Анапия Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «УБАКЫТ АРТКА КАЙТСА, БАШКАЧА ЫРЧЫ БОЛМОКМУН»

Белгилүү ырчы, бир топ обондордун автору, айтылуу “Үч-Теректин үч кызынын” улуусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова менен баарлаштык. Мүнөзү жумшак, бирөөнүн көңүлүн оорутуп алуудан абайлаган, “адамдардын жакшы сапатын таап мамиле кылганга аракет кылам” деген айым чыгармачылыктагы баскан жолун баяндап берди.

– Саламатсызбы, Анапия эже? Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө көп жыл болду, артка бир кылчайсак...

– Саламатчылык. Ооба, чыгармачылыкта 1986-жылдан бери келе жатам. Менин Карамолдо Орозов атындагы академиялык оркестрде ырдап калышыма Улукмырза Полотов агайым себепчи болгон. Оркестрге жаш ырчыларды алабыз дегенде мени сунуштаптыр, анда оркестрдин башкы дирижёру Төлөгөн Томотоев агай болчу. Ырдаганымды агай жактырды, үнүм да оркестрге төп келишти. Ал кезде жаз келери менен гастролго чыгышчу, дароо эле гастролго илинип калдым. Биринчи жолу Ат-Башыда элдин алдына ырдап чыккам. Оркестрде жүрүп Самара Токтакунова, Эрмек Мойдунов, Улукмырза Полотов, Гүлмайрам Момушева, Анарбек Ибраев, ыраматылык Жекшенбек Жумашев сыяктуу бир топ залкарлар менен иштештим. Ушундай адамдар менен иштеп жатканыма абдан сыймыктанчумун. Андагы бактылуулукту азыркыга чейин унутпайм. Оркестр менен чоң жетишкендиктерге жеттим. Пластинка чыгарышканда жаш ырчы деп меникин кошо чыгарып беришчү. Аны азыркыга чейин сактап жүрөм.

– Бул тармактан эмне таптыңыз?

– Чыгармачылыкта келе жатканыма 40 жылдай болуп калды, бул тармактан эмне таптым? Өнөрлүү эже, агалардын кеп-кеңешин, тарбиясын алдым. Чыгармачылык менен кошо үй-бүлөмдү алып келе жатам, балдарымды багып чоңойттум, алар менен бактылуумун. Бир туугандарым менен чогуу иштейм. Биздей болуп бир туугандар бир жамаатта иштеген эч ким жок. “Улуубуз, эжекем”, “бизди ырчы кылган” деп эмгегимди айтып түгөтө алышпайт. Мындан артык эмне бар дейсиң? Чыгармачылыктан бакыт таптым, болгону бут тосуулардын айынан “Эл артистин” ала элекмин.

– Бут тосуулар көп болдубу жашооңузда?

– Көп адамдар мага бут тосушту... Бирок кайтар дүйнө бар дейт, бирөөгө жамандык кылсаң ал кайтат. Меникине салыштырмалуу алардын аты-жыты деле жок. Оркестрде 1986-жылдан 1996-жылга чейин эң жаш ырчы катары күчтүү чыккам да. Ошондо бут тосушуп, мени жок кылганга аракет кылышты. Мен жалаң эмгек менен таза жолдо келатам. Чыгармачылыкта билинбеген, ачыкка чыкпаган тирешүү, ич күйдүлүк бар. Ал эч качан калбайт.

– Талант атаңыздан өткөнүн айткан экенсиз?..

– Ооба. Атабыз Кадыркул ырчы, жамакчы киши болгон. Үчөөбүздүн ырдап чыгышыбызга атамдын таасири чоң. Атабыз комуз чертип, ыр жазып, обон да чыгарчу. Атам жетпей калган максатка үчөөбүз жеттик. Айылда бизди “ырчы Кадыркулдун кыздары” дешет. Менин обон чыгарып калганымдын себеби деле ошол болсо керек, атамдын талантынан калган тамчысы.

– Эң алгачкы обонуңуз качан чыкты эле?

– 1996-жылдан баштап обонго кайрылдым. Алгач сөзү Надырбек Алымбековго таандык “Ошол ыйман”, “Туулган жердин таасири” деген ырларга обон жаздым. Андан кийин Үрүниса Маматованын сөзүнө жазылган “Жүрөгүм ооруйт дебеңиз” деген ырга обонум чыкты. Ошентип уланып кетти.

– Ушул жерден “Жүрөгүм ооруйт дебеңиз” ырынын жаралуу тарыхын сурай кетейин...

– Ар бир чыгарма жөн жаралбайт. Ар биринин өзүнчө бир тагдыры болуш керек. Адам баласы армансыз болбойт экен, биринчи жолдошум менен таарынышып жүргөндө чыгаргам бул обонду. Ошол кезде жолдошума арнап чыгарсам керек.

– Эгер убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, эмнени өзгөртөт элеңиз?

– Көп нерселерди өзгөртөт элем. “Көрө-көрө көсөм болосуң” дегендей, адамдын акылы 80-90 жашта келет имиш го, адам акылына толуп, жан дүйнөсүн жаңыртып, эми жашаарда өлүп калат турбайбы. Жаштык кезде жаңылыштык боло берет да. Кайра эле жакшы ырларды оркестрдин коштоосунда ырдамакмын, укмуш обондорду жаратмакмын. Кайра эле чыгармачыл адам болмокмун, бирок башкача. Такыр башкача. Кейибеген, картайбаган, энергиялуу чыгармачыл адам болмокмун.

– Эмнеден энергия аласыз?

– Обондорум, балдарым, бир туугандарым энергия берип турат. Хоббимди айтайынбы? Дүкөн кыдырганды жакшы көрөм. Кийимдерди өтө кылдаттык менен тандайм. Менде кыз бала жок, үч эркек. Балдарымдын жакшы жактарын, жакшы кыялдарын, жакшылыктарын көргүм келет.

– Эмнеге жиниңиз келет?

– Мамлекетибизди көп ойлойм, бардык жактан өсүп-өнсөк экен деген тилек. Балдарыбыздын келечеги мамлекет менен байланышкан да. Үйдө балдарыма “эрте турбайсыңар” деп жиним келет (күлүп).

– Кайнене да болуп калсаңыз керек, кандай кайненесиз?

– Ооба, бир келиним, үч неберем бар. Аябай жумшак кайненемин, келиним оңой эле алдап коёт (күлүп). Келиним жакшы, анын да кесиби ырчы, вокалды бүткөн. Учурда мугалим болуп иштеп жатат. Уулум Улукбек Райымбеков Кыргызстандагы кыйын “трубачтардын” бири. Экөө фольклор жаатына да ыктап, Улукбек Асанкалый Керимбаевдин ырларын аккордеонго салып, келиним Суусара комуз чертип, менин обондорумду ырдап жүрүшөт.

Азырынча Улукбек эле үйлөндү, Азат үйлөнө элек, 29да. Көкүрөк күчүгүм Эмир 2-курста окуп жатат. Неберелеримдин улуусу 2-класста. Небере деген өзүңдүн балаңдан дагы таттуу болот экен.

– Бир туугандарыңыз менен “Үч-Теректин үч кызы” деп чогуу ырдабай калдыңыздарбы?

– Жок, бир жамаатта чогуу иштейбиз. Филармонияда чоң концерттерде “Үч-Теректин үч кызы” деп эле ырдап жүрөбүз. Болгону клип тартпай, социалдык тармактардан көп чыкпагандыктан эл ырдабай калды деп ойлошот окшойт. Үчөөбүз чыгармачылыкта, жумушта дайым биргебиз.

– Үчөөңүздөр деле кер-мур айтышып, катуу болбосо да тултуңдашып кеткен учурлар болсо керек?

– Боло-от, тултуңдашкан учурлар болбой анан. Кайра эле кечиришип алабыз. Өтө эле аша чаап кеткенибиз жок, кечиримдүүбүз.

– Эмоцияңызды кантип чыгарасыз?

– Ырдап чыгарам. Бирок бакыра албайм, күлүп, жыргап, анан ырдап чыгарам. Ичимдеги болгон нерсени бирөөгө тамчы калтырбай жашырбай айтып алам, ошонум бар.

– Айтып алып, кайра өкүнүп калган учур болобу?

– Ооба, андай учур көп болгон. Жумшакмын өтө эле, мунун да залакасын тартып калдым. Азыркыга чейин тартып келе жатам.

– Эмне болду эле?

– Жумшактыгымдан, Кудайдын сыноосу деп коёт, кырсыктаганбыз. Балам машиненин рулун классташына берип коюп жатпайбы. Экөөнүн көңүлүн кыя албай кырсыктаганбыз. Кыскасы, аябай оор болгон, айтсам кыйналып кетем. Унаадагы башка бир досу каза болуп калган, рулдагы бала качып кетти. Аларды эстегим келбейт. Ар кандай тагдырлар, ар кандай кырсыктар болот тура. Кудай бөөдө кырсыктан сактасын. Азыр жумшак болгум келбейт.

– Чыгармачылыкка жакын болбосоңуз ким болмоксуз?

– Уз болмокмун. Бирдемелерди жакшы тигем. Дизайнер болмокмун, кыргызча уз да. Баштан-аяк сонун кийингенди жакшы көрөм. Балдарым да мени тартып калыптыр, кечке күзгүнүн астында турушат (күлүп).

– Замандын талабы болуп калбадыбы, тойлорго да чыгасызбы?

– Ооба, той кыргыздын канына сиңип калган, тойлор менен бири-бирин колдоп, көтөрүп жашаган эл. Чыгармачыл адамдарды тойлор багып жатат. Тойлордон калып калган жокпуз. Кыз узатуу тою да көркүнө чыгып келе жатпайбы. Ага байланыштуу “Кыз узатуу” деген эки обон жараттым, сөздөрү Бактыгүл Чотурованыкы. Алар ырдалып жүрөт. Ырчылар “биздин тилегибиз жакшы” деп күлүп калабыз, анын сыңары тойго жеткирсин.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан