НАНДЫН БААСЫН ООЗДУКТОО МҮМКҮНБҮ?

Учурда Кыргызстанда кымбатчылык, анын ичинде ундун, нандын баасынын кымбатташы негизги маселелердин бири болууда. Элдеги нааразычылыктан улам өкмөт жакында нандын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизген. Учурда ал көзөмөл кантип иштеп жатат? Дегеле, иштеп жатабы? Аймактарда бул жаатта абал кандай?

90 күндүк көзөмөл

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Жээналы Орозбаев нандын баасы Кыргызстан боюнча бирдей болушу мүмкүн эмес дейт. Мунун себебин, “логистика, ташып жеткирүү маселелери бар” деп түшүндүрдү ал. “Биз 90 күндүн ичинде рынокто кандай абал түзүлөрүн байкап көрөбүз. Мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында нанга коюлган бааларды сактабаса юридикалык жактарга 13 миң сом, жеке жактарга 3 миң сом айып салынат” деп билдирди Орозбаев.


Кардар нанды таразага тартып берүүнү талап кылышы керек

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Санжар Кокошеровду кепке тарттык:

– Учурда ун кайсы мамлекеттерге экспорттолууда?

– 2023-жылдын 25-сентябрынан тарта өлкөдөн унду сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынган. Азыркы тапта ун экспортко чыгарылбайт.

– Ата мекендик ун өндүрүүчү ишканаларда учурда канча көлөмдө ун бар? Алар канча убакытка жетиши мүмкүн?

– Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы, Каржы министрлиги, Айыл чарба министрлигинин ортосунда келишим бар. Ага ылайык, ар бир ири ун өндүрүүчү ишканада 3 миң тонна, кичирээктеринде 1000 тоннадан кем эмес буудайдын запасы болушу керек. Бул өлкө калкынын 3-4 айлык керектөөсүн камсыздай алат. Буудайдын жазгы, күзгү эгини болот, күзгүсү жайында чабылат. Ошондуктан азыр буудай тартыштыгы жок. Мындан тышкары, мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын 3-4 айга жетерлик запасы сакталат.

– Жөнөкөй кардар базардан же дүкөндөн нан сатып алууда таразага тарттырып, анан өкмөт бекитип берген баада акча төлөшү керекпи?

– Учурда биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Нан саткан жерлерде сертификаттан өткөн таразалардын болушу зарыл. Кардар нанды таразага тартып беришин сатуучудан талап кылышы кажет. Эгер баа биздин кызмат коюп берген баадан ашып кетсе, анда кардарлар бизге кайрылышса чара көрөбүз.

– Бөлкө жана тандыр нандын салмагы мынча граммдан, баасы мынча сомдон болушу керек деп конкреттүү стандарт киргизип коюуга болбойт беле?

– Нан сөзсүз мынча граммдан болушу керек деп талап кыла албайбыз. Нан чыгаруунун ар кандай стандарты бар.

САТУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Нандын баасына карата киргизилген мамлекеттик көзөмөл кандай иштеп жатканын билүү үчүн Бишкектеги “Ош базарына” бардым. Абал мурункудай эле, нанды таразага тартып саткан сатуучу, аны талап кылган кардар деле байкалбайт. Сатуучулардан нанды килограммдап тартып берүүнү суранганымда баары “дааналап эле сатабыз, каяктагыны айтпачы” дегендей жактырбай тиктешти. Ал эми нандын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилгени тууралуу кепти уккулары келген жок. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген айрым сатуучулар кыскача жооп беришти.

“Ооба, ошондой көзөмөл киргизилди. Бирок ал үчүн бизде тараза болушу керек, ар бир кардарга тартып берүү зарыл. Буга көп убакыт кетет. Мисалы, менин кардарларым көп. Антип тартып отурсам алар тизилип кезекке туруп калбайбы? Граммдарынан бери эсептеп башыңды оорутасың. Дааналап сатканда баш оору жок. Акчасы да так, бат эсептелет. Ошол киргизилген көзөмөл болбогон нерсе деп эсептейм. Мына, баарыбыз таразасы жок эле дааналап сатып жатабыз”.

“Таразага тартып сатуу менимче, бөлкө нанга ылайыктуу болсо керек. Анткени алар көбүнчө стандартуу өлчөм, салмакта чыгарылат. Тандыр нан ар кандай өлчөмдө чыгарылгандыктан килограммдап сатуу туура эмес”.

“Ошол көзөмөл аны чыгаргангандарга эле буюрсун! Иштебеген мыйзамды чыгарып элдин башын айлантышууда. Көрөсүңөр го, эч ким килограммдап сатпайт”.

Дүкөн, супермаркеттерде кандай сатылууда?

Дүкөн, супермаркеттерде деле нан дааналап сатылып жатат. Нан даярдаган ишканалар менен жыл башында эле дааналап сатып алуу боюнча келишим түзүлөрүн, аны буза албай турганын айтышты. Анын үстүнө тараза менен тартуу ашыкча убаракерчилик дешти.

Ундун баалары кандай?

Кыргызстанда чыгарылган 50 килограммдык 1-сорттогу 1 мүшөк ундун орточо баасы:

Чүйдө 1500-1600 сом, Ошто 1700-1900 сом, Баткенде 1900-2100 сом, Нарында 1800-2100 сом, Жалал-Абадда 1650-1900 сом, Таласта 1700-1900 сом. Ысык-Көлдө 1450 сом(45 киллограммдык).

Эльдар Абакиров, экономист: “Нандын баасы Казакстандын унунун баасынан көз каранды”

– Буудай эл аралык товар. Буудайдын түшүмү аны өстүргөн өлкөлөрдө мол болсо, баасы эл аралык рынокто арзаныраак болот. Эгер түшүм аз жыйналса, баасы кымбаттайт. Нандын баасы ундун баасына жараша коюлат да. Кыргызстанда өндүрүлгөн буудайдын сапаты төмөнүрөөк. Ошондуктан нан даярдоочу ишканалар Казакстандын унун колдонушат. Күз же кыш мезгилине карабайт, ун качан кымбаттаса, нан ошондо кымбаттай берет. Ал эми өкмөт нанга коюлган бааларды 2-3 ай көзөмөлдөй алат, бирок андан ары көзөмөлдөй албайт. Мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында нанга коюлган баалар канчалык туура экенин айта албайм. Өкмөт ал үчүн тегирменчилерди, наабайчыларды белгилүү бир баадагы буудай, ун менен камсыздап бериши кажет. Ошондо көрсөтүлгөн баа иштейт. Камсыздай албаса, ошол эле учурда коюлган бааны талап кыла берсе эмне болот? Анда ун кымбаттап кете турган болсо, нан көмүскө сатыкка кирип кетет да, өлкөдө нан тартыштыгы жаралат.

Нандын кымбатташы капчыгыңызга оордук келтирип жатабы?

Асыл Анапияева, 57 жашта, Нарын:

– Нан эле эмес башка азыктар, күйүүчү май, кийим-кече да кымбаттап жатат. Жумуш болсо жок. Минте берсе кедейлерлин саны дагы өсөт. Пенсияны көтөргөнү менен баары кымбат болуп, эч нерсеге жетпей жатат.

Таалайбек Бекназаров, 56 жашта, Жалал-Абад:

– Баары кымбаттап, бирок айлык жогорулабай, карапайым элге эле кыйын болду. Кийим-кечектен тартып, бардык товарларын баасын өкмөт көзөмөлдөсө жакшы болмок. Нан килограммдап сатылат дегенин эл болбогон нерсе катары кабыл алууда.

Айсулуу Садирова, 47 жашта, Баткен:

– Ун, нандын кымбатташы көп балалуу, үй-бүлөсүндө майып адамы барлардын абалын оорлотту. Баарын акча, кийим, дары, тамак-аш менен камсыз кылуу ансыз деле аларга кыйын болуп жаткан. Сатуучуларга таасири жок, алар баары бир үстүнө кошуп сата беришет.

Үсөн Токтосунов, 65 жашта, Жалал-Абад:

– Сырттан ташылган ундун баасын көзөмөлдөө кыйын, доллар менен эсептелинет. Андыктан жергиликтүү ишканалардан чыгарылган ундун баасын кымбаттатпай кармап туруш керек. Айылда иш жок, бизнес кылгандар аз, ошого ун, нандын кымбатташы капчыктарга күч келтирүүдө.

Анара Исакова, 59 жашта, Ош:

– Эт, каймак жана сары май сыяктуу азыктарга каражаты жетпеген карапайым адамдар ун менен эптеп жашоосун өткөрүп жатышкан. Эми ун, нан кымбаттап, шайы кете баштады. Өкмөт арзан ун менен бардык аймактарды камсыздаса жакшы болот эле.

Айнура Абдрахманова, 52 жашта, Ысык-Көл:

– Нан, ундун кымбатташы чөнтөккө оордук келтирүүдө. Айылда акча жок, алма, картошканын түшүмүнөн эле акча таппасак. Ал да балдардын керектөөсүнө кетип, жетпей да калат. Өкмөт баалардын өсүшүн алдын-ала болжолдоп кармап турушу керек эле.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан