Мадина Курсаналы кызы: “ЫРЧЫЛЫККА КЫЗЫГУУМ ЖОГОЛУП КЕТТИ”

Кавер аткарып социалдык тармактар аркылуу таанылып, аткарган каверлери миллиондогон көрүүлөрдү топтогон Мадина Курсанаалы кызы маектешим. “Ырдашыма үйдөгүлөр каршы болушкан. Болбой өжөрлөнүп жатып ушул тепкичке жеттим” дейт ал. Жашоосу, заман менен өзгөргөн ойлору, чыгармачылыгы, анан, албетте, мырзалар тууралуу сөз кылдык

Туулганы жылы: 2002-жыл, 17-июль

Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району, Кызыл-Аскер айылы

Үй-бүлөдө: 5 бир туугандын төртүнчүсү

Хоббиси: ырдоо, гитара чертүү, пианинодо ойноо

Фобиясы: трипофобия (ар кандай тешиктерден коркуу), арахнофобия (жөргөмүштөн коркуу), скотофобия (караңгыдан коркуу).

– Мадина, саламатсызбы? Маанай жакшыбы?

– Саламатчылык. Маанай жакшы.

– Кичинеңизде шок белеңиз же жоошпу?

– Жоош эле болчумун. Өзүмдү токтоо алып жүрчүмүн, анткени апамдын тарбиясы катуу болчу. Коркконумдан үнүмдү чыгарып ыйлай албайт элем (күлүп). Акырын эле мөлтүрөп көзүмдөн жаш чыгып отуруп калчумун. Эркелегенге да жетишпей калдым. Анткени 9 жылдан кийин сиңдим төрөлүп, эң эле эркебиз ошол кыз болду.

Кудайга чексиз шүгүр, апам бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Өткөн жашоомо эч качан өкүнбөйм. Жаштайымдан кыйынчылыктар менен кез келип, жашоонун ачуу-таттуусун көрдүм. Менин жашымдагы кээ бир эркелеп өскөн кыздарга караганда жакшы эле сыноолорду башымдан өткөрүп, бышып, жашоого деле даяр болуп калдым десем болот.

– Ата-энеңиз өнөргө жакын кишилерби?

– Экөө тең ырдайт. Атам акын, ыр жазат. Бирок чыгармачылыкка аралашкан эмес. Апам ырчы болом десе таенем каршы чыгып, ырдабай калыптыр. 3 байкем бар, алар да таланттуу, гитарада ойношот, баары сүрөтчү. Айтор, бир туугандарым деле жөнөкөй эмес экен азыр ойлоп көрсөм (күлүп).

– Алгачкы жолу кавер аткарып социалдык тармакка жүктөгөн видеоңуз кайсы болду эле. Кандай жыйынтык күттүңүз эле?

– Алгачкы ырдап чыккан каверим эсимде жок. Бирок мектепте окуп жүргөндө кыргызча, орусча, түркчө аралаштырып ырдап жүрө берчүмүн. Кайсы кезде интернетке чыгып кеткенин деле билбейм. Бөлүшүлүп жатып эле жайылып кетсе керек.

– Сизди кавер аткаруучу катары тааныйбыз. Өзүңүз ыр жаздырып ырдап чыгам деген оюңуз барбы?

– Ырчылык – менин хоббим. Ырчылыкты кесип катары алып кете албайм. Анткени мурдагыдай каалоом жок азыр. Ошол үчүн да жаңы ыр жаздырбай жүрсөм керек. “Эмнеге жаңы ыр жаздырбайсың” деп мен үчүн кыжалат болгондорду көрүп жүрөгүм жылыйт. Жаңы ырлар чыгат, албетте. Бирок Эл артисти болом деген максаттан баш тарттым. Кичинемден ырчы болом дечүмүн, бирок ойлор өзгөрүп кетти. Башка максаттарым бар, аларды айта албайм.

– Аздыр-көптүр элге таанылып калдыңыз, мунун эмнеси жакпады?

– Укмуш таанылбасам да, четин көрүп калдым. Жаман жагы да, жакшы жагы да бар экен. Жаман жагы – көчөдө эркин жүрө албайсың. Анткени бир катачылык кетирсең атың бузулат. Жакшы жагы көп. Эл сыйлап калат экен, өзүңө билинбегени менен башкача бир сүрүң болот окшойт. Жакшылыктарда эл жакшы сөз айтып, батасын берет.

– Жашоодо сиз үлгү алчу адамдар кимдер?

– Биринчи кезекте апам. Аялзаты кандай болуш керек деген суроого апамды карап жооп табам. Анан көбүнчө улуу кишилер менен кеңешкенге аракет кылам. Анткени мен көрө элек нерселерди ошол адамдар көрүп башынан өткөргөн да.

– “Кайгылуу ырларды эле ырдай берет” деп сындашат...

– Кайгылуу ырлар жай, уккулуктуу болот. Лирикалык ырлар көңүлгө көбүрөөк жагат. Тойлордо шаңдуу ырларды деле ырдайм.

– Көчөдөн сизди таанып калгандар кандай реакция кылышат?

– Кээ бири тааныса да тааныбагансып коюшат, ал сезилет. Ушинтип психолог деле болуп бүтмөй болдук (күлүп). Кээ бири ачык эле келип “тааныйм, сүрөткө түшөлү” дешет. Айрыкча, мырзалар сүрөткө түшүп, аны Инстаграмга белгилеп жүктөп, андан кийин сыр бербей таанышууга өтүшөт. Кыздар куу дейин десең, эркектер андан өтүп куу азыр (күлүп).

– Чыгармачылык жолуңузда сизге эң көп колдоо, багыт көрсөткөн ким?

– Өзүмө-өзүм колдоочу болдум. Анткени үйдөгүлөр ырдап чыгышыма каршы болушкан. Болбой эле ырдап чыктым. Өз күчүм менен жеткен жерим ушул тепкич болду. Калганын эми Кудай көрсөтөт.

– Кыргызча, орусча, түркчө, дагы кайсы тилдерде ырдайсыз. Кайсы тилде ырдоо көбүрөөк ырахат тартуулайт?

– Кыргызча, орусча, түркчө, англисче ырдай берем. Бул менин ушунча тил билеримден кабар бербейт. Болгону угуп-эске тутуу жөндөмүм жакшы. Ар бир тилде ырдагандан ырахат алам.

– Эл көзүнөн бир аз алыстап кеттиңиз, себеби ырдоого кызыкпай калганыңыз элеби, же башка себеби барбы?

– Чынын айтсам, өзүм деле билбейм. Акыркы учурларда жакшы аракет кылбай калдым. Баары эле “көз тийди” деп жатышат. Бирок көз тийгидей укмуш таанылган деле жокмун да. Андан эмес болсо керек. Ошол, кызыгуум өчүп калган сыяктуу.

– Таланттуу, сулуу кыздын көңүлүн бурууну каалаган мырзалар көп болуш керек, жеке жашоо жөнүндө сөз кылбайлыбы?

– Жеке жашоодон сөз кыла турган болсок, жигитим жок. “Турмушка качан чыгасың, жашың келип калды” деген сөздөрдү көбүрөөк уга баштадым. Бирок азырынча жигит жандап, турмушка чыга турган оюм жок. Дагы 1-2 жыл жүрүп, анан акырын кете беришим керек го (күлүп).

– Кандай мырзалар сиздин көңүлүңүздү бура алат?

– Буга өзүм деле жооп бере албайм. Эмнеге дегенде мүнөздөп, сүрөттөп айтып койгонуң менен, сүйүп калган адамың ал сыпаттоого дал келбей калат, ушуну көп байкайм. Ошондуктан айтып болбойт экен. Жалпылап айтканда, мырзалардагы мага жаккан сапаттар – токтоолук, олуттуулук, аракетчилдик, акылдуулук жана ачыктык. Чечкинсиз, өтө эле жоош, уялчааак эркектерге эч чыдай албайм. Кызыгы, мен жакшы көргөн эркектер мени карабай коюшат, же мени жакшы көргөндөр мага жакпай калат. Бул жашоонун мыйзамы окшойт деп койдум.

– 25 жылдан кийин жашооңузду кандай элестетесиз?

– 25 жылдан кийин өзүмдү мыкты бизнесвумен, балдарымды чоңойтуп сыйын көрүп калган, талыкпай иштеп жүргөн, үлгү ала турган апамдай эне болгонумду элестетем. Буюрса, кайнене болгонго да жетишип калам деген чоң үмүтүм бар. Кудайым өмүр берсе ошол нерсеге тырышып аракет кылам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан