ШООЛА (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн санда)

Канат ошол жылды эч эсинен чыгарбайт. Сентябрь айынын ортосу болуп калса керек. Класстын эшиги чоң ачылып, класс жетекчи менен кошо бир кыз кирип келди. Аарыдай ызылдап жаткан балдар бурулуп, кирип келген кызды карап калышты. Кийин канча жылдан кийин да ошол элести Канат унута албай жүрдү. Бул кызда элдин көңүлүн бура турган бир нерсе бар эле. Супсулуу деп да айта албайсың, класста андан сулуу кыздар бар болчу. Бирок эсиңден чыкпай кала тургандардын бири болчу. Өзгөчө эле...

– Саламатсыңар, балдар. Бул кыз биздин класска жаңы келди. Аты Шоола. Таанышып алгыла, бөлбөй араңарга кошуп алгыла, макулбу? Шоола, сен дагы жакшы окуган окуучулардын катарында болосуң деп үмүт кылам.

Кыз билинер-билинбес баш ийкеди. Жамыраган көздөрдөн жалтандыбы, алдыдагы бош партага эле отура кетти. Канаттын ичи ысый түштү. “Шоола, башкача ат экен” деди ичинен. Өзү эле эмес, 8-“Б” класстын бардык балдары ал кызды карап жатканын сезди. Ушул көздөрдөн коругусу келгендей сезими ойгоно түштү. Бул биринчи жолку кызганыч эле. Шоола келген күн анын жашоосун башка бир багытка бургандай сезилди. Жол ката унчукпай, өз ойлору менен өзү алпурушуп келе жатты. Байкаса, Жанат да унчукпай келе жатыптыр. Эмнегедир маанайы жоктой сезилди.

– Эй, сага эмне болду?

– Ботинкаң кысып жатат, эмкиде апама өзүмө чак эле бут кийим алып бер деп айтпасам. Дайыма сеникин кийгизет мага.

– Кел анда, кысканды мен киейин.

– Чын элеби?

– Чын.

Канат далдоо жерге отура калды да, бут кийимин инисине чечип берди. Жанат агасынын бут кийимин кийди, бир аз чоң болуп калганына карабай кудуңдап кубанып калды.

– Кандай болду сага?

– Чак,- Жанат чоң экенин жашырып койду.

– Жакшы анда. Кеттик.

Дайыма ушундай, Канат кыскан бут кийимди кийип, сылтып басып баратса да көңүлү жайдары. Эч жери оорубагандай. Эч нерсе болбогондой. Бул Канат да.

Үйгө келишкенде атасы үйдө экен. Милиция кызматкери болуп иштейт эмеспи, көп учурда үйдө болчу эмес. Бүгүн эмнегедир үйдө.

– Кандайсыз, ата?- деди Канат.

Жусуп баласын бир карап койду. Баш ийкеди, бирок чекесин тырыштыра берип бурулуп кетти. Эмнегедир Канатты көргүсү жоктой дайыма бурулуп кетет. Көзүнө көзүн тике каратпайт такыр. Жанат агасынан кийин баш ийкемиш болду.

– Эрте келипсиңер ырас. Бүгүн көп иштер бар,- деди суз гана атасы.

Атасы үйдө болгондо үйгө коркунучтуу энергия толгондой, балдар атасы эмес, чоочун бирөө келгендей кысынып турушар эле. Чай ичип атасы айткан жумуштарды кылганга жөнөштү. Балдарды аябай эзип, кыйкырып жатып бир топ иштерди жасатты. Жанат бир нерсени кыла албай жатканда, Канат ага жардамдаша калмакчы болду эле, атасы түртүп жиберди.

– Өзү кылсын, сен эмне муну жаман үйрөтүп салгансың? Колунан бир нерсе келбесе эле сага карап туруп калат экен, көзүн жалдыратып... Эмнеге Канат кыла ала турган нерсени сен кыла албайсың? Мектепте да ушундайбы?

– Жок, мектепте Жанат менден жакшы окуйт,- деди Канат. Канчалык адилетсиздикке жини келгени менен, атасына сабыр менен карап койчу. Анын көзүндөгү токтоолук жана эрктүүлүктү көргөндө Жусуп ого бетер жиндеп кетти. Кылдан кыйкым таап Жанатты желкелей берди. Эси ооп калгыча иш кылдырып, бир нерсени туура эмес жасап алса уруп баштады эле, Канат чыдай албай кетти. Атасынын колун кармай калды.

– Мени уруңуз, анын ордуна мени уруңуз!- деди ал ачуусуна муунуп.

– Энеңди урайын, тур мындай. Сага колумду булгагым келбейт. Сен кимсиң мени токтото тургандай? Тур мындай.

Атасы дагы өзүнө түшүнүксүз нерселерди айтып Канатты жек көрө тиктеп алды да, басып кетти. Ал машинесине отуруп жөнөп кеткенин угушканда балдар бири-бирин карап жеңилдене дем алышты. Канат шалдырай дубалга жөлөнүп отурган инисинин жанына отурду.

– Курсак ачтыбы?

– Эмне, акча барбы?

Канат күлүп жиберди. Кандай абал болсо да Жанат акча деген жерден жанданып кетет.

– Сен эс алып тур. Мен азыр ушул жерди бүтүрүп коёюн, анан ылдый жактагы дүкөнгө барып сендвич алып берем. Баса, апам экөөбүзгө дайыма тең эле акча берет го. Сенде дайым жок болот. Эмнеге?

– Билбейм, ошондой жаралсам керек.

Канат менен Жанаттын күлкүлөрү чыгып, көңүлдүү сүйлөшүп иштей башташты. Алар машинесин алысыраак токтотуп коюп карап турган атасын көрүшкөн жок. Ал эки баланын карап алып өзүнчө жан азабын тартып онтоп жатты. “Кимдин баласы бул?” деген баягы мээсин жеген шектенүү дагы да дилин кыйнап турду. Бул оору качан бүтөт? Балдар кичине кезинде бул нерсени жеңип кетем деп ойлочу. Аялына болгон чексиз сүйүүсүнө ишенип ошенткен. Бирок андай болгон жок. Күндөр, жылдар, айлар өткөн сайын жарасынын бети ачылып эле бара жатат. Шектенүү бир грамм да азайбады, жатыркоо бөксөрбөдү. Тигине, экөө тең жигит. Жанат, өзүнүн уулу ал каалагандай болбой, агасынын көлөкөсүндө калып бара жатат. Баарынан да ошол өкүнүч жанын кашайтып, тынчтык бербей кыйначу. Канат өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюп, Жанат болсо кичинесинен оорукчан болуп калганы Жусуп үчүн бир аша албаган бел болду. Эмнеге анын уулу минтип алсыз төрөлүп калды. Болгон ачуусун анан уулунан чыгарар эле. Болбосо Жанатты аябай жакшы көрчү. Анын болгон күнөөсү Канаттын көлөкөсүндө калып калганында эле.

ххх

– Мектеп сага жактыбы?- деди апасы акырын гана.

Шоола ийинин куушуруп койду. Мектептей эле мектеп. Өзгөчөлүгү жок. Апасы бир орунга байыр ала албай, улам жер которо берип көкөйүнө тийди. Аны кейиштүү карап турду да, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Эмне кылсын, бул жакта иш чыгып калды. Бишкектин жаңы конуштарынын биринен үй да табылды. Жок дегенде эми ушул жерге байырлап калармын деген үмүтү да. Шоола мектебине көнүп, өзү ишине көнүп кетсе эле болду. Шоола болсо айдын шооласын карап ойлуу отурду. Күндөлүк жазчу. Сууруп чыкты. Колдору өзүнөн-өзү шыпылдап жазып баштады.

– Мен кайра мектеп котордум. Дагы да мага жапырт караган көз караштар болду. Мына ушул көз караштар мени муунтуп жиберчүдөй болот. Буттарым титиреп кетип жакын жердеги партага отурдум. Менин аркамда отурган бир баланын көзү... Кызык, ушунчалык жылуу, мени кабыл алгандай, мени түшүнүп жаткандай карады. Бир гана көз ирмем болду. Мен тартып кеттимби же ал тартып кеттиби? Бирок кызыктай абалда калдым.

Баса, атамды сагындым. Бул аптада сурансам апам жиберсе керек. Борбор шаарга келгенибизге кубандым. Анткени атама жакынмын. Мейли, анын башка үй-бүлөсү болсун, башка балдары болсун. Мага да сүйүү бере ала турган сонун атам бар. Бирок апам экөө чогуу жашашса эмне. Эмнеге балдардын каалоосу эч качан кабыл болбойт? Мисалы, мен жумалар, айлар, жылдар бою атамдын жанында жашасам деп кыялданып келем. Бирок бул такыр мүмкүн эмес. Атам менин Бишкекке келгенимди билбесе керек, болбосо келет болчу. Бирок апам азырынча айтпай тур деди. Эмнеге? Чоңдорду такыр түшүнүп болбойт. Өздөрүнүн ойлоп таап алган мыйзамдары бар. Ал мыйзамдар бирөөнү муунтуп жатканы менен эч кимдин иши жок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан