АШКАНАГА КЕРЕКТҮҮ ЛАЙФХАКТАР

Үй шартында майонез жасап алыңыз. Ал үчүн 200 грамм каймакка 2 сууга бышкан жумуртканын сарысын жана 1 чай кашык горчица кошуп, жакшылап аралыштырып коюңуз. Татымына жараша туз кошсоңуз да болот. Даамдуу майонез даяр.

Камыр ачыткынын ордуна 100-200 грамм сыра же газдалган минералдык сууну колдонуп көрүңүз.

Куурулуп жаткан пиязга кумшекер упасынан бир аз себелеп койсоңуз, пияз даамына чыга түшөт.

Лимондон көбүрөөк шире сыгып алыш үчүн – лимонду алдын ала 3-4 мүнөт ысык сууга салып коюу керек. Андан соң бир тамчы шире калтырбай сыгып аласыз.

Соолуп бара жаткан көк чөптөрдү (ашкөк, жүсай, сельдерей, петрушка, жалбыз жана башка) “тирилтем” десеңиз, аларды муздак сууга салып, бир аз уксус кошуп коюңуз.

Сүттү бышырганда идиштин түбүнө тартып кетпеши үчүн идишке алдын ала 1-2 даана кант рафинадын салып коюу керек. Мындай ыкма менен бышырылган сүт көпкө сакталат.

Балык тууралган тактай, идиш жана колдо калган жагымсыз жытты лимондун же уксустун жардамы менен кетирсе болот. Ал эми сарымсак, пияз тууралгандан кийинки жытты тиш пастасы менен жууп койсоңуз бат кетет.

Котлета жасаганда жумшак нандын ордуна катырылган нанды майдалап кошуп жиберген жакшы. Анан да картошканы сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп кошуп жиберсеңиз, котлета өзгөчө ширелүү болот.

Нанды полиэтилен баштыкка сактагандан башка арга жок болсо, баштыкты ийне менен ар кайсы жеринен тешип коюңуз. Бул ыкма нандын бат эле эскирип, көгөрүп, жаман жыт чыгуусунан сактайт.

Ашканада колдонулган майлыктар бат эле жыттанып кетип жатса, жуурдун алдында 1 саатка уксус кошулган жылуу сууга чылап коюңуз. Жаман жыты кетип, жумшарып да калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан