450 КИЛОГРАММДЫК УНААЛАР ЧЫГАРЫЛАТ

Швецияда салмагы 450 килограммдын тегерегин түзгөн электр унааларды сериялык түрдө чыгаруу пландалып жатат. Унаа кичине жана жеңил болгондуктан ал эмерек сымал кутуларга салынып сатылат. Бирок аны сатып алуучулар эмес, аны андай унааларды чыгарып жаткан заводдогу атайын окуудан өткөн адистер курап бермекчи. Айта кетсек автоунаа 2 орундуу. Саатына 90 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат. Алмаштырууга боло турган 16 килограммдык батареялар менен жабдылган.

Кичинекей көлөмүнө карабай айдоочуларга кооптуулук жаралбайт дешет иштеп чыгаруучулар.

АКШнын 4 штатында жерден жаракалар кетүүдө

АКШнын Аризона штатынын окумуштуулары адамдардын өмүрүнөн тынчсызданып, коңгуроо кагып жатышат. Себеби Аризона, Юта, Техас жана Калифорния штаттарында жерден узун, терең жаракалардын кеткени айкын болууда. Алардын узундугу 270 чакырымдан көбүрөөк жана дапдаана көрүнүп турат.

Жаракаларды алгач Аризонанын геологиялык кызматынын кызматкери Жозеф Кук байкаган. Рельефте мындай өзгөрүүлөр эмнеге болуп жатканынын да себебин айтып чыккан. Анын түшүндүрмөсү боюнча, жер алдындагы сууларды абдан көп сордуруп алганда суулардын орду бош калат. Үстүндөгү топурак ылдый чөгүп “отура” баштайт да, жаракалар келип чыгат. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, анда жаракалар узарып жана саны көбөйүп отуруп айыл, шаарларга коркунуч келтирет. Анткени көпүрө, плотина, трасса, үйлөр жана башкалар да кыйрап баштайт.

Эскерте кетсек, Аризонда жер алдындагы сууларга байланыштуу көйгөй 2002-жылдан бери бар.

Суу алдында 93 күн жашап, 10 жылга жашардыбы?

Америкалык окумуштуу, дайвер Жозеф Дитури эксперимент үчүн Атлантика океанынын түбүндө капсулада 93 күн жашады. Капсуланын аянты 100 чарчы метр түзөт. Эксперименттин максаты: суунун басымынын адамга тийгизген таасирин изилдөө. Жыйынтыгында ал 93 күндө “10 жылга жашарган”. Көрсө, анын организминде ДНК теломерлери 20 пайызга узарыптыр. Эскерте кетсек, теломерлер канчалык узун болсо адам аз ооруп, узак жашайт деп айтылат. Туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, стресске көп чалдыкпоо теломерлердин узун болуусун шарттайт. Радиация, тамеки, ичкилик, стресстерден теломерлер кыскарат.

Эксперимент боюнча Жозеф суунун жогорку басымы организминдеги холестериндин деңгээлин азайтканын да билдирген.

Футболчу Роналдуга 99 ирет камчы чабылабы?

Легендарлуу футболчу Криштиану Роналду ислам мыйзамына ылайык жаза алышы мүмкүн. Тагыраак айтканда, Сауд Арабиянын “Аль-Наср” футбол клубунун футболчусу Иранда беттеште жүргөндө мыйзам бузган деп маалымдалууда. Фатима аттуу ирандык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү сүрөтчү Роналдуга футбол жылдызынын фанаттары менен чогуу барып Тегерандан жолуккан. Ошондо футболчу ага өзүн кучактап, өпкөнгө уруксат берген.

Шарият боюнча никеде турбаган адам менен шынаарлашкандарга 99 балак урулат. Роналдуга кылмыш иши козголгон эмес, бирок козголушу мүмкүн деген маалыматтар тарады.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан