(Башы өткөн санда)
Жигит алайып аялды бир, акчаны бир карап ыңгайсыздана түштү.
– Жо...жо-ок, эже, ашыкчанын кереги жок.
– Мен сага чын жүрөктөн берип жатам, ал. Эгер өзүмө жетпей турса бербейт элем да,- аял акчаны жигиттин колуна карматты.
– Рахмат,- деген жигит акчаны четке жылдырып жерди карады. Жанатан бери аялды шаштырып жатканына уялып кетти
– Атың ким?- аял жигитке көз узатта. Аял баштапкы абалында болсо бул жигитке эки ооз да ашыкча сүйлөбөйт эле. Азыр эмнегедир ичинде башкача түшүнүксүз, ага тааныш эмес сезимдер орун алып жатты.
– Аман...
– Меники Айзада. Мхм, атым Аман де, демек. Канча жаштасың?
– 27,- жигит ыңгайсыздана телефонуна көз жүгүрттү. Жашын айтканда ал ушунчалык өзүн жаман сезе түшөт. Ушул убакытка чейин эч нерсеге жетишпегени үчүн өзүн жектейт. “Үйүм жок, унаам жок же туруктуу көп маяналуу жумушум жок, эми араң такси кызматы менен акча табам деп жүрөм же анымдан жарытылуу акча артпайт. Эл катары чет өлкөгө барып иштеп келсемби” деп ойлонот.
Аял жигиттин жүзү сумсая түшкөнүн байкады. Сөзгө алаксыткысы келди.
– Шаарда кимдер менен турасың?
– Балдар менен жашайм.
– Мм, батирди бирге ижара аласыңар да?
– Ооба.
– Кандай максаттарың бар анан?
– Үй алсам, машина алсам, бизнес баштасам... Ушул үч эле негизги максатым бар.
– Жакшы, үйлөнөйүн деген оюң жокпу?
– Жок, эже, кайдан, жашай турган үйүм жок, тапкан көп акчам жок, үй-бүлө дегенди камсыздай ала турган абалга жетип анан үйлөнбөсө, меникиндей акыбал менен үйлөнгөнчө бойдок жүрө берген жакшы го.
Аял жигиттин жүрүм-туруму, суйлөгөн сөздөрүнө карап жактырды. Ичине бир ой келди. Ал оюнан улам да бул жигитти дагы да жакындан тааныгысы келип жатты.
xxx
Шам-эл акырын түйүнчөктүн ичинен чыккан каты ача баштады. Тайтаң-буйтаң жазылган тамгалар көзүнө урунду. Дубалга жөлөнүп шалдая отуруп калды.
“Уулум, Шам-эл, качандыр бир күнү, Кудай амандыгыңды берсе, бул кат сенин колуңа тиет деп үмүт кылам. Андан көрө сени менен учурашайынчы. Жакшы жүрөсүңбү, ден соолугуң жакшыбы? Акыркы жылдары сага бара албай калдым. Төшөктө жаткан атаңды карадым. Анан минтип куруган бутум ооруп, төшөктө жатып калдым. Араң жылып эшиктин алдына чыгам. Барбай калсам унутту дедиңби? Жок, уулум, сени кантип унутайын? Канча катачылык кылсаң дагы сенин жериң жүрөгүмдүн түпкүрү, балам. Дайыма сага ден соолук, өмүр тилейм. Ошол жактан бирөө-жарым бир нерсе кылып койбосо экен деп санааркайм. Кудайга аманатсың балам. Атаңдын сага такыр барбай койгонуна таарыныч сактаба. Атаң байкуш эмне кылсын? Элден уялып сенин сотуңа да барбай койбодубу. Өзүн жеп койду байкуш атаң. Уулу жакшы болсо атанын көкөлөгөнү, жаман болсо чөгөлөгөнү дегенчелик эле болду атаңдын абалы. Атаң өмүрүнүн акыркы жылдарында таптакыр элге аралашкан жок. Ушунчалык чөгүп кетти. Анан төшөккө жатып калды. 3 жыл төшөктө жаткан атанды карап калдым. Жалгыз калтырууга мүмкүн эмес эле, шаарга барып сенден кабар алууга чолом тийбеди. Анан атаң дүйнө салды, өлөрүндө “мага уулумдан топурак буюрубаптыр” деп кейиди. Атаңдын өлүмү мага жеңил тиет беле. Ошондон бери баса албай оорум күчөбөдүбү. Таарынба, бизге, Шам-элим. Чыгарыңа дагы эки жарым жыл калды. Күн санап отурам. Күн өткөн сайын алдан-күчтөн тайып баратам. Бул катты жазып коёюн дедим. Балким, эртең дүйнө салып кетемби ким билсин?
Уулум, 15 жылың абакта, темир тор артында өттү. Чыкканыңда ал жолду кайрадан баспа. Адам түзөлөт, өзү кааласа эле түзөлөт. Коом сени өгөйлөбөйт деле, аракет кылсаң эле аралашып кетесиң. Болгону өзүңдү ошого даярда. Кеч болсо дагы үй-бүлө күтүп, түтүнүңдү булат, тукумуңду ула. Атаң экөөбүздүн элдикиндей төрт-бештен балабыз болгон жок, тукум улар эле көзгө басарыбыз сен эмессиңби. Жалгыздын жашоосу курсун, жалгыздыкты биз сезбедикпи. Жалгыздыгым жанга батканда ыр жазымишетип калам.
Караалдым ай, кандай күндү баштадың?
Карааным ай, апаң көзүн жаштадың.
Жаңылбасаң болот эле жолуңдан,
Канттиң экен, оор күндөрдү жашадың?
Сага деген бар тилегим ак эле...
Сүйүнчү элем жыттаймын деп небере,
Тилегимди кайсы күнү таш капты
Өзүңдү көрүүгө зар болбодумбу,
Анан мага кайдагы келин, небере...”- деп арманымды айтып отурам.
Ушул катты окуган болсоң, уулум өзүңдү колго ал. Сен оңолуп, турмуштан ордуңду тапсаң атаң экөөбүздүн аркы дүйнөдө сөөгүбүз агарбайбы. Жакшы жүр, уулум. Бизге куран түшүргөндү унутпа. Сенден бөлөк бизди дайыма эстеп ким куран түшүрөт дейсиң. Бизди эстээр биз курдуу ага-тууган деле калган жок. Эгер сандыкты өзүң ачкан болсоң жанында акча болот. Ушуну көп жылдар топтодум. Абактан чыккан сенде кайдагы акча болсун? Ошону жашооңо керекте. Ошол акча түгөнгөнчө жумуш таап алсаң
Шам-эл катты өөп, кайрадан саныкка салып койду. Акчаны таңгагынан чечип алды да, шкафтын эң үстүнө коюп койду. Терезени көздөй басты да, терезеден сыртты карап бир топко ойлуу турду да. Терезенин кырындагы чаңды сөөмөйү менен аарчып, үйлөп койду. Бир аздан соң сыртка чыгып короо жайын карады. Короодо баягы күтүрөгөн малдан эч нерсе калбаптыр. Мал тургай кукулдаган тоок, үрүп чыгар ит жок. Шам-эл өтө кейиди, өкүндү, “мен адамдай болсом, ушунун баары башка болот эле го” деген ой аны жемелеп жатты. Атасы өзүнө деп арнап тиккен теректерди карады, зымырап өсүптүр, бийиктиги асман тирейт. Сыбызгыган желге бир аз термелип, шуулдап айлананын тынчтыгын бузуп турат турат. Шам-эл үйүн улай жагашкан адыр өйдө басып тоо тарапка жөнөдү.
xxx
Адам баласы ичиндеги бир боштукту толтуруу үчүн бир күчүн ичимдиктен чыгарат эмеспи. Мына азыр да бир адам ичимдиктен күчүн чыгарып жаткан учур. Анын аты Дайыр. Акчалуу, бирок акчасы аны ичимдик менен баңгиден куткара албады.
– Эй, жигит, дагы бир куйчу,- колунлагы руюмканы барменди көздөй түрттү. Бармен кардарынын жүзүнө бир карады, бир топ мас болуп калганын байкады.
– Буга чейинки эсепти жаап коёсузбу?- деди жигит.
– Эй, коркпо, куя бер мени эмне төлөй албайт деп коркуп жатасыңбы төлөйм, сен болгону өз ишиңди кылсаң.
– Байке кезегим алмашат, касаны өткөрүп беришим керек туура түшүнүңүз,- деди жигит тигил кишинин чыр сала турганын алдын алып.
Капчыгынан 5 миң сомду сууруп чыкты.
– Ме, сарсанаа болбой мен каалаганча куя бер.
Аңгыча алдына күткөн арагы келди. Дароо алып ичип жиберди да колуна башын жөлөп ойлуу отуруп калды. Бир кезде барменге кайрылып:
– Музу менен виски берчи, эй, токто, стакандап отурбай мага бир бөтөлкө эле берип салчы. Ушул учурда аялы менен баласы эсине келди. Вискини колуна көтөрүп сыртка чыгып кетти. Көчөдө турган таксиге отурду да, түз эле аялын көздөй жөнөдү. Телефон чалса албасын билет, жетип келип үйдүн конгуроосун басты. Дарбаза ачылды. Кайнатасы чыкты.
– Сен эмне келдиң, арагыңды бул жактан алыс барып ич. Тур көзүмө көрүнбөй жогол,- деп эшикти тарс жаап алды.
– Ата, баламды көрөйүнчү. Кетем кайра эле,- деген үндү киши даана укса да, укмаксан болуп үйгө кирип кетти. Дайыр дарбазага жөлөнүп отуруп алды. Улам вискиден ууртап коёт...
(Уландысы кийинки санда)