Галь Гадот: “АРМИЯ МЕНИ ТАРТИПКЕ, ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ҮЙРӨТТҮ”

“Армия мени тартипке, жоопкерчиликке үйрөттү. Анан да чыгармачылыгыма жол ачты” дейт Галь Гадот. Эмнеге аялзаты армияга барган десеңиз, ал Израилдин жараны. Биз сүйүп көргөн тасмаларды көркүнө чыгарган Голливуд жылдызынын чыгармачыл чыйыр жолу кызыктуу экен. Сиз да бир көз чаптырып коюңуз.

Туулган жери: Израиль, Петах-Тиква шаары

Туулган жылы: 1985-жыл, 30-апрель

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 178 сантиметр

Кесиби: актриса, продюсер, сценарист, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттиктин таңында”, “Керемет аял” (“Чудо-женщина”), “Форсаж-4-5-6-7-10”, “Шазам! Кудайлардын каары”, “Клеопатра”, “Стоундун жүрөгү”, “Флэш” жана башка

Теги

Актрисанын бабалары Украинанын Мукачево шаарында жашаган еврейлер. 1940-жылга чейин жашаган туугандарынын арасынан чоң атасы гана тирүү калган. Тагыраагы, Германияда жана ага союздаш мамлекеттерде фашисттердин еврейлерди массалык кыруусуна Гринштейндердин үй-бүлөсү да туш болот. Тирүү калган чоң атасы Израилге качып келип отурукташып, үй-бүлө күткөн. Фамилиясы келечегине дагы терс таасир бербесин деп иврит тилиндеги Гадот “дарыянын жээги” маанисиндеги сөзгө алмаштырышкан. Болочок актрисанын аты да иврит тилинен “толкун” дегенди түшүндүрөт. Ата-энеси чыгармачылыктан алыс адамдар, атасы – инженер, апасы – мугалим кесибинин ээлери.

Активдүү кыз

Өзүн чыныгы Израилдин жаранымын деп эсептеген Галь биология багытындагы мектепте билим алган. Окуудан сырткаркы убакта кызды теннис, баскетбол, волейбол талаасынан же бассейнден табышат эле. Андан сырткары хип-хоп жанрындагы бий ийримине да барып турчу. Айтор, баарына жетишкен, ошол эле учурда энергиясы түгөнбөгөн активдүү кыз болду. Өспүрүм кезинен керектүү каражатты өзү тапканга аракет кылды. Ата-энелери жумушка же башка жакка кеткенде жаш балдарды карап берчү, фаст-фуд саткан жайда да иштечү.

АКШга сапар

Армиядан келгенден кийин юриспруденция багытында билим алам деп университетке тапшырды. Ошол эле учурда Израилдин телевидениесинде көрсөтүлгөн “Куурчактар” сериалына тартылып, актрисалык тушоосун кескен. Бирок аны Голливудга тарткан моделдик кесиби болду. “Кооз жашоо” реалити-шоусуна тартылып калат. Анда моделдер башкы приз – Нью-Йорктогу моделдик агенттик менен иштешүү мүмкүнчүлүгү үчүн ат салышат. Ал учурда Галь келечегин чыгармачылык менен гана байланыштырып калган, андыктан сынактан утканда окуусун өкүнбөстөн таштап салып АКШга сапар алган.

Кино

Кыздын максаты Голливуд болчу. Андыктан чү дегенде эле атактуу Жеймс Бонд тууралуу тартылган “Агент 007” тасмасынын кастингине барган. Кастингден өтпөй калганы менен, “Форсаж” тасмасынын продюсеринин көзүнө түшөт. Келишимдүү, ошол эле учурда уруш өнөрлөрүн мыкты өздөштүргөн, курал-жарактарды колдоно билген, негизгиси мотоциклди мыкты башкарган Галь “Форсаж-4” тасмасындагы Жизель Яшардын ролуна чакыруу алган. “Менин мушташканды билгеним, курал-жарак колдонгонум гана Голливудга жол ачты. Ал үчүн армияга рахмат айтам” дейт актриса.

Модель

18 жашка чыккандарда тааныштарынын сунушу менен сулуулар сынагына катышып, “Израиль сулуусу” наамына татыктуу болот. Анан мамлекетинин атынан “Аалам сулуусу” сынагына жолдомо алган. Эквадордо өткөн сынакта финалисттердин катарына кирбей калганы менен, чет элдик да, жергиликтүү да компаниялардан модель катары иштешүү сунуштарын кабыл ала баштаган.

Армия

Израилде үй-бүлөлүү айымдар (21 жаштан жогору), энелер, кош бойлуулар аскер кызматынан бошотулат. Калгандары сөзсүз түрдө мекен алдындагы милдетин аткарышы керек. Галь дагы моделдик ишмердүүлүгүн токтото туруп, армияга барып, ал жакта 2 жыл фитнес-инструктор болгон. Татынакай кызга ошондо да кызыгуу күч болуп, Израиль армиясындагы айымдардын жүзү катары Галдын сүрөтү атактуу журналдарга чыга баштаган.

Тасмалары

“Форсаждын” арты майлуу-сүттүү болуп, Гадот тасманын баш-аягы 5 бөлүмүнө тартылды. Андан кийин актриса фантастикалык жанрдагы “Бэтмен Суперменге каршы” тасмасында Керемет-аялдын образында чыга келди. “Биз кыздарды көбүнчө назик ханышалардын образында көрөбүз. Алар бир балээге кабылышат да, күчтүү эркектер келип сактап калышат. Керемет-аялдын образы аялдар да күчтүү экенин, алар да планетаны сактай алышарын көрсөттү” деген ойдо актриса. Анын бул оюн толуктагандай Супермен же Бэтмени жок эле толук кандуу “Керемет-аял” тасмасы жарык көрдү. Күчтүү аялдын образы көрөрманга жаккандыктан, тасма сиквелге айланып экинчи бөлүгү жарык көрдү, алдыда дагы бир бөлүмү чыгышы күтүлүүдө. Галь Гадотту дүйнө эли дал ушул Керемет-аялдын образы менен тааныды десек болот. Бирок анын түрдүү жанрдагы образдары бар, ага жакында эле чыккан “Стоундун жүрөгү” же “Флэш”, “Клеопатра” тасмаларынан күбө боло аласыздар. Күчтүү айымдардын образын даңазалап келген актриса ушуга чейин бир да жолу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлө элек.

Үй-бүлөсү

Галь “Дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдардын” катарында. Андан сырткары Голливуддун эң кымбат актрисаларынын тизмесинен түшпөй келет. Чыгармачылыгы гүлдөп турган 38 жаштагы актрисанын жеке жашоосу да калыпка салынган. Ал 2009-жылы израилдик ишкер Ярон Версаного турмушка чыккан. Ошондон бери үлгүлүү үй-бүлө катары чогуу күн кечирип келишет. Түгөйлөрдүн Альма, Майя жана Даниэлла аттуу үч кызы бар.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан