ТҮРДҮҮ ӨҢДӨГҮ ВИТАМИНДЕР

Акыркы учурда айланабызда чүчкүрүп-бышкырып, мурдун шуу тартып, жөтөлүп жүргөн адамдарды көп көрүп жатабыз. Канткенде вирус, оору-сыркоодон алыс болобуз? Жообу жөнөкөй эле. Колубузда турган жашылча-жемиштерди жеп иммунитетти бекемдесек болот. Түрдүү өңдөгү жашылчалар организмге ар кайсы багытта жардам берет.

Ак

Ак өңдөгү жашылча-жемиштер (пияз, ак кочан капуста, түстүү капуста, сарымсак, козу карын, картошка, имбирь жана башка) жүрөктүн, ашказан-ичегилердин иштешин жөнгө салат. Антиоксиданттар көп болгондуктан кандын курамындагы холестериндин деңгээлин жөнгө салат. Боорду тазалап, теринин өңүн жакшыртат, ар түрдүү сезгенүүлөрдүн алдын алат.

Сары, кочкул сары

Биз жеп жүргөн сары өңдөгү жашылча-жемиштердин курамында аниоксиданттар көп (сабиз, ашкабак, өрүк, апельсин, мандарин, лимон, ананас, алмурут, манго, шабдалы, сары болгар калемпири жана башка). Алар муундардын саламаттыгына жооп берип, артрит оорусунун алдын алат. Андан сырткары көздүн көрүүсүн жакшыртып, рак клеткаларынын ойгонушуна бөгөт болот, иммунитетти бекемдейт.

Кызыл

Кызыл өңдүү жашылча-жемиштер (помидор, дарбыз, кызылча, кулпунай, малина, алча, анар, алма, кызыл болгар калемпири жана башка) жүрөктүн саламаттыгын бекемдейт, артериалдык кан басымды жөнгө салат. Клеткаларды жашартып, теринин өңүн жакшыртат, сулуулуктун, жаштыктын булагы болуп берет.

Жашыл

Жашыл жашылча-жемиштер (көк чөптүн түрлөрү, брокколи, алма, киви, жашыл жүзүм, жашыл калемпир, буурчак, бадыраң жана башка) иммунитетти бекемдөөдө алгачкылардан болуп жардам берчү азыктар. Андан сырткары боорду тазалайт, организмден ашыкча шлак-токсиндерди чыгарат, ашказан-ичегилердин калыптагыдай иштешин камсыздайт. Көздүн көрүүсүн жакшыртат, сөөктөрдүн бекем болуусуна да жардам берет. Арыктагысы келгендер да жашыл жашылчаларды көп колдонушу керек. Айтор, бул өңдөгү жашылчаларды жылдын кайсы убактысы болбосун тамак-аш рационуңуздан албаганыңыз оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан