Чыңгыз Калыбек уулу, актёр: “СӨГҮНЧӨӨК АДАМДАРГА БООРУМ ООРУЙТ”

“Акыркы сабак”, “Мафия”, “Жалбыз-2”, “Байкуш-2”, "Жаным" жана башка тасмалардан жана жакында аншлаг менен өткөн “Ромео жана Жульетта” спектаклиндеги Тибальттын ролунан улам актёр Чыңгыз Калыбек уулу көпчүлүктүн “крашы” болуп калды өңдөнөт. Театр, кино, адамгерчилик жана жеке жашоо тууралуу кызыктуу маегибизге көз чаптырыңыз.

– Чыңгыз, такыр бош убактым жок деп калдыңыз, эмне менен алексиз?

– Чындыгында убакыт тар болуп жатат. Анткени учурда “Разбой. Новая глава” тасмасына жана “Чоочун киши” сериалына тартылып жатам. Андан сырткары “Туңгуч” театры менен иштешип “Ромео жана Жульетта” спектаклин чыгарганбыз. Буюрса, 15-16-октябрда кайра ойнойбуз. Ушул иштер менен алекмин.

–Канча кинодо роль жаратып, канча клипке тартылдыңыз?

– 10го чукул киного тартылдым. Клиптерге тартылууну токтоттум. Акыркы жолу Калыс Жакыповдун “Апа, кайрадан жаралайынчы” ырынын клибине тартылгам. Ырдын мааниси жаккандыктан макул болдум, анын үстүнө Калыс досум болот. Ошондуктан тартылдым. Андан кийин тартылган жокмун, клиптерди токтотком.

– Эмне себептен?

– Каалоо, кызыгуу жок. Анын үстүнө клип эфирден улам берилип турат да. Элди тажатып албайын деген да ой келди. Андан көрө кинодолбоорлор менен иштегим келип жатат.

– Ролдоруңуздун арасынан сиз үчүн эң оор болгону кайсы болду?

– Ар бир тартуу учурунда оорчулуктар болот. Анткени мурда иштешпеген, тааныбаган адамдар менен иштешишиң керек. Андан сырткары ар бир ролду жаратуунун өзүнүн түйшүгү бар. Ар биринин өзгөчөлүгүн таап бериш керек жана мурдагы образдарыңа окшоштурбай аткарышың зарыл.

– Кайсы ролуңуз өзүңүзгө жагат, көргөндө “келиштире аткарыпмын” деп ырахат аласыз?

– Өзүмө жакканы туңгуч ролум - “Акыркы сабактагы” Айбанын ролу. Окуучу кезден самап жүргөн ролдорумдун бири ушул роль болчу. Ошондуктан Айбаны жактырам. Бирок укмуш аткарып салыптырмын деп ооз көптүргүм келбейт. Ал жагына эл тараза, эл сынчы. Бирок ошол ролум купулума толот.

– Оң каармандын ролуна караганда терс каармандын ролун аткаруу оорбу?

– Ар бир ролдун өзгөчөлүгү болот. Андыктан антип айткандан алысмын. Терс каарман “яркий” образ да. Аны канчалык жакшы аткарсаң, көрүүчүдө ошончолук алоолонгон эмоция калтырасың.

– Эгер чогуу бир тасмага тартылып жаткан жаныңыздагы актёр же актриса жеткире аткара албай жатса, сизде кандай сезимдер болот?

– Анда жардам бериш керек. Ал карьерасын жаңы баштап жаткан жаш талант болушу мүмкүн. Кандай учур болбосун жардам бериш керек деген ойдомун. Андай учурларда жардамдашам.

– Аз убакытта элге таанылып, көптөгөн долбоорлордо иштеп жатасыз. Бул чөйрө сизге эмнени үйрөттү?

– Жылдыз болуп кеттим дегенден алысмын. Кудайга шүгүр, өз ордумду таптым. Андан сырткары, ири долбоорлордон көп адамдар менен тааныштым. Бул чөйрө мага көп нерсени үйрөттү, ошол эле адамгерчиликти, бир нерсени кылардан мурда жакшы ойлонуш керек экенин, достукту, өзүмдү алып жүрүүнү, дегеле жашаганды үйрөтүп жатат десем болот. Көп нерсеге көзүмдү ачты. Көп нерсени алдын ала байкап калат экенсиң. Көп жакшы актёрлор менен иштешип чоң тажрыйба алдым.

– “Ромео жана Жульетта” спектаклинде Тибальттын ролун жараттыңыз. Театрдагы сезимдер кино талаасындагыдан эмнеси менен айырмаланат?

– Театр кинодон айырмаланып турат. Театрга барган киши билет, бул сонун атмосфера. Аны сөз менен айтып жеткирүү оор болуп турат. Театр мага жагат, кызыктуу чоң дүйнө десем болот. Аны театрдын казанында кайнап түшүнүү керек экен. Театрда иштеген, образ жараткан мага аябай кызык. Кинодо бир камеранын алдында иштейсиң. Ал эми сахнага чыкканда элдин назарында болосуң, бул жашоо, чыныгы жашоо. Спектакль ойноп бүткөндөн кийин бир учур болот, ал учур 5 мүнөткө же 10-15 мүнөткө созулушу мүмкүн. Ошол учурдагы эмоция мен үчүн баалуу. Бул көрүүчүлөрдүн кол чапканы. Көрүүчүлөр канчалык кол чапса, ошончолук өзүңө ыраазы болосуң, чоң дем-күч берет. Негизи эле театрдагы актёрлордун көпчүлүгү ушул сөздү көп айтышат, “Ишибиз кол чабууга арзыса, ошого ыраазыбыз” дешет. Ошол учур эң кызыктуу жана сага чоң мотивация, эмоция бере турган учурлардын бири.

– Тактап алсак, ошондо сиз “Туңгуч” театрында иштеп жатасызбы?

– Жок, келишим менен иштешип жатабыз.

– “Бир күн келет” сериалынын саундтрегин ырдаптырсыз. Ырдап чыгайын деген оюңуз барбы?

– Ырдаган мага жагат. Бирок өзүмө өзүмдүн үнүм башкача угула берет. Вокалдан сабак алгам. Ырчы болоюн деген оюм, балким, бардыр тээ түпкүрдө. Аны сууруп чыгыш керек, андан кийин гана аракет кылып баштасам керек. Азырынча бул хоббим, ырдап алып эс алып калам.

– Эмнени кыялданасыз?

– Жашоодогу эң чоң кыялым – татыктуу жашап өтүү. Бул жашоодо жөн эле ары-бери басып, жеке кызыкчылыгы үчүн өмүр сүргөн биологиялык таштанды болгум келбейт. Үй-бүлө, ата-эне, бир туугандарымды уят кылбасам экен дейм. Азыркы учурдагы кыялым карьерамды жогорулатуу, башка өлкөлөр менен иштешүү. Ошол аркылуу Кыргызстанга салымымды кошкум келет.

– Сөгүнүп, негативдүү комментарийлерди жазгандар бар...

– Андайлар болгон, боло берет деп ойлойм. Себеби, адам өзүн оңдомоюнча оозунан ошондой жаман сөздөр чыга берет. Ар ким өз деңгээлине, мээсинин жеткенине, адамгерчилигине жараша сүйлөйт. Сөгүнүп жазган адамдарды аяйм. Алар башынан эмнелерди өткөргөн да, ошончолук деңгээлге түшүп кетишкен? Убактылуу өмүрдө жаман-жакшы айтышпай, жаман ойду жутуп коюп, жакшы сөз арнашып өтсөк жакшыбы дейм да. Себеби өмүр өтө кыска. Ар бир айткан сөзүң биринчи кезекте өзүңө тиет. Оозуңдан кандай сөз чыкса, ошого жараша жообун аласың. Мен окуп өтүп кетем, болду, зыяны сөгүнгөн кишиге көбүрөөк тиет.

– Жеке жашооңузда абал кандай?

– Туруктуу. Баягы эле бойдок бойдонмун. Сүйлөшкөн кызым да, жактырганым да жок. Буга чейин үйлөнүү, жар күтүү каалоосу жок болчу. Азыр ошондой каалоо пайда боло баштады. Досторум катары менен үйлөнүп жатышат. Ар тойго барган сайын түгөйлөрдү көрүп суктанам. Эми баары убактысы менен болот, буюрса.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан