“ЧЕМПИОН” КӨК ПИЯЗ

Ооз жыттанып калат деп пияз жегенден баш тартабыз, бирок ал жугуштуу, залалдуу оорулардан коргоодо, алар менен күрөшүүдө мыкты “жоокер” экенин эске салабыз. Ал эми көк пияз башка пияз түрлөрүнөн пайдалуулугу жагынан жогору тепкичте.

Оорудан, жин-шайтандан сактоочу катары колдонушкан

Көк пияз кадимки пияздардын жашыл сабагы. Сабагына карап тоо пияз, көбүргөн, шалот жана башка деген түрлөрү бар. Көк пияз булардан айырмаланып ашканада көп колдонулат, тамак-ашка жыт, даам, көрк берет. Байыркы Рим, Грецияда белгилүү болуп, кийин жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө жайылган. Кызыгы ошол убактарда жамандыктан, оорудан, жин-шайтандан сактоочу катары колдонушкан экен. Көк пияз башка пияздардай ачуу, бирок курамында күкүрт болгондуктан көздү ачыштырбайт. Даамы кескин эмес, ошондуктан салаттарга, бышкан тамакка ойлонбой кошууга болот. Калориясы өтө аз, 100 грамм азыкта 3 грамм углевод, 1,2 грамм белок, 0,1 грамм май бар. Бирок башка витамин менен микроэлементтер көп санда.

Микробдорго каршы күчтүү таасир этет

Бул өсүмдүк рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу үчүн натыйжалуу каражат экени окумуштуулар тарабынан изилдөөлөр менен далилденген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жашыл жалбырактарынан флафоноид – кверцетин көп өлчөмдө табылган. Кверцетин антиоксидант катары кызмат кылып, организмдеги зыяндуу заттар менен күрөшөт. Ошондой эле бул зат:

ашказандагы жаранын бат айыгышына

ар кандай сезгенүүлөргө каршы таасир этүүгө

шишиктердин өсүүсүн жайлатууга көмөктөшөт

энелик безде, жоон ичегиде жана сүт безинде залалдуу клеткалардын көбөйүшүнө тоскоол болот

Кверцетинден тышкары С витамини жугуштуу оорулардын алдын алууга, иммунитетти чыңдоого жардам берет. Ал эми пияздын ширеси микробдорго каршы күчтүү таасир этип, суук тийүүнүн алдын алат. Кургак учук жана дифтерия таякчаларын жок кылууга көмөкчү. Курамындагы цинк аялдарда энелик бездердин иштешин жакшыртса, флафоноид эркектерде жыныстык жашоого каалоону күчөтүп, сперматозоиддин сапатын жакшыртат. Ошентип көк пияз пайдалуулугу жагынан пияздардын арасынан “чемпион” десек болот.

Пияз менен көк пияздын химиялык курамын салыштырсак

Муну менен катар көк пияздын курамында энергия берүүчү, организмибизге ар кандай жугуштуу же башка оорулар менен күрөшүүгө жардам берүүчү флавоноид, фитонцид, хлорофилл, эфир майлары бар.

Кимдерге болбойт?

Бала эмизип жатканда, анткени анын даамы эненин сүтүн өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Салмак таштоо учурунда, анткени ал ичтейди ачат жана ашказандагы тамак сиңирүүчү суюктуктун иштелип чыгышын жогорулатат.

Ашказан жарасы жана гастрит менен ооруп жатканда жебей туруу кажет. Анткени бул өсүмдүктүн курамында тамак сиңирүү органдарынын былжыр чел кабыгын дүүлүктүрүүчү эфир майлары көп санда болот.

Көк пиязга аллергия бар болсо.

Пияз кээде астма менен ооруган адамдарды муунтуп, жөтөлтүшү мүмкүн. Ошондой эле боор, бөйрөк ооруларында абайлап колдонуу сунушталат.

Кызыктуу фактылар

Көк пиязды тамак-ашка колдонуу боюнча Кытай алдыда турат. Кийинки орунда АКШ менен Япония. Ал эми дүйнө боюнча жылына 19 миллион тонна колдонулат.

Америкага бул пиязды Христофор Колумб алып келип, Изабелла аралындагы жашоочуларга айдап, багууну үйрөткөнү тарых булактарында жазылган.

Бул өсүмдүктүн дагы бир пайдасы: эгерде аары чаккан жер кычышып жатса көк пияздын ширесин сүйкөп койсоңуз кычышууну басууга жардам берет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан