Эмил Үмөталиев, ишкер: “АШКЕРЕ БАЙЛАР ЖАНА КЕДЕЙЛЕР КӨБӨЙӨТ, ОРТОҢКУ КАТМАР СУЮУЛУП БАРАТАТ”

Мурдагы экономика министри, насаатчы, белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев менен экономика, бизнес, геосаясат темасында кызыктуу баарлаштык. Эмил мырза ишкер катары гана эмес, адам катары да маанилүү кеңештерди айтты.

– Эмил мырза куш келипсиз, учурда эмне иштер менен алексиз?

– Арыбаңыз, жаш курагыма жараша жашоомдо өзгөрүүлөр көп, акырындан жаңы жашоо-шартка көнүп келе жатабыз. Кайсы бир бизнеске ээлик кылсам же тиешем болсо, ошонун ээлик көзөмөлдөөсүн гана өзүмө калтырып, калган милдеттерди аткаруучуларга өткөрүп бергем. Учурда жыйындарга, талкууларга чакырылып спикер катары эмгек, мээнет, ишкердик тууралуу насааттарымды айтып жүрөм.

– Жакында УКМК криминалга каршы катаал күрөш башталды деп жарыялады. Бул күрөш аягына чыгат, ишкерлер “тоноодон” кутулуп, абалы жеңилдейт деп айтууга болобу?

– Эми аны убакыт көрсөтөт. Бул аракеттер коомчулукта, ишкерлерде ишеничти жаратабы же бир коркуу күчүнөн гана экинчи коркуу күчүнө өтүп кетеби белгисиз. Азырынча үмүт үзбөй туралы. Мыйзам ар бир жаранга бирдей иштеп, бизнес мамлекет тарабынан корголсо кыргыздан жаратман ишкерлер чыгат. Анткени биз таланттуу, жаратман элбиз, болгону 100 жылдай тоталитардык режимде жашап өзүбүздөгү ал талантты бууп салганбыз. Эгер адам мамлекеттин кепилдигине ишенбесе, көзү жетпесе анда мүлкүн жашырат, жалкып, үркүп отуруп ишкердикке көңүлү болбойт. Андай нерсе биздин тарыхта болгон. Мисалы, Орус империясы келген 1860-жылдары кыргыздар жер мүлктөрүнөн, жайыттарынан ажыратылып четке сүрүлүп калган. 1917-жылы мал-мүлк, чүйгүн жерлердин баарын тарттырып жиберишип ишкердик кылууга такыр эле көңүлү болбой, эптеп оокат кылып жүрүштү. Анан 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гана элдин ишкерликке болгон потенциалы жарым-жартылай ачылды. Орто класстагы ишкердик жүргүзө башташты. Кооптонуу сезими дайыма адамдын жаратмандык дилгирлигин бууп турат. Ошондуктан бийлик ишкерликти колдойм десе, ишкерлерге ишеним, кепилдик бериши керек.

– Ийгиликтүү ишкер катары айтсаңыз, кылмыш дүйнөсүнүн кылтагына илинген учур болгонбу сизде?

– Ишкердиктеги 33 жылдык тажрыйбамда андай учур болгон жок. Мага карата көбүнчө бюрократия, мыйзамсыз аракеттер болгон. Коррупцияга кабылган учурларым көп эле болду.

– Кыргызстанда кымбатчылык элдин чыдамын кетирүүдө. Баалар асмандап кетти. Бул өкмөттүн ишти эптей албай жатканыбы же чын эле дүйнөлүк кырдаалга баш ийгенден башка айла жокпу?

– Дүйнөлүк кырдаалга шылтай бергенибиз туура эмес. Телегейи тегиз мамлекет болбойт, ар дайым жаңы сыноолор кездеше берет. Дүйнөдө 193 өлкө болсо, биз экономикалык көрсөткүч боюнча 120-130 орунда турсак керек. Биздин көйгөй ушул – тизмедеги чемпиондордон 50-250 жылга артта калганыбыз. Бирок аны элге айтпай жатканыбыз – элге кылган чыккынчылыгыбыз. Дүйнө жүзүндөгү өнүгүүлөрдүн үлгүсүн биз элге ачык үйрөтүп, таанытканда алардын артынан ээрчип жакындаганга шарт болот эле. Биз алардан үйрөнмөк түгүл, алардын өнүгүү сыноосунда ишке ашпай калган тарабын гана көрсөтүп “мына, булар деле олку-солку абалда турушат” деп элди алдап жатпайбызбы. Алар мисалы, айфондун дагы кандай жаңы версиясын чыгарабыз деп баш оорутушса, биздикилер “көрдүңөрбү, булар деле баш оорутуп жатышат” деп айтышат. А биз болсо аны жасамак түгүл, колдонгонду билбей башыбыз ооруп жүрөт. Алар элден чогулткан салыкты бизчилеп “мамлекеттик салык” деп атабайт, ал элдин кошумчасы. Эл алдында ар бир тыйынынын эсеп-чотун көрсөтүп турушат. Ал эми бизде мамлекеттик салыкка элдин тиешеси жоктой абал. Эл чогулткан салыктын эсебинен жасалган иштерди бир кишинин жетишкендигиндей көрсөтүү – бул жеткен маңкуртчулук. Элдин акчасы каякка, кантип жумшалып жатканы тууралуу маалымат ачык жарыяланышы керек, бизде көпчүлүк учурда жашыруун, ким канча, каякка жумшады белгисиз. Ошол себептен коррупция көп.

– Кыргыз экономикасынын учурдагы абалы кандай, мындан ары кандай болот?

– Саясатка аралашпай, сырттан баам салып турган адам катары мен эки нерсени байкап жатам. Бизде ортоңку класстагы ишкерлик азайып кетти. Мунун эсебинен кедейлердин саны өсөт, бирок бай, олигархтардын да саны көбөйөт. Бай жана кедей катмар гана калып, ортоңку класс суюлуп баратат. Анткени мыйзамдарыбыздын көбү Орусиядан көчүрүлгөн. Бажы биримдигине киргенибизде “бардык мыйзамдар Орусияныкына окшоштурулсун” деген келишим болгон. Ошондуктан Орусияныкындай репрессивдүү мыйзамдар көп кабыл алынды. 1991-жылдан бери дүйнөлүк соодага жол ача турган абдан сонун мыйзамдар жазылган эле. Бирок Бажы союзуна киргенден тарта ал эшикке жол жабылып, биз ошол союзга кирген саналуу өлкөлөр менен гана чектелип калдык. Азыркы мыйзамдар жөнөкөй ишкердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтпейт, тескерисинче, бюрократияга, текшерүүчү органдарга күч берет. Ишкерлерден да текшерүүчү көп болуп, иштейм деген адамдын каалоосун биротоло бууп ташташат. Өлкө Бажы союзуна киргенде “пайдасынан зыянын көп тартабыз” деген элем, дал ошол күнгө келдик. Дүйнөлүк соодадан чектелдик. Бажы биримдигине кирбеген Тажикстан экономикасын жакшыртып алды.

– Кызыктуу инсансыз. Жашоодо сиздин баалуулуктар эмне?

– Баалуулуктарым жаңы маалымат алган сайын өзгөрүп турат. Өзгөрбөгөн принциптердин өзү – өнүгүүнү каалабагандык. Адам катары, анын ичинде кыргыз катары калыптанышыма энем менен таенемдин салымы чоң. Таенем өз заманынын илимдүү-билимдүүсү, жашоосуна тың аял эле. Таятам 1930-жылдары репрессиянын курмандыгы болуп, апам жетимчиликтин азабын далай көрүптүр. Мендеги элибиздин илгерки руханий жан дүйнө байлыгын калыптандырган ушул кишилер. Өспүрүм куракта дүйнөлүк баалуулуктар менен ошол кездеги элди алдаган калп пропаганданы айырмалаганга кудуретим жетиптир. Демек, таенем менен апам мага жакшы эле уютку беришкен окшойт. Биз азыр кыргыздын адамгерчилик деген сөзүн өтө турмуштук деңгээлде колдонуп калбадыкпы. Бул сөз тереңинде кыргыздын бүтүндөй руханий жан дүйнөсүн, мүнөзүн камтыйт. Азыр дүйнө колдонгон “гуманизм” деген сөздүн уюткусу, өзөгү менен биздин “адамгерилик” бир эле нерсе экенине ынанып турам. Биз эмнеге ушул жылдарга чейин кыргыз болуп сакталып, жашап калдык? Анткени ушундай өзөктүү баалуулуктарыбыз болгон. Болгону тоталитардык режим бизди жолдон адаштырып койду. Бирок өзөгүбүздөгү, түпкүлүгүбүздөгү мүнөз, баалуулуктар дайыма биздин каныбызда, аны ойготууга болот.

– Күнүнө канча саат уктайсыз?

– 7-9 саат уктайм. Менде ушундай адат бар, бир макаланы окуп анан жатайынчы деп кызыгып кетип кээде түн оокумга чейин отура берем. Негизи канча саат болсо деле уктай берем, башкысы өзүмө тиешелүү милдеттерди өз убагында бүтүрүп койсом болду.

– Саясатка аралашуу ниетиңиз барбы?

– Бүгүнкүдөй саясий шартта мен өзүмдүн ордумду ал жактан көрбөй турам. 2010-жылы убактылуу өкмөт түзүлгөндө бирөөлөр бал-ширин тилге салып мени экономика министри болууга ынандырышкан. Ошондо 8-9 айдай саясий кызматта иштегеним болбосо, башка учурда жеке ишкердик, насаатчылык иштер менен эле келе жатам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан