулуңдап иштерин кыла берет.

А.: – Ыйлайм.

– Өзүн эң бактылуу сезген күнү?

И.: – Мага турмушка чыккан күнү го дейм.

А.: – Өзүмдү дайыма эле бактылуу сезем, курсагым тойсо.

– Эң биринчи сүйлөшкөн жигити?

И.: – Эң биринчи сүйлөшкөн жигити айылдашы болсо керек, мектептеби, айтор, унутуп калдым.

А.:(күлүп) Айтпайм. Моюнумду жулуп албасын.

– Эң чоң кыялы?

И.: – Эң чоң кыялы – акча табыш (күлүп).

А.: – Бактылуу болуп жашаш. Бактылуу болуп жашаганда кандай, телегейим тегиз, жан дүйнөм тынч, эң негизгиси байлык эмес. Азыркы учурда жан дүйнөм тынчыбай жатат, ошол тынчыганда бактылуу болом.

– Эң көп колдонгон сөзү?

И.:“Байыйм” деген сөздү көп колдонот.

А.:"Жаным, жаным" дей беребиз кечке бири-бирибизди.

– Кайсы сапаты сизге жакпайт?

И.: – Кээде мени укпай коёт, ошонусу жакпайт.

А.: – Боёнгонум жакпайт.

– Кайсы атактууну жакшы көрөт?

И.: – Аалы Туткучев, Акматбек Султан уулун.

А.: – Бирөөгө кызыкпайт экенмин.

– Алгачкы сүйүү канча жашында келген?

И.: – Ал мага тийип жатып деле сүйүүгө ишенген эмес.

А.: – Мектепте тоок сүйүү болсо керек. Жакшы көрүү. Бирок мен Илияска тийгенден кийин деле сүйөм деп айтчу эмесмин, кийин-кийин эле айтып калдым.

– Бут кийиминин өлчөмү канча?

И.: – 40, апей, 39-40.

А.: – 38-39.

– Учурда тырмагы кандай түстөгү лак менен боёлгон?

И.: – Кызгылт.

А.: – Кызгылт.

– Кечинде эмнелерди ойлонуп жатат?

И.: – Акча табышты (күлүп).

А.: – Акчаны, иштерди ойлоном.

– Берилип жасаган тамагы?

И.: – Аш менен манты.

А.: – Бардык тамакты жакшы жасайм, мантыны көбүрөөк жасайм.

– Сизге калп айтабы?

И.: – Мага калп айтпайт.

А.: – Илияс калп айтканды жаман көрөт. Мурда эң көп суранганы “мага калп айтпа” дечү. Бир жолу калп айтып коюп ошонун айынан урушканбыз. Ажырашайын дегенге чейин барганбыз. Абдан чоң маселе болбосо деле, менин калп айтканым үчүн катуу урушканбыз. Ошондон кийин такыр калп айтпайм. Ал деле мага калп айтпайт.

– Кайсы гүлдү жакшы көрөт?

И.: – Бөлмө гүлдөрүн жакшы көрөт.

А.: – Бөлмө гүлдөрүн.

– Жашоодогу эң жакын курбусу?

И.: – Адамдарды өзүнө өтө эле жакын кабыл ала бербейт. Анан Бишкекке келип өзүнө окшогон бир жиндилерди таап алган, ошолор азырынча курбу.

А.: – Курбум жок. Асел деген эжем бар, апам менен тең жашта. Аны менен курбу катары сүйлөшүп турам. Жакшы көргөн эжем.

Айтургандан Илияс тууралуу сурайбыз:

– Илиястын туулган жылы, айы, күнү?

А.: – Илиястын туулган күнү 13-май, жылы 1993.

И.: – 13-май, 1993-жыл.

– Жакшы көргөн тамагы?

А.: – Бардык тамакты эле жакшы көрөт.

И.: – Аш.

– Жакшы көргөн түсү?

А.: – Ак деп коё берейинчи.

И.: – Түстөрдү бөлбөйм.

– Маанайы жок болгондо эмне кылат?

А.: – Ичине жутат, сыртка чыгара албайт. Кээде залга барып машыгат. Күчүн “грушадан” чыгарат.

И.: – Жата берем.

– Эң биринчи сүйлөшкөн кызы?

А.: – Өткөндө достору менен ойноп жатып угуп калдым эле, ага чейин билген эмесмин. Алиса деп айтышты.

И.: – Алиса. 9-10-класстарда сүйлөшкөм.

– Биринчи спорттун кайсы түрү менен машыккан?

А.: – ММА болсо керек.

И.:– “Боевой самбого” баргам.

– Эң чоң кыялы?

А.: – Жашоодо артынан из, тарых калтырып кетүү.

И.: – Бактылуу болуу, бактылуу болуу үчүн эмгек кылуу. Артымдан из калтыруу.

– Эң көп колдонгон сөзү?

А.:“Бардык адам бактылуу болсун” деп көп айтат. Анан “башың сайда кал” дейт, Аксыда ошентип сүйлөшөт.

И.: – Бир сөздү көп колдонбойм деле.

– Кайсы сапаты жакпайт?

А.: – Көк беттиги жакпайт.

И.: – Жалкоолугум жакпаса керек.

– Кайсы атактууну жакшы көрөт?

А.: – Байдылда Сарногоевди.

И.: – Байдылда Сарногоев, Мидин Алыбаев, анан Калмурат Рыскулов.

– Мектепте кайсы сабакты жакшы көрчү?

А.: – Сүрөт менен дене тарбияны жакшы көрсө керек.

И.: – Сүрөт сабагын жакшы көрчүмүн.

– Айта албай жүргөн сырлары барбы?

А.: – Жок.

И.: – Жок андай.

– Азыр жанында канча акча бар?

А.: – Мм, жана 2 миң бир нерсе сом көрдүм эле, андан кийин тамакка төлөдү, 2000ге жетпейт.

И.: – 1000-2000 сомдой бар.

– Сизге берген эсте каларлык белеги?

А.: – Сөйкө белек кылган, Таласта көчмөндөр оюну болгондо ошол жактан алып келип берген. Ал кезде баш кошо элек болчубуз.

И.: – Айтурганга көп деле белек бербейм. Бойдок кезде бир берген экенмин, сөйкө. Ошол эсинде.

– Экөөңөр чогуу жасаганды жактырган иш?

А.: – Баарын эле чогуу кылабыз. Билбейм.

И.: – Баары. Экөөбүз эмнени кылсак да чогуу кылганыбыз жагат.

– Үйдө ким көп “косяк” кетирет?

А.: – Көбүрөөк мен кетирсем керек.

И.: – Кетирбейбиз.

– Эмнеңизге көп комплимент айтат?

А.: – Келбетиме.

И.: – Сулуулугуна.

– Кайненеңиздин туулган күнү?

А.: – Март беле же май беле?.. Билбейт экенмин.

И.: – 15-март, 1972-жыл.

– Балдар менен мушташып, көзү көгөргөн учуру болгонбу?

А.: – Болгон, көп болот.

И.: – Жок, мушташып көгөргөн эмес, залда көгөргөн.

– Кайсы үлгүдөгү унааны жактырат?

А.: – Акыркы жолу Subaru Outback деген машине алган. Ошону жакшы көрүп айдады башка машинелерге салыштырмалуу. Андан башка жакшы көргөн машинеси бардыр, балким, акчасы жетпей жүргөндүр.

И.: – Бөлүп карабайм бирөөсүн, баары эле жагат.


Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nur1111
2023-11-05 01:00:00
...каТТуу урушканбыз... ушинтип жазылып калды беле???
0
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан