ДҮЙНӨ ЭЛИНДЕГИ ӨЗГӨЧӨ ЖОСУНДАР

Ар бир элдин же уруунун өзүнө гана тиешелүү ырым-жырымдары болот. Төмөндө таң калычтуу, адам оюна келбеген ырым-жырымдар.

Балиде “бейишке чыгыш” үчүн тишти өгөөлөйт

Бейиш издеп тишин өгөөлөткөндөр тууралуу уктуңуз беле? Бали аралынын алыскы провинциясында жашаган урууларда баш кошо турган жаш жубайлардын тиштерин өгөөлөө ырымы бар. Түшүнбөстүктөр артта калат, күнөөлөрү кечирилет, бейишке чыгышат деп үйлөнө турган жаштардын астынкы чоң тиштерин башка тиштерине теңеп өгөөлөшөт. Өгөөлөө процесси оорутууну сездирбөөчү ийне сайылбай жасалат. Бул ырымды колдонгондор өгөөлөө учурунда эч кандай оорутуу сезилбей турганын айтышканы менен, ишенүү кыйын.

Индиядагы балдарды ыргытуу салты

Дүйнөдө балдарды коргоо күнүн ар бир эл ар түрдүү белгилейт. Индиянын Махараштра штатында кичинекей балдарды храмдын чатырынан ыргытуу салты бар. Жылына бир жолу ата-энелер 2 жашка чейинки балдарын алып келип храм кызматкерлерине ыргыттырышат. Бийик храмдын астында 14 киши колуна чүпүрөк кармап тосуп алат. Бул салтты колдонгондор балдардын ден-соолугу бекем болот деп, Кудайга болгон ишенимин ушундай жөрөлгө менен далилдей алабыз деп эсептешет. Индиянын Балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук комиссиясы аталган ырым-жырымга тыюу салууга бир нече жолу аракет кылган. Бирок ымыркайлардын өлүмү көп, билим деңгээли төмөн, медициналык жардам саналуу гана адамдарга жеткиликтүү болгон жакыр айылдарда адамдар Кудайга гана таянууну адатка айлантып алышкан.

Чыныгы эркек болуу үчүн ичине курт-кумурска толгон мээлей кийишет

Бразилияда жашаган Сатере-Маве индей ууруларында эркек бала 18ге толгондо ага ичи уулуу курт-кумурскаларга толо мээлей кийгизүү ырымы бар. Чыныгы эркек болуу үчүн ал мээлей менен жигит 11 саат отурушу керек, кумурскалардын чакканына чыдабай туруп кетсе, жөрөлгө кийин кайра жасалат. Сыноо учурунда жигит манжаларын да кыймылдатпаш керек. Таппасаң сыйпалап кал! Бирок көп учурда бул ырым-жырым колдун шал оорусу, манжалардын карайып калышы менен аяктайт. Анткени андай мээлей кийүү ысык чокту кармоого тете.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан