– Учурда 26 жаштамын. Атым Жамиля. Бир жеке менчик компанияда маркетолог болуп иштейм. Мени тааныгандар “тың, бир жерде тура албаган, зарыл учурда кандай адам болбосун башын айлантып, өзүнө имерип алган кыз” деп сүрөттөшөт. Эмне кылайын, мүнөзүм ушундай. Жашоонун талабы дагы ушундай, тың эместерди жактырбайт. Ошондуктан ишимде дагы мыктымын. Дээрлик ай сайын команданын мыктысы аталып, сыйлыктарды, премияларды алып турам. Бир күнү жетекчибиз баарыбызды чогулууга чакырды. Чогулуштар өтүүчү залга кирип барсак эле жанында бир жигит отуруптур. Жетекчибиз сөз баштады:
– Урматтуу, кесиптештер. Бүгүн силерге чоң жаңылыгым бар. Мен жумуштан кетип жатам, АКШга кетем. Бир чоң долбоор боюнча келишимге кол койдум. Мындан ары дагы башка иштер менен алек болом. Андыктан сиздерге жаңы жетекчи келди. Аты Алмаз. Алмазды кичинемден бери тааныйм, эң жакын досум. Өзү бул тармакта көп жылдан бери эмгектенет. Лидерлик жөндөмү бар. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен суранып жатып алып келдим Алмазды. Макул болгонуңа рахмат, досум. Сенден башка адамга ишене алмак эмесмин.
Ушул күндөн тарта менин жашоом аңтар-теңтер болду. Ошол күнү биринчи көргөндө эле келбетине арбалып калгам. Аябай келишимдүү адам. Анын келишимдүүлүгүнө мен эле эмес, кеңседеги бардык кыздар арбалган. Бирок Алмаз байке үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы экен. Бул киши өзүнө көз арткан кыздарды акырын гана ордуна коюп койду деңизчи, бирок менин ичимде жанган от өчпөй койду. Алмаз байкени көргөндө уялчу болдум. Мурда бир да жигиттен уялып көргөн эмесмин. Уялып, сүйлөй албай, кызарып-татарып, айтор, өзүмдү тааныбай калдым.
– Жамиля, мага кирип кетиңизчи. Өткөн айдын отчётун көтөрө келиңиз, бул айдагы пландарды да сүйлөшүп алалы,- деди бир жолу ал. Жумушуна катуу киришип баштаган эле жаңы жетекчи.
– Макул,- дедим да толкунданып баштадым.
– Жама, тынчтан, бул жөн гана жаңы жетекчи, өзүңө кел,- деп өзүмдү тынчтандырып, терең дем алып кабинетине кирдим. Калтырап-титиреп жатып документтерди сунуп, жай гана орундукка отурдум.
– Азаматсыз, Жамиля. Мурунку жетекчиңиз сизди аябай мактады. Өз ишин мыкты билген кызматкерлер менен иштешүү мен үчүн жагымдуу,- деди да, мени карап жылмайып койду. Жылмайганын көрсөңүз...
Суроолоруна араң жооп берип жатып кабинетинен чыктым.
Айлар өтүп жатты. Алмаз байке чындыгында ишинде мыкты экен, кызматкерлер менен мамилеси да жакшы.
– Кайсы тарапты көздөй барасыз, Жамиля?- деп кайрылып калды бир күнү жумуштан чыгып бара жатсам.
– Борбордук аянт тарапка.
– Ошол жактан өтөм, таштап коёюн.
– Макул.
Бул ирет бир аз эркин сүйлөшө алдым. Адамгерчилиги бийик, аябай сылык-сыпаа мамиле кылган киши. Бул сапаттары мени ого бетер суктандырды. Бассам-турсам Алмаз байке оюмдан кетпейт. Өзүмдү урушам, алдайм, такыр болбоду. Жигитим бар эле, ал экөөбүз үйлөнүү тууралуу сүйлөшүп баштаганбыз. Бирок аны эмнегедир Алмаз байке менен салыштыра баштадым да, аныкына такыр окшошпогон сапаттарын көргөндө жиним келе баштады.
Кесиптик майрамыбыздын урматына корпоративдик кече өттү бир күнү. Алмаз байке мен жашаган райондо жашайт экен, үйгө жеткирип койду. Мындай кечелер кесиптештер ортосундагы мамилени бекемдейт эмеспи, баарыбыз Алмаз байке менен жакыныраак болуп, эч кандай чектөөлөр жок, эркин сүйлөшүп калдык. Уялбай, калтырап-титиребей сүйлөп калдым мен дагы. Бул ирет дагы үйгө чейин жеткирип койду. Сөздөн сөз чыгып отуруп, жеке жашообуз тууралуу сүйлөшүп кеттик. Жетекчиме жигитим экөөбүздүн мамилени айтып берсем, ал менин канчалык өзүмдү баалабай жатканымды, канчалык сулуу экенимди, кыйын экенимди айтып мактады. Ошол сөздөр кулагымда калып калды. Эстеген сайын жыргап жүрдүм. Менин үйүм ал өткөн жолдун боюнда болгондуктан таңда жумушка ала кетип, кайра үйгө жеткирип коюп жүрүп экөөбүз аябай жакындашып кеттик. Менин мүнөзүм да өзгөрүп, уяң, назик, созулган кызга айланып баратам эмнегедир.
Бир күнү болгон күчүмдү чогултуп ага болгон сезимдеримди айттым. Эмнеси болсо дагы айтып алгым келди, өкүнүп калгым келген жок. Бул сезим мени жарым жылдан бери кыйнап келет.
Мен мындайды күткөн эмесмин. Бирок ал дагы мени жактырып жүргөнүн айтты. Эми эмне кыларымды билбей башым маң. Бир четинен “качан үйлөнөбүз?” деп жигитим жүрөт. Бир четинен Алмаз байке... Бирок азыр Алмаз байке кандай сунуш киргизсе да макул болорумду так билем. Ал үчүн экинчи да, үчүнчү да аял болууга даяр экенимди сезем. Мен мырзаларга, сүйүүгө мынчалык олуттуу мамиле кыла элек болчумун. Мен мынчалык бир адамга ишенген эмес болчумун. Сүйүүм үчүн баарына даярмын...
Жамиля